КТРК Байкоочу кеңешинин тагдыры арсар

Жогорку Кеңеш КТРК тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алып, анын Байкоочу кеңешин таратуу-таратпоону токтом менен чече турган болду.
“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү долбоорунун мурдагы мыйзамдан 3-4 айырмачылыгы бар. Мурдагыда кыргыз тилиндеги радио, телеберүүлөр 30 пайыздан кем болбосун деген болсо, азыр аны 60 пайызга көтөрүү талабы айтылууда. Андан башка телерадио берүүдө атамекендик өндүрүштөн чыккан телерадио продукциялар 70 пайыздан кем болбосун, жаштар, балдар жана элге билим берүүгө байланыштуу берүүлөр 30%, балдарга, аларды патриоттук духта тарбиялоого жана билим берүүгө арналган берүүлөр 30 пайыздан кемибесин деп жазылган.

БК тагдыры экинчи окууда чечилет
Президенттик шайлоо алдында КТРКны кайсы бир саясий күчтөр колуна алгысы келип аткандай болуп атат. Жедигер Саалаев

Мындай өзгөртүүлөргө депутаттардын көбү жана Коомдук телеканалдын жетекчилиги деле каршы эмес. Бирок мыйзамдагы негизги талаш-тартышты жаратып жаткан маселе КТРКнын Байкоочу кеңешинде, тактап айтканда ал тарайбы-тарабайбы деген маселеде болууда.

КТРКнын азыркы Байкоочу кеңешин таркатуу же мөөнөтү бүткүчө иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү маселеси атайын токтомдун негизинде чечиле турган болду. Бул тууралуу мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Каныбек Иманалиев мындай дейт:

- Аны экинчи окууга алып келебиз. Ошондо чечилет. Экинчи окууда азыркы Байкоочу кеңештин мөөнөтү боюнча биргелешкен токтом даярдайбыз.

КТРди көз карандысыз телерадиокомпанияга айлантуу аракети 2005-жылдагы март окуяларынан кийин башталып, бирок аягына чыгарылбай калган. 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин Убактылуу өкмөттүн чечими менен КТР Коомдук телерадиокорпорацияга айлантылып, үч жылдык мөөнөт менен 15 кишиден турган Байкоочу кеңеш түзүлгөн.

Укуктук эмес, саясий чечим

Медиа коомчулук мыйзамдын кабыл алынышын телеканалдын “коомдук” даражасын жок кылып, кайра мамлекетке баш ийдирүү аракети катары сыпаттоодо. Байкоочу кеңештин өкүлү Жедигер Саалаевдин айтымында, бул саясий чечим болуп калды.

- “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” жобону шашып-бушуп мыйзамга айлантуунун зарылчылыгы деле жок болчу. Андан башка канчалаган маанилүү маселелер турат. Президенттик шайлоонун алдында медиа ресурстардын эң башкысы болгон негизги кнопканы, КТРКны кайсы бир саясий күчтөр колуна алгысы келип аткандай болуп атат. Буга корпорациянын ишине же Байкоочу кеңештин ишине нааразылыктар айтылып, олуттуу себептер болсо бир жөн эле. Бул кызык, шашылыш чечимдер болуп атат. Албетте бул саясий чечим, сөз эркиндигине түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн.

Буга чейин КТРКнын эмгек жамааты өлкө жетекчилигене кайрылып, мыйзам долбоору ЖК комитетинде алар берген сунуштарды эске албай кабыл алынганын айтышкан. Кээ бир серепчилер мыйзам чукул убакытта каралып калды дешет. Ошону менен катар мыйзамдын кабыл алынышын келаткан президенттик шайлоого да байланыштырышууда.

Анткен менен ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков мындан саясат издөөнүн кажети жок экенин белгиледи:

- Бүгүнкү күндө саясатташтырып, Байкоочу кеңеш калабы, башкы директор калабы, калбайбы бул жөнүндө эч кандай саясат болбошу керек. Татыктуу болсо мыйзам кабыл алынгандан кийин добуш берүү менен Байкоочу кеңеши дагы калыш керек. Добуш берүү менен башкы директор дагы мыйзам чегинде болуш керек. Айрым депутаттар айткандай, декретке ылайык Байкоочу кеңеш мөөнөтүнө чейин иштесин деген болбойт. Келгиле мыйзамдын тегерегинде иштейли.

Бир кадам алга, эки кадам артка

“Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев эгер Байкоочу кеңеш таратылып калса, алар баштаган реформалар аягына чыкпай калат деп кооптонууда.

- Мыйзамдын болушу деле бир четинен жакшы, туруктуу бир мыйзамдын алкагында иш алып барганга. Бир гана мыйзамдын алкагында Байкоочу кеңештин курамын кайра түзүү маселеси каралса, анда бир топ кыйынчылыктар болот. Учурдагы Коомдук телеканалда болуп аткан реформалардын ишке ашырылышына чоң тоскоолдук болот. Эгер саясий оюндар ойноп кете турган болсо, анда сөзсүз маалыматтар бир беткей да болуп калышы ыктымал.


Аталган мыйзам долбоорго ылайык, Байкоочу кеңеш кайра түзүлүп, КТРКнын башкы деректири кайра тандалышы керек. Ал эми байкоочулардын үчтөн бирин парламент көрсөтүүгө тийиш. Жобо боюнча мыйзам 3 окууда кабыл алынат. Ошентип Коомдук телеканалдын азыркы Байкоочу кеңешинин тагдыры жарга илинип тургандай акыбалда калды. Ал эми келерки апталарда аталган мыйзам коомчулук талкуусуна коюлат.