Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Оштун көйгөйүн чечүүгө орус акчасы жумшалат


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Ош шаарында. 18-июль.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Ош шаарында. 18-июль.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Оштун кыштан аман чыгып кетүүсүнө Орусиядан келген 30 млн. доллардын баары сарпталарын аймактагы иш-сапарында ачык айтты.

Премьердин айтымында, бул каражат электр тармагын чыңдоого керектелмекчи. Анткени Токтогул ГЭСинде суу аз, быйыл кышта энергия жетишсиз болору, бул газсыз отурган Ошко оорчулук жаратаары иш-сапарда айтылды. Ошентсе да учурда аймакта суюлтулган газды таркатуу иштери күч алды.

Же көгүлтүр оту жок, же ага кетчү акчасы жок отурган Ош шаары алдыңкы эки жылда негизинен электр менен гана күн өткөрөөрүн түшүндү. Бирок ошол электрдин өзү да көйгөй болчудай. Ошол себептүү, "Ош шаарынын жана Ош облусунун кыштан чыгып кетүүсүнө Орусиядан келген гранттын баары жумшалат",- дейт премьер-министр Оторбаев:

- Тилекке каршы, быйыл Токтогул ГЭСинде суу абдан аз. Элге ачык эле айтышыбыз керек, суу аз болгондон кийин электр баарыбызга жетпейт. Бул бир. Экинчиден, Өзбекстан бизге газды бербей жатат. Кышка чейин берет, бербейт деген ар кандай ойлор бар. Бирок биз баары бир газдын жоктугуна даяр турушубуз керек. Ошол себептүү колдон келген нерселердин баарын эске алуу менен элибиздин кыштан жылуу-жумшак чыгып кетишине шарт түзүүбүз зарыл. Демек биз электр энергияга приоритет берип, ушул тармакты бышыктап алышыбыз кажет. Ушулардын баарын эске алуу менен президент Орусиядан алган 30 млн. доллар грант акчаны биз азыр толугу менен Ошко жумшайбыз.

Премьер-министр Оштун жылуулук борборунда.
Премьер-министр Оштун жылуулук борборунда.

30 млн. доллар, кыргыз акчасы менен 1,5 млрд. сом болот. Анын ичинен 261 млн. сом электр тармагын чыңдоого, станцияларды кубаттоого, линияларды жана трансформаторлорду алмаштырууга жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга керектелет. Ош шаарындагы эстакада көпүрөнү бүткөрүүгө болсо ушул эле акчадан 669 млн. сом каралган.

Калган 555 млн. сом каражат калаа жакасындагы Кең-Сай массивин курууга жана Барак анклавынын жашоочулары көчүп келген Сары-Колот айылынын инфраструктурасын тургузууга жумшалат.

- Өткөн жылы Ошто электр колдонуу пландан 20% ашыкча аткарылган, быйыл болсо ал 40% ашыкча колдонулат деген божомол бар. Андай болгон күндө Ош шаарынын электр энергия тармагы толугу менен талкаланып калышы мүмкүн. Бул боюнча Ош шаардык кеңеши жана шаар мэриясынын сунушун карап чыгып, колдоого алдык. Биз биринчи кезекте, техникалык каражаттарыбызды, электр линияларыбызды, трансформаторлорду бекемдеп алышыбыз кажет. Анан албетте, электр энергиясын сарамжалдоого аракет кылуубуз зарыл. Бул үчүн энергияны көп пайдаланып жаткан 5 чоң бюджеттик органдар толугу менен көмүргө өтөт. Жер үйлөр да негизинен көмүргө өтүшү зарыл. Аларга көмүрдү өз наркында сатуучу жайлар уюштурулат. Көп кабаттуу үйдөгүлөр кышкысын электр мештер менен чыгат, биз аларга токтун күчүн көбөйтүп берүү менен жардам беребиз, - деди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев:

Ош жылуулук борбору.
Ош жылуулук борбору.

Канткен күндө да суюлтулган газ менен Ош шаарын камсыз кылуу маселеси унутта калган жок. Бирок аны менен камсыз кылууну негизинен жеке менчик ишканалар аткарып жатат. Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу мындай деди:

- Ош шаарында учурда суюлтулган газ боюнча “ЭлГаз” жана “Интергаз” деген жеке ишканалар иштеп жатат. Алар көгүлтүр отту сатуучу жайларды куруусуна биз шарт түзүп бергенбиз. Буга чейин суюлтулган газ менен камсыз кылуучу үч эле жай болсо, бүгүн алардын саны 8ге жетти. Күзгө чейин 20 жерде сатыла баштайт. Газ баллондорду болсо элге карызга берип турат. Башкача айтканда, колдонуучу газ баллонду күрөөгө алып иштетип тура алат. Биз мындан сырткары Ошто 14 көмүр сатуучу жайды уюштурабыз. Анда көмүрдүн баасы өз наркынан кымбат сатылбайт.

Учурда аймакта 60 миңдей газ абоненти бар. Алардын 30 миңден ашыгы жеке турак-жайлуу. Алардын баары суюлтулган газга өтсө, 16 миң тоннанын тегерегинде көгүлтүр от керектешээри белгилүү болду. Ал ашыгы менен бар дешет бийликтер.

Жашоочулар да электрди чыңдоо менен кошо суюлтулган газды да сөзсүз камсыз кылып турса деген пикирде. Ош шаарынын тургуну Гүлнура Нурдинова:

Электр линиясы. Ош.
Электр линиясы. Ош.

- Чынында келээрки кыш Ош шаары үчүн өтө оор болчудай. Мен билгенден азыр эле электр элдин колдонуусун көтөрө албай, жарык өчүп жатат. Канчалык оңдошпосун, канчалык аракет кылышпасын, калаада кышкысын дээрлик электр жок болот. Жылуулук түйүнүнө туташтырылгандар болсо, эптеп күн өткөрүшөт, үйүндө жарыктан башкасы жоктор тоңуп өлүп калышат го. Ошого биринчи кезекте, албетте, суюлтулган газды кымбаттатпай кармап турушса. Азыр анын 10 килограммынын баасы 600 сом болуп атат. Муну да арзандатуу керек деп ойлойм. Эртең кышта бул 1000 сомго чейин кымбаттап кетет го.

Президент буга чейин аймакты суюлтулган газ менен камсыз кылууга 5 млн. доллар бөлүнгөнүн айткан. Кийин Ош шаардык кеңеши жана шаардык мэрия суюлтулган газдын ордуна, калаадагы электр тармагын жаңылап алууну өкмөткө сунуштаган. Эми өкмөт башчы болсо бул сунуштар кабыл алынганын айтып, жалпы 30 млн. доллар аймакка бөлүнгөнүн ырастады.

“КыргызГаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин, келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүнү токтоткон.

Өкмөт башчы иш-сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине жана Камбар-Ата-1-2 ГЭСтеринен кабар алмакчы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG