Чайкалган саясат, чайпалган Кыргызстан

Кыргызстандын желеги

Кыргызстандын өткөн 20 жыл аралыгындагы соңку тарыхы саясий чыр-чатактарга бай болду.

Алардын көпчүлүгү саясий атаандаштарды түрмөгө камап, митингдерди кууп таркатуу менен коштолсо, кээ бирлеринде чектен чыккан күч колдонуунун аягы өлкөдө эки ирет бийликти күч менен алмаштырууга алып келди. Саясий чыр-чатактардын курчушу шайлоолордун учуруна туура келген. Тараптардын тиреши күчөп, саясий кырдаал курчуган учурда абалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук кылган аракеттердин көпчүлүгү ийгиликсиз аяктаганы белгилүү.

Масалиевдин сабырдуулугу

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы саясий мүнөздөгү чыр-чатактардын башаты 1995-жылдарга барып такалат. 1995-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаев экинчи ирет жеңип чыкканы жарыяланган. Бирок оппозиция шайлоонун жыйынтыгы көз көрүнө бурмаланды деп эсептеп, коммунисттик партиянын мурдагы баш катчысы Абсамат Масалиев артыкчылык добуш менен утуп чыкканын билдирген. Бул жагдай айыгышкан кагылышка түртүп, коомду ажырымга алып келбейби деген кооптонуу пайда болгонун ошол учурдагы саясатчылар мисалга алып келишет. Саясатчы Адахан Мадумаров жакында эл менен жолугушууда мына ошол кооптуу чыңалууну Абсамат Масалиевдин сабырдуулугу жеңип чыкканын төмөндөгүчө эскерди:

Абсамат Масалиев

​- Мен раматылык Бекмамат Осмонов экөөбүз шайлоодо президенттикке талапкер Абсамат Масалиевдин ишенимдүү кишиси элек. Ал киши мына ошол 1995-жылкы шайлоодо жеңишке жетип, 58% добуш алган. Анан биз ага кирип “Апсамат Масалиевич сизди колдогон элдин астына чыгыңыз, азыр чыгыңыз. Сизди топтолгон эл күтүп жатат” дедик. Бирок биздин сөзүбуздү ал киши уккан жок. Көрсө туура кылган экен. Анткени раматылык Абсамат Масалиев мына ошол учурда бир эле Акаевди эле эмес, шайтанды кошо уткан экен. Абсамат Масалиев “эгерде мен колдогон элдин астына чыксам, анан тигил киши дагы жактоочуларын чыгарса, анан эки тарап болуп элибиз мушташып кетсе, бирөөнүн уулу набыт болсо, энеси ыйлап турса, анан мен анын көз жашын карап отурган тактым курусун” деген. Бирок чынында эле ал киши элге чыкса, тигилер дагы элди алып чыгып, эки тараптын жааташкан кагылышы болмок экен. Биз аны кийин билдик.

Токсонунчу жылдардын башындагы коңшулаш Тажикстандагы беш жылга созулган жарандык согуш дагы мына ошол бийлик талашкан саясий кландардын ортосундагы айыгышкан күрөштөн улам болгонун конфликтологдор мисал келтирет. Бул жарандык согуштун кесепетинен улам коңщу өлкө алтымыш миңден ашуун жаранын жоготуп, жүздөгөн үй-бүлөлөр чет жактан баш паанек издешкен. Кыргызстандын парламенти коңшу өлкөдөгү жаатташкан тараптарды жараштыруу жараянына демилгечи болгону белгилүү.

Каршылык каяктан башталган?

Кыргызстандын өзүндө болсо бийлик талашкан өнөкөт өтө оор кесепеттерге алып келбегени менен саясий атаандаштарга каршы куугунтуктар жана андан улам чыккан нааразылык акциялар менен коштолду. Саясий куугунтук ошол кездеги президент Аскар Акаевге шайлоодо атаандаш болушу мүмкүн деп оозго алына баштаган саясатчы Феликс Куловдон башталган. 2000-жылы марттагы парламенттик шайлоого Таластын Кара-Буурасынан ат салышып, утуп чыккан Феликс Куловдун жеңиши бурмаланган. Анын жактоочулары оозун тигип алып, райондук шайлоо комиссиясын жана акимчиликти бууп салган. Анда милиция биринчи жолу митингчилерге каршы күч колдонуп, аларды ур-токмоктун күчү менен кубалап тараткан. Мына ошол окуядан соң Бишкектин мурдагы мэри Феликс Куловго кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Куловдун карабууралык жактоочулары анын борбордогу тарапкерлери менен бирге Бишкекте узакка созулган нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

2000-жылы шайлоодо президенттикке талапкер болгон оппозициялык саясатчы Алмазбек Атамбаев саясий куугунтукка кабылып, Түркияга качууга аргасыз болгон.

2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши боюнча маселе чыккан. Бул маселе боюнча парламент депутаты Азимбек Бекназаровду камакка алуунун аягы алты жарандын өмүрүн алган кандуу Аксы окуясы менен аяктаган. Буга байланыштуу Бекназаровдун жактоочулары бир жылдан ашуун убакыт бою жөө жүрүшкө жана митингдерге чыгып, Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн жазалоону талап кылышкан. Бирок бийлик кээ бир кызмат адамдарын жумуштан кетирүү менен чектелип, сот иши туңгуюк абалга кептелген. Эки ортодо узакка созулган тирешүү күчөп, чыңалуу кала берген. Маркум Дооронбек Садырбаев жетектеген убактылуу депутаттык комиссия окуяны иликтеп чыгып, бийликтин аракеттерин айыптаган саясий баасын берген.

2003-жылы депутаттык бошогон орун үчүн шайлоодо утуп чыккан талапкер Үсөн Сыдыков катышкан Кара-Кулжа шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Буга нааразы болуп, борборго келе жаткан анын жактоочуларын милиция күчтөрү Бишкектин четинен тосуп чыгып, митингчилерди ит менен кубалатып, таратканы белгилүү.

Акаевдин амалы

Мына ошол кездеги мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов ал маалдагы айыгышкан карама-каршылыктарга карабастан бийлик менен оппозициянын ортосунда аз да болсо диалог болгон деп эсептейт:

- Биздин учурда бир жылда эки ирет оппозиция мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү тегерек үстөл жыйындары өтчү эле. Мына ошол жерде бүт бардыгы маңдай-тескей отуруп алып ачуу сөздөрдү айтышчу. Биз чыдап укчубуз. Адатта буга окшогон тегерек үстөл жыйындарын мен алып барчумун. Ал жерге мурдагы президент Аскар Акаев дагы өзү катышып, канчалык ачуу сөздөр айтылбасын ал оппозициялык саясатчыларга жана журналисттерге сый-урмат менен кайрылган учурлар болгон. Аскар Акаев мына ошол жерде өзү ар бир суроого жооп берип, пикир алмашып, анан коюлган маселе боюнча кийин аларга отчет берчүбүз. Ошол кездеги оппозициянын катуу сындарына адатта гезиттер аркылуу жооп берчүбүз.

Аскар Акаев

Бирок ошол кездеги оппозициялык саясатчылар мурдагы президент Аскар Акаев оппозиция менен жолугуп, кеңешип, бирок аягында дайыма өзүнө ыңгайлуу чечимдерди кабыл алууга барганын эскеришет. 2003-жылы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча конституциялык кеңешменин иштеп чыккан долбоорун жумушчу топ кийин бурмалап, анын негизинде референдумдар аркылуу мурдагы президент Аскар Акаев өзүнүн ыйгарым укуктарын сактап калган же болбосо тескерисинче, кеңейтип алган учурлары мисалга алынды.

Ошондой эле Аскар Акаев 2000-жылы конституциялык мөөнөттү бузуп, конституциялык соттун корутундусу боюнча үчүнчү ирет президент болуп шайланган. Оппозиция 2005-жылдан кийин дагы Аскар Акаев бийликте калат деп кооптонгон. Анткени 2004-жылы Акаевдин кызы менен уулу кирген "Алга Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого аттанган . 2005-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы топтор жер-жерлерде нааразылык акцияларын уюштуруп, анын аягы Аскар Акаевди өлкөдөн качууга мажбурлаган.

Ага чейин Аскар Акаев оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартканы жарыяланган. Элдик толкундоолордун натыйжасында бийликке келген Курманбек Бакиев дагы саясий системаны реформалоо убадасынан тайып, 2007-жылдан тарта жеке басар бийлигин орнотууга киришкен. Анын бул демилгесине каршы чыккан саясатчылар, журналисттер куугунтукталып, айрымдары чет өлкөгө качса, кээ бирлери тындым кылынганы белгилүү.

Саясатчылар 2007-жылга чейин Курманбек Бакиев оппозициянын талабын уккан учурларын белгилешкен. Бирок анын кенже уулу Максим Бакиев 2009-жылы өкмөттү кайталаган конституциялык эмес түзүмдү (ЦАРИИ) жетектеп, реалдуу бийликти колуна алгандан кийин анын аягы эмне менен бүткөнү коомчулукка белгилүү.

“Кол тийбестик” баарына бирдейби?

2010-жылы 7-апрелде 77 адамдын өмүрүн алган бийлик алмашуудан кийин деле Кыргызстан саясий чыр-чатактардан арылган жок. Буга парламентте улам-улам башкаруучу коалиция ыдырап, өкмөттөр алмашып турганы мүнөздүү.

Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаарда өзүнүн мурдагы саясий өнөктөштөрү менен каршылашып, алардын бир тобуна кылмыш иши козголду. Буга 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасында мурдагы санаалаштардын ортосунда пикир келишпестиктер да себеп болду.

Өткөөл учурдун мурдагы президенти Роза Отунбаева өткөн митингдердин биринде куугунтукка байланыштуу ​"баягындай бир жаман учурга биз күбө болбойлу" деп эскерткен.

Президент Алмазбек Атамбаев соңку мезгилде парламенттеги оппозиция ушак менен гана алек болуп калганын белгилеп, анын өлкөнү өнүктүрүү демилгеси тоскоолдукка учурап жатканын айткан:

- Ачык айтайын, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жайдан барган сайын ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатат. Депутаттар тайраңдап барбаган жерлери калган жок. Вена, Венеция, АКШ, ошол эле Түркияга дайыма барып эс алышат. Булардын эмне акчасы жокпу деп ойлосом, депутаттардын көбү чириген байлар. Миллионер эмес, арасында миллиардерлер бар.

Унчукпаган парламент

Президенттин соңку мезгилде оппозицияга жана эркин маалымат каражаттарына карата айткан пикирлери коомчулукта эки анжы ойду жаратты. Бирөөлөрү ал чындыкты айтып жатат дешсе, айрымдары муну аша чапкандык катары кабыл алышты. Соңку мезгилде президент Алмазбек Атамбаевдин бир катар маалымат каражаттарын миллиондогон сом айыпка жыгуу боюнча доо арыздары дагы коомчулукта ар түрдүү кабыл алынууда.

Ошол эле учурда "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин жана жакында кармалган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын нааразылык акцияларына карата парламенттин кошкөңүл мамилеси айрым оппозициялык депутаттарды түйшөлттү. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова парламентти бул маселеге карата үн катууга чакырган болчу:

- Учурдагы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга Жогорку Кеңештен башкасынын бардыгы өзүнүн баасын берди. Азыр эч нерсе айта албай турган парламент эле калды. Анан эми мына ушундай кооптуу кырдаал түзүлүп жаткан учурда Жогорку Кеңеш өзүнүн позициясын айтпаса, анда бул анын коркоктугу жана жоопкерчиликтен качканынан кабар берет.

Бирок парламенттеги оппозициянын мындай чакырыгын бийликтеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү талап кылуу катары кабыл алышты. Алардын айтымында саясий диалог жана мунасага келүү бир тараптын үстөмдүгү жана басым көрсөтүү аркылуу жүрбөшү керек. Мына ошондуктан КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттеги оппозицияга карата төмөндөгүчө эскертет:

- Бул жерде эч ким корккон жок. Бул жерде эртеңки күн менен коркутканды токтотсоңор. Эртеңки күндүн кандай болору бир гана кудайдын колунда. Колуңардан келсе мыкчып турган асманыңарды таштап жибергиле. Депутаттардан бир нерсе талап кылып, аларды коркоктук кылды деп айыптап айтууга эч кимге укук берилген эмес.

Анткен менен парламенттен сырткары саясий күчтөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулап, бийликтин соңку аракеттерин айыптаган билдирүүлөрдү жасады. Ошол эле кезде "Конституциялык кеңешме кыймылы" менен "Сөз эркиндигин коргоо комитети" парламентти жыйынга чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берүүнү талап кылды. Саясатчы Равшан Жээнбеков парламент учурдагы кырдаалды көрмөксөн болуп жатканын төмөндөгүчө айыптады:

- Биздин мамлекетибизде бийликти колдобогон, анын саясаты менен макул болбогон саясатчыларга, журналисттерге болуп көрбөгөндөй басым жасалууда. Бирок тилекке каршы биздин парламенттин бары-жогу байкалбайт. Парламентте президент болом деген төрт-беш депутат отурат. Бирок алар айдан түшкөндөй болуп, эч нерсени байкабагандай түр көрсөтүшүүдө. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, социалдык-экономикалык абалга баа берүүгө алардын саясий эрки жетпей турат.

Жарга такалган жайгаруу демилгеси

Буга чейин Кыргызстандагы “Улуттук кеңеш” коомдук бирикмеси дагы бийлик менен оппозицияга кайрылып, тараптарды коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого чакырган болчу. Өлкөдөгү таанымал аксакалдардан турган бул уюмдун чыңалууну басаңдатуу аракетинен майнап чыккан эмес. Анткени анын эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушу четке кагылган. Бирок ошол эле кезде жакында Кыргызстандын акыйкатчысы тараптарды саясий ымалага келтирүү демилгесин кайра көтөрүп чыкты.

Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев президенттик шайлоонун астында өз ара тил табышуу өлкөнүн саясий туруктуулугу үчүн маанилүү экенин билдирди:

- Быйыл президенттик шайлоо өтө турган жыл. Мына ошондуктан мамлекетке дагы, элге дагы тынчылык керек. Соңку окуялар саясий кырдаалды бир топ курчуткандай таасир бар. Тирешүү күчөй берсе, бийлик менен оппозициянын ортосундагы жана коомдогу ажырымды тереңдетип жибериши мүмкүн. Мындай учурда тирешкен тараптар ортосунда тил табышуу, кечиримдүүлүк кылуу деген нерселер чыңалууну басаңдатууга жакшы эле таасирин тийгизмек.

Жоопкерчиликтин аралыгы

Бирок ошол эле кезде парламенттеги бийлик партиясынын айрым өкүлдөрү өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курч деп эсептебейт. Ошол эле кезде КСДП фракциясынын көпчүлүк мүчөлөрү соңку мезгилде оппозициялык саясатчыларга каршы иш козгоо фактыларын кадимки кылмыш жоопкерчилигин кароо катары кабыл алышты. КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өлкөдөгү абал туруктуу экенин айтып, мыйзам баардыгына бирдей экенин жана соңку камоолорду саясий куугунтук катары эсептөөгө мүмкүн эмес экенин айтат:

- Бардыгына эле саясий куугунтук болуп жатат дегенден алыс болушубуз керек. Катардагы эле кылмыш жасаган адамга козголгон ишти саясий куугунтук катары саясий боёк бергенибиз туура эмес болуп калат. Анда карапайым адамдар дагы “эмнеге саясатчыларга козголгон иштер куугунтук болот дагы жөнөкөй адамдарга карата ачылган иштер катардагы иштер болуп бөлүнөт” деген маселе чыгып калат. Мына ошондуктан бул жерде мыйзам бардыгына бирдей болгон соң, ал бардыгына бирдей колдонулушу керек. Анан дагы азыр өлкөдө саясий кырдаал курчуп, коопсуздукка коркунуч келип калды дегенге негиз жок.

Ошол эле учурда "Ата Мекен" жана "Мекенчил" партияларынын жактоочулары саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камакка алынышын аларды президенттик шайлоого катышууга мүмкүндүк бербөө үчүн жасалган тоскоолдук катары кабыл алышууда. Мына ошондуктан жарандардын саясий укугун чектебөөгө чакырган оппозиция тарапкерлери 25-марттагы митингдин кууп таратылышын адам укугун одоно бузуу катары айыпташты. Бийлик өз кезегинде муну бейбаштыктын, чагымчылдыктын жана башаламандыктын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.