Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Апрель окуясынын себеби жана сабагы


Ата-Бейит.
Ата-Бейит.

Мындан беш жыл мурдагы окуянын башталышына эмне себеп болгон? Элдин талабы аткарылдыбы? Конституциялык реформадан майнап чыктыбы?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: мурдагы Жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов жана Апрель революциясынын баатырлары Таалай Айдаров, Эмил Кыштообаев.

"Азаттык": Алиясбек мырза, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин беш жыл өткөн соң ошол учурдагы абалды таразалаганга убакыт болду го дейм. Революциянын талаптары, максаттары канчалык деңгээлде аткарылды?

Алиясбек Алымкулов: Кытайдын улуу жетекчиси Дэн Сяопин убагында Францияга барганда "сиз Француз революциясы жөнүндө эмне айта аласыз?" деген суроого «революция жөнүндө айтуу али эрте» деп айткан экен. Анын сыңарындай бизге дагы убакыт керек.

Биз беш жылда эмнеге жетише алдык? Борбор Азия мамлекеттеринде биринчилерден болуп парламенттик башкарууга өттүк, таза шайлоо өткөрөлү дедик. Аламан байге болуп, кимдер утуп келгенин баарыбыз билебиз.

Сөз эркиндигине, ойлоо эркиндигине жетиштик. Президент биринчи жолу шайлоо менен келип, мыйзам жолу менен бийлик алмашты. Эмнеге жетише алган жокпуз? Социалдык-экономикалык көп маселелер чечилбей келүүдө. Алар аткарылышы үчүн эки нерсе керек экен: тынчтык жана туруктуулук. Биз алгачкы үч жылыбызды тынчтык орнотууга кетирип албадыкпы. Кыргызда "Көч бара-бара түзөлөт" деген жакшы сөз бар.

"Азаттык": Таалай мырза, "революцияга катышкандар ошондо көчөгө чыкканын эле колко кылып, беш жылдан бери бийликтен, өкмөттөн "келе-келе" деп эле доолап, жатып ичер болушту, өздөрү да мамлекетке үлүш кошоюн деген ойлору жок" деген пикирлер арбын.

Таалай Айдаров: Тилекке каршы, революцияны жамынып алышып, аянтка барбаган эле айрым адамдар, шылуундар, квартира алгандар болду. Арасында шаардык кеңештин депутаттары да бар, биздин талабыбыз менен айрым квартираларды кайтарып алдык. Эми беш жылдыкты өткөрүп алсак, аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча аракетибизди баштайбыз…

"Азаттык": Эмил мырза, сиз эмне себептен Ала-Тоо аянтына чыктыңыз эле, ага эмне түрткү болду эле?

Апрель окуясынын себеби жана сабагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:29 0:00
Түз линк

Эмил Кыштообаев: Себеби үй-бүлөлүк, криминалдык бийликтин кысымына, элдин тозогуна чыдабай аянтка баргам.

Алиясбек Алымкулов: 7-апрелдеги ыңкылап элдин эрки болду, тыштан кандайдыр бир күчтөр башкарган жок, калктын карандай күчү менен ишке ашкан. Азыркы муну туура түшүнүшүбүз керек, баарыбызда "Кыргызстан мага эмне кылды?" дебей, "мен өлкөм үчүн эмне кылдым?" деген ой уялаш керек.

Таалай Айдаров: Революциянын шарапаты менен тазалануу процесси жакшы жүргөн жок. "Люстрация жөнүндө" мыйзамды 2010-жылы май айында иштеп чыгып, парламентке сунуш кылганбыз, 10 миң кол топтоп аны да бергенбиз. Беш жылдан бери эч алга жылуу болгон жок.

Эмил Кыштообаев: Элдин көксөөсү канбай жаткан дагы бир маселе – кандуу окуяга күнөөкөр болгондорду жазага тарта албай, Беларустан алып келе албай жатканыбыз болууда.

XS
SM
MD
LG