Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Чыныбай Турсунбеков: КТРКнын макамы өзгөрбөш керек


СДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешин кайра түзүү, аны мамлекетке кайтаруу демилгелерин туура көрбөйт.

“Азаттык”: Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешин кайра түзүү демилгеси көтөрүлгөндөн кийин маселени ЖКнын маалымат боюнча комитети карамай болду. Депутаттар арасында Коомдук телеканалды кайра мамлекеттикке айлантуу керек дегендер бар дешет. Ошол себептүү медиа тармагындагы адистер “кайра мурдагы абалга түшпөйбүзбү” деп чочулап атышат. КСДПнын апрель окуясына чейинки бирден-бир талаптарынын бири - дал ушул каналды коомдук кылуу болчу. Фракция бул маселени карадыбы?

Чыныбай Турсунбеков: Ачыгын айтканда бул маселе боюнча коомго көрүнүп калган айрым бир журналисттер кат жазып, атайын жанагы Байкоочу кеңеш туура эмес болуп калган, өкүлдөрү туура эмес бекип калган деген сыяктуу маселелерди көтөрүшкөн экен. Биздин фракция бул маселени көтөргөн жок. Бир нерсени эске алыш керек, биздин Социал-демократиялык фракциянын бул маселе боюнча позициясы дайыма бекем. Бекем дегеним, биз дал ушул “коомдук телеканал болсун, телеканал ар качан бир тараптуу болуп бийликтин гана максаттарын колдоп келатат” деп айтканбыз 7-апрелге чейин. Ошонун негизинде президенттин жарлыгы менен 2010-жылы Коомдук телеканал болуп кайра түзүлгөн. Азыр ошо Коомдук болуп иштеп келатат.

Ал эми жанагыдай сөздөр албетте бар Жогорку Кеңеште да. Мамлекетке кайтарабыз ж.б. дегендер жүрөт. Албетте 120 депутат ар түрдүү болот. Алардын арасында “депутаттарды ар дайым мактай турган, сын пикир айтпай турган, депутаттардын кызыкчылыгын жылдыра турган канал болсо” деген тилектегилер бар экени, күчтөр бар экени көрүнүп турат. Ошондон улам кээ бир депутаттар айрым журналисттердин кайрылган маселесин колдоп атышат.

Биздин фракцияда бул маселе талкуулана элек. Анткени бул маселе бизге жете элек, жаны эле чыга баштады. Бирок менин терең ишенимимде, биздин фракциянын депутаттары эптеп жеткен нерсеге кыянаттык кылбайт. Муну биз демократиялаштыруу процессинин негизги көрүнүштөрүнүн бири катары карайбыз. Ошондуктан биз Коомдук телеканал бойдон калышын колдойбуз деп эсептейм. Анткени коомчулуктун талабы ошондой, бүгүнкү өлкөдөгү өнүгүүнүн, демократиянын талабы да ошондой. Бир тараптуу бийликтин гана кызыкчылыгын чагылдырган мамлекеттик каналдын кереги жок. Коомдук бойдон гана калышы керек.

“Азаттык”: 18-январда парламент төрагасы Акматбек Келдибеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, КТРК сыяктуу маселелерге келгенде декрет дегенди унутуш керектигин, бардыгы мыйзам боюнча жүрүш керектигин айткан. Дегеле Убактылуу өкмөт чыгарган декреттер кайра каралып, кокус жокко чыгып кетсе КТРК баштаган революциялык өзгөрүүлөрдүн бардыгы жокко чыгып калбайбы? Ушундай чочулоолор бар. Буга КСДПнын мамилеси кандай?

Чыныбай Турсунбеков: Төрага ушул маселени кандай максат менен айтканын билбейм. Бирок бир нерсени айтып коюшум керек. Эгерде биз бүгүн декреттерди ревизялоону баштасак, анда биротоло 7-апрелдин жемиштерин да жокко чыгарышыбыз керек. Анда анын түшүмдөрүнүн бир көрүнүшү болгон Жогорку Кеңештин өзүн да жокко чыгарыш керек. Анткени Жогорку Кеңеш да ошондой декреттердин, аракеттердин негизинде келип, референдумга жетип, референдумдан кийин кабыл алынган баш мыйзамдын негизинде келип атат. Мына ошондуктан парламенттин бүгүнкү күндө иштеп атканы да 7-апрелдин түшүмү. Мына ошондуктан ушуну эске алып анан бул маселени караш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG