Кара-Суу районуна караштуу Беш-Үй участкасына үй салуу үчүн жалпы 88 барактык тургунга жер бөлүнүп берилсе, калганы дагы тилке алуу үчүн документ даярдап жатат. Бул конуштун инфраструктурасы эки жыл ичинде толук бүткөрүлөрүн бийликтер убада кылууда. Барактыктарды болсо кыжаалат кылган нерсе - Өзбекстандын ичинде калган эксклавдын жери эмне болот деген суроо. Расмийлер бул маселе да оң жагына чечилерин, Барак Өзбекстанга өтүп кетпей турганын айтууда.
Барактык тургундардын бири Абдраим Субанов Беш-Үй участкасына үй куруу үчүн темир-арматура жана шагыл-таштарын түшүрдү. Быйыл кышка дейре ал үйүнүн пайдубалын бүткөрүп алса, кийинки жылдан калганын тикелөөгө баш урмакчы:
- Бизге 8 сотыхтан жер берилди. Өкмөттөн тартып, документтерин толук бүткөрдүм. Анан быйыл кышка дейре кичине болсо да ишимди жылдыра берейин деп, азыр усталарымды алып келдим. Арматура, таш-паштарымды төгүп жатам. Өзүм болсо Ош шаарында батирде турам. Бул жакка келип-кетип эптеп иш кылабыз эми. Мен азыр цементке эле 86 миң сом жумшадым. Ушул жумадан баштап ссуданын 50 миң сомун берет деп жатышат. Аны алсам уста акыларына берет окшойм. Башкалар да эми келип курабыз деп жатышат.
Субановдон башка дагы бир тургун пайдубалын бүтүрүп салган. Калгандары быйылча каражаттары жетишсиздиктен улам курулуштарын баштай албай калышкандай. Өкмөт тарабынан берилет делген 200 миң сом акча азырынча алардын колдоруна тие элек. Анүстүнө ал бир үйдү курууга жетчүдөй деле эмес:
- Чынында бизге аябай оор болчудай. Азыр барактыктардын баары ар жерде батирде, туугандардыкында сагалап жүрөт. Тапкан кирешелеринин, топтогон дүнүйөлөрүнүн баары анклавда калды.
Жаныбызда күнүмдүк тамак-ашыбызга жете тургандай эле акчабыз бар. Ушунун баарын эске алып, өкмөт бизге бир кылка кылып, кичинекей болсо да үй салып берсе болмок. Түз айтканда, же үй салып берсин, же Барактагы үйүбүзгө жол ачып берсин. Өкмөт берген 200 миң сумма пайдубалды курганга араң жетет. Андан башка акчаны биз кайдан табабыз? Ушундай оор кырдаалда мамлекет бизди жөлөбөсө анан качан жөлөйт? -дейт дагы бир барактык тургун Дилшад Шерматов.
Орусиядан келген гранттын эсебинен 155 млн. сомдон ашык каражат Барак эксклавынын жашоочуларын көчүрүп чыгууга бөлүнгөн. Анын 30 млн. сому тургундарга жөлөк пул катары берилмек. “Азырынча ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ашык ссуда бере албайбыз”, - дейт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков:
- Жалпы 157 үй-бүлөгө ссуда берилет. Азыр Барактын 106 жашоочусунун аты-жөнү такталып, өкмөткө жөнөтүлдү. Акча банкка түшө баштайт. Ким үй сала баштаса, ага этап-этап менен 50 миң сомдон бөлүп-бөлүп берилет. Албетте 200 миң сом аз, бирок андан ашыкча берүүгө бюджеттин чама-чаркы жетпейт. Акча өзү Орусиядан келген гранттан болуп атса, анан биз башка акчаны кайдан тапмак элек. Ошентсе да биз өкмөткө бул маселени коюп жатабыз. Алгач ушул 200 миң сомду алып, курулуш иштерин баштай беришсин. Калганын анан дагы көрөбүз.
Сары-Колоттон барактыктарга деп жалпы 18 гектар кайракы жер бөлүнгөн. Ушу күнгө карай Кара-Суунун Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасынан барактыктардын 88ине жер участогу бөлүнүп берилди. Дагы 69 үй-бүлөнүн документтери даярдалууда. Учурда участокко электр тартуу жана жол салуу иштери жүрүп жатат. Баардык инфраструктура кеминде эки жыл ичинде бүткөрүлөт дешет бийликтер.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Асылбек Жамшитов “Азаттыкка” мындай деди:
- Азыркы күндө биз Сары-Колоттун курулушу боюнча 30 млн. сом акча алдык. Жол, суу чыгаруу жана электр линияларын тартуу, столба орнотуу иштерин баштадык. Азыр Беш-Үй участкасына чейинки жолдорго шагыл төгүлдү. Кышка дейре ички кварталдык жолдорго таш төшөп бүтөбүз. Инфраструктура 2015-жылы бүтөт. Андан кийин оорукана, мектеп жана башка социалдык жайлар болуп, 2016-жылдары ишке берилип калат деген план бар.
Канткен менен барактыктарды кабатыр кылган башкы нерсе - Өзбекстандын ичинде калган экславдын кийинки тагдыры. Тургундар белгилендей, ал жерде 200 гектар жер болсо, анын 170и сугат айдоо аянты. Эксклавга же коридор ачылбагандан кийин, же кирип-чыгууга мүмкүн болбогондон кийин ал жерди коңшу өлкө менен алмаштырып жиберүү керек деген барактыктар да бар. Таза болбосо айылды үчүнчү өлкөнүн кийлигишүүсү менен чечүү керек дейт айласы кеткен Барактын тургуну Дилшад Шерматов:
- Эгер жерди же нары, же бери кылып чечүүгө мүмкүн болбосо, чек ара ачылбайт дешсе, анда Баракты Өзбекстандын башка жери менен алмаштырып жибериш керек. Анан бизге компенсация төлөп берип, же башка жерде үлүш беришсе болот. Эгер ага да болбосо, ушу эки коңшу мамлекет өзүнүн маселелерин чече албаса, анклавды Орусияга берип коюш керек, же сатып жибериш керек. Күйгөндөн улам ушуну айтып атам да. Ошондо балким ушу көйгөй чечилеттир. Ансыз Өзбекстандын бийликтери менен сүйлөшүүгө биздин бийликтин эрки да, күчү да жетпейт окшойт. Кыргыздар качанга чейин өз айылына кире албай, качып жүрө берет.
2011-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, барактыктарды Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасына көчүрүү чечими кабыл алынган. Андан кийин айрым эксперттер жана саясатчылар барактыктарды көчүрүп чыгуу улуттук кызыкчылыкка каршы келерин айтып, бул аракет өз ыктыяры менен жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү экендигин көтөрүп чыгышкан.
Бирок бийликтер Барак экславы эч кимге берилбей тургандыгына ишендирүүдө. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков айылга жол келечекте ачылат деп ишенет:
- Баракта бир да үй бузулбайт, бир да жер Өзбекстанга өтпөйт. Анклавды эч ким албайт, ал эч кимге сатылбайт. Болбосо биз барактыктарды бул жакка көчүрүп чыкпайт болчубуз. Ал боюнча эми сүйлөшүп атабыз. Чек ара деле ушинтип жабылып тура бербейт да. Ачылат, каттоого мүмкүн болуп калат. Ошондо барактыктар бул жактан, каттап, жерлерин иштете беришет. Барак айылы негизи ыңгайлуу, суулуу, жакшы жерде жайгашкан. Андай жерди эч кимге алдырбайбыз. Барактыктар бул жакка көчүп келишкен менен, каттоосу ошо жакта эле кала берет.
Барак Кыргызстандын Өзбекстандагы анклавы. Кара-Суу районуна караштуу аталган айыл беш чакырым ичкери коңшу өлкөнүн аймагында жайгашкан. Өткөн жылдагы чек ара чатактарынан кийин Өзбекстан айылдын чек ара өтмөгүн жаап койгон. Ошол себептүү анклав тургундары Кыргызстанга келип-кетүүдөн кыйналышып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү суранып келген.
Баракта буга чейин 200дөй кожолук жашачу. Учурда анда болгону 27 үй-бүлө, же болбосо 130дай гана адам калды. Азыр барактыктар 5 чакырым аралык жол үчүн Кызыл-Кыя аркылуу айланып, 400дөй чакырым жол менен катташууда.