Ошто экстремисттик топтор күч алууда

Ошто диний кырдаалга байланыштуу өткөн жыйын.

Ош облусунда Сирия согушу от алгандан бери радикалдык маанайдагы топтордун активдешүүсү күч алган. Адистер диний кырдаалдын кооптуулугун имамдардын билиминин тайкылыгы менен байланыштырууда.
12-мартта муфтий, казыят кызматкерлери, Ош облусундагы имамдар, жергиликтүү бийликтер жана күч органдары катышкан жыйын Ош шаарында өттү. Анда аймактагы диний кырдаалдын оорлоп баратканы айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков учурда Оштогу диний абал оор экенин ортого салды:

- Иликтөөлөр көрсөткөндөй облус аймагындагы диний кырдаал оор акыбалда. Элибиздин салттуу диний түшүнүгүн, калыптанган Ханафий масхабынын позициясынын начарлашы облустагы диний кырдаалды оорлоштуруп жатат. Ошто жайылып жаткан салафизмдин жихадчыл такфиристтик агымы коомдук жана саясий абалды олку-солку кылууга толук шарт түзүшү мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Ош облусунда Акрамия, Вахабий, “Хизб-ут Тахрир”, Өзбекстан ислам кыймылы сыяктуу радикалдык багыттагы топтордун 400гө жакын мүчөсү бар.

Курбаналы Узаковдун белгилешинче, Ош аймагындагы диний кырдаал коомчулукту кабатыр кылууда:

- Кийинки убакта жаштар проблемасын чечүүнүн бир жолу катары диний радикализмди кабыл алууга аракет жасашып, радикал ислам чакырыктарга азгырылууда жана олуттуу мыйзам бузууларга барып жатат. Ош облусунда түзүлгөн диний кырдаалга тынчсызданган коомчулук, интеллигенция өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар республиканын жетекчилерине, күч органдарына кайрылуу жасап, улуттук баалуулуктарды басып келе жаткан “арабдаштыруу” процессине бөгөт коюш керек деп талап кылышууда.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев мындай абал диниятчылардын билиминин тайкылыгынан улам түзүлгөнүн белгиледи:

- Урматтуу имамдар, кечиресиздер, тилекке каршы көбүбүз масхаб эмне экенин билбейбиз. Эгерде биз өзүбүз билбесек, элге эмнени түшүндүрөбүз? Бүгүнкү болуп аткан экстремизм, терроризм, жаштардын радикалдашуусу, Сирияга чыгып кетүүсү бардыгы диний сабатсыздыктан улам орун алууда. Эгерде өзүнүн динин, өзүнүн масхабын жакшы билгенде буга окшогон жаман нерселерге кабылбайт элек.

Ал эми мечит имамдары болсо өздөрүнүн билиминин жетишинче салттуу ислам дини боюнча калкка маалымат жеткирип жаткандыктарын айтышат. Чоң-Алай районунан келген имам Пайыз Мамажусупов мечиттен сырткары, мектепке да барып диний агартуу аракетин кылып жатканын айтты:

- Мечиттерге көп адам келет. Ал жерде элге болушунча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мамлекет, дин, азыркы болуп жаткан окуялар тууралуу туура маалымат жеткирүүгө аракет кылабыз. Мындан сырткары мектептерде атайын бир жолугушууларды уюштуруп, 8-класстан жогорку окуучуларга туура багыттарды үйрөтүп жатабыз. Жаштарды көбүнчө ата-бабабыз тутунуп келген диний багытты, салттуу исламды карманууга үгүттөйбүз.

Бирок ошого карабай Ош облусунда жана Ош шаарында диний экстремисттик уюмдардын активдешүүсү күн санап байкалууда дешет күч органдары. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул нерсе өзгөчө Сирия окуяларынан кийин күч алган:

- Биздин мыйзам боюнча диний экстремисттик уюмдар деп табылган уюмдар, алардын аракеттери Сириядагы окуядан кийин Ош аймагында активдеше баштаганы байкалган. Мурда алар баракчаларды, дисктерди таркатуу менен иш кылып жаткан болсо, учурда интернет аркылуу аракеттерин активдештирип жатышат. Алар виртуалдуу дүйнө аркылуу жихад кылабыз, халифат курабыз деген сыяктуу чакырык ташташат. Анын ичинде уюлдук телефондор, социалдык тармактар аркылуу ар кандай экстремисттик маанайдагы маалыматтарды жөнөткөн учурлары жашыруун эмес.

Күч органдары маалымдагандай, Ош шаары жана Ош облусунан 32 адам Сирияга кеткени аныкталды.

- Диний экстремисттик кырдаал Ош облусу жана Ош шаары боюнча негизинен туруктуу. Бирок бир жагынан кооптуу деп айтса да болот. Кооптуу дегенибиз былтыркы жылдан баштап биздин жарандарыбыз Сирияга аттанып жаткандыктары тууралуу маалыматтар көп келип түшө баштады. Кыргызстандын 54 атуулу ошол жакка кетти деген маалымат бар. Ош шаары жана Ош облусу боюнча Сирияга кеткендердин отуз экисинин даректери катталды. Бүгүнкү күндө калгандары боюнча да атайын оперативдүү аракеттер жүрүп жатат, - деп билдирди Жеңиш Ашырбаев "Азаттыкка".

Өткөн айда УКМК тарабынан Кара-Суудан Сирияга кеткени жаткан 7 адам кармалган. Алар Кыргызстандын аймагында террордук аракеттерге барууга аракет кылган деп шектелүүдө. Колго түшкөн топтун жетекчиси имамдын орун басары болуп иштеп келгендиги да коомчулукка белгилүү болду.

Аймактагы диний жагдайды талкуулаган жыйында мындан башка Ошто мечиттер көбөйүп кеткени, ажылык маселеси тууралуу да сөз болду.