Өзбекстан ислам кыймылынан Кыргызстанга коркунуч барбы?

Өзбекстан ислам кыймылынын жаңы жетекчиси Усман Адыл.(Сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз.)

Айрым маалыматтар боюнча, июнь коогалаңынан кийин Өзбекстандын түндүк, Кыргызстандын түштүк аймактарында динсиздердин өкмөтүнө каршы жихадга чыгууга чакырган видео-тасмалар, баракчалар пайда болду. Кыргызстандын күч кызматтары мындай маалыматтарды жокко чыгарууда.

Айрым серепчилер Борбор Азия мамлекеттеринин жүргүзгөн саясаты, репрессия, коррупция, адилетсиздик түрдүү радикал уюмдардын күчтөнүүсүнө, карапайым эл тарабынан колдоосу көбөйүүсүнө алып келүү коркунучу бардыгын айтышат.

Өзбекстан ислам кыймылы Кыргызстанда барбы?

Быйыл Кыргызстанда болгон июнь коогалаңынан кийин Өзбекстан ислам кыймылы кайра жанданды, бир жыл мурун өлгөн Тахир Юлдашевдин өлүмүн ачыктап, анын ордун Усман Адыл аттуу жаңы лидердин ээлегени кабарланганы кыймылдын кайра жанданганынан кабар берет деп тынчсызданган маалыматтар пайда болгон.

Өзбекстан ислам кыймылынын мурдагы жетекчиси, маркум Тахир Юлдаш


Кыймылдын жаңы лидери Кыргызстандагы июнь окуяларын динсиздер өкмөтү жасады деп айыптап, айыпсыз мусулмандар кырылганы үчүн динсиздерге жихад жарыялаганын кыймылдын интернеттеги баракчасына шилтеме кылып, бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андан көп өтпөй, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Өзбекстан ислам кыймылынан коркунуч бардыгын мойнуна алганын “БорборАзия интернетте” агенттиги жазып чыккан.

Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү, жашыруун уюмдары Кыргызстанда болушу ыктымалдыгын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов четке какпайт:

Марат Иманкулов


- Кыргызстанда бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ошондуктан, алардын ар кандай аракеттерин жокко чыгаруу аракеттери дайым жүрүп келет. 2006-жылы Өзбекстан ислам кыймылынын кээ бир топторун Ош, Жалал-Абатта таап, жок кылганбыз. Азыр деле таптакыр жок деп айта албайм, бирок алардын үстүнөн биздин күч кызматтары иштеп жатышат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кандай гана кыймыл болбосун, алардын ишмердүүлүгүн жокко чыгарууга күч кызматтарынын күчү жетээрин да кошумчалады.

Өзбекстан ислам кыймылынан кандайдыр бир деңгээлде коркунуч бар деген пикирлерге Коопсуздук кызматынын ардагери Иманберди Жалилов да кошулат. Анын пикиринде, кыймыл алсызданып калды деген туура эмес, тескерисинче алар максатын, буга жараша аталышын да кеңейтип алышты:

- Өзбекстан ислам кыймылы деген азыр жок. Алар 2002-жылы башка аталышка Түркстан ислам кыймылы деген аталышкан өткөн. Алар бир эле Өзбекстандын бийлигин кулатууну эмес, Борбор Азиядагы мамлекеттерде туруксуздукту пайда кылып, жалпы аймакта борборлоштурулган Ислам мамлекетин түзүүнү көздөшөт. Буга аймактагы элдин жакырчылыгы, сабатсыздыгы, элдин социалдык жактан корголбогону абдан жакшы өбөлгө болуп бериши толук ыктымал. Анын үстүнө биздин аймакка баңгизаттын очогу болгон Ооганстанга жакындыгы да чоң бир себеп болуп бере алат. Ушундай коркунучтар бар.

Иманберди Жалилов бирок Кыргызстандагы июнь коогалаңынын артында бул кыймыл турат деген пикирлерге кошулбайт.

"Аймактагы ички саясат радикал уюмдардын күчөшүнө шарт түзөт"

Орусиялык серепчи Виталий Пономарев Өзбекстан ислам кыймылы Түркстан ислам кыймылына айланды деген маалымат туура эмес деп белгилейт. Анын айтуусунда, Түркстан ислам кыймылынын Фергана өрөөнүнө тиешеси жок, бул кыймыл Кытайдагы мусулмандар – Уйгурлардын кыймылы. Ал Өзбекстандын ислам кыймылы акыркы убактарда кандайдыр бир чоң жардырууларды жасаган жок, ал эми быйыл сентябрь айында Тажикстандын Рашт өрөөнүндө болгон окуялар ички чыр-чатактын натыйжасы деп эсептейт:

Тажикстандын Рашт өрөөнү


- Тажикстандагы окуялар ички чыр-чатактардын натыйжасы, тажик оппозициясынын нааразылыгынын жеткен чеги деп айтууга болор. Ал жерде сырткы күчтөрдүн жардамы болгондо да, бул жерде тажик президенти Рахмондун оппозицияга жасаган мамилесине нааразылык негизги орунду ээледи. Бул жерде Өзбекстан ислам кыймылынын тиешеси жок.

Орусиялык серепчи Виталий Пономарев Фергана өрөөнүндө Өзбекстан ислам кыймылы гана эмес, жалпы эле радикалдык-экстремисттик кыймылдардын күч алышына аймактагы мамлекеттерде жүргүзүлгөн ички саясат дагы өз таасирин тийгизбей койбойт деп эсептейт:

- Мисалы Өзбекстандагы репрессиялар, дагы башка мамлекеттердеги коррупция, акыйкаттын жоктугу түрдүү радикалдык уюмдардын эл тарабынан колдоо табышына өбөлгө болот. Өзбекстандын ислам кыймылынан башка дагы бир топ активдүү кыймылдар толтура да. Алар болгону өздөрү тууралуу маалымат берүүнү жактыра беришпейт.

Өзбекстан ислам кыймылы Фергана өрөөнүндө борборлоштурулган ислам мамлекетин түзүүнү көздөйт. 1996-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун бийлигине каршы чыккан бир нече кыймылдардын жана партиялардын башын бириктирген кыймылдын башкы максаты –Каримовдун бийлигин кулатып, анын ордуна шариятка негизделген ислам мамлекетин куруу болгон. Өзбек бийлигинин такай куугунтуктоосунун натыйжасында Тажикстанга, андан кийин Ооганстан, Түштүк Вазиристанга кетүүгө аргасыз болгон. 1999-2000-жылдары Баткен, Чоң-Алай тараптан Кыргызстанга кол салган согушчандар да дал ушул Өзбекстан ислам кыймылы болгону, алардын негизги максаты - өзбек бийлигин кулатуу экени ошол учурда эле айтылган болчу.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон окуядан соң Америка баштаган антитерррордук күчтөрдүн Кыргызстанга жайгашып, Ооганстандагы талибандарга каршы катуу күрөш башташы Өзбекстан ислам кыймылын бир топ алсыздантып, кыймыл ич ара тыркырап, анын ишенген мүчөлөрү өз алдынча бөлүнүп кеткени айтылат. Алардын бири “Ислам жихады” кыймылы.
Орусиялык укук коргоочу, Борбор Азиядагы ислам кыймылдары боюнча эксперт Виталий Пономарев Өзбекстандын ислам кыймылы мына ушул бөлүнүп-жарылуудан кийин андан бетер алсызданып, ал эми Өзбекстандагы, Пакистандагы бир катар жардырууларды жасаган “Ислам жихады” кыймылынын аракеттери көбүнчө Өзбекстан ислам кыймылына жүктөлүп келген деп эсептейт:

Виталий Пономарев


- Мен өзүм таанышкан айрым кылмыш иштеринин негизинде айта алам, 2004-жылдан бери жардыруу жана башка иштерди Өзбекстан ислам кыймылы уюштурганы тууралуу маалыматтар жок, ал эми “Ислам жихады” кыймылы уюштурганы тууралуу маалыматтар бар. Мисалы 2004-жылкы Өзбекстандагы жардырууну алсак болот. Булар тууралуу маалымат каражаттарында аз жазылат, жазылса да аларды Өзбекстан ислам кыймылынын бир бөлүгү катары туура эмес көрсөтүшөт.

Виталий Пономарев Өзбекстан ислам кыймылы лидери Тахир Юлдашевдин өлүмүнөн кийин такыр эле алсызданып, ал талибандар тарабынан да, өзүнүн мурдагы тарапкерлери тарабынан да колдоо таба албай калды деген пикирде.

Айрым серепчилер болсо ушул тапта Тажикстандын Рашт өрөөнүндө бугуп жаткан Өзбекстан ислам кыймылынын чыныгы күчү келерки жылы жазында билинет, эгер кыймыл Рашттан чыга албай калса, ал аймакта он жыл мурун ээ болгон күчүн таптакыр жоготконун далилдейт деп билдиришүүдө.