Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

Раиса Атамбаева.

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн жана башка далилдердин негизинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду.

Раиса Атамбаева мурдагы президенттин бөгөт чарасын кароо учурунда ага кылмыш иши козголгонун, анын үй-бүлөсүнө саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирди. Башкы прокуратура Атамбаевдин жубайына каршы иш сотко чейинки өндүрүшкө катталганын ырастады.

Айрым талдоочулар муну мурдагы президенттин үй-бүлөсүн куугунтуктоо катары карашса, кээ бирөөлөр Атамбаевдин жубайы кылмыш фактысына жараша жооп берүүгө тийиш экенин жүйө келтиришти.

Мурдагы биринчи айымдын арманы

Раиса Атамбаева 16-августта УКМКнын имаратында Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жатканда мурдагы мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук башталганын билдирди.

Ал президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде «рейдерлик иш боюнча сотторго басым жасаган» деп айыпталып жатканын айтып, бирок коюлган дооматтарды четке какты:

«Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Мен саясат булганыч иш экенин билчүмүн. Ошондуктан ага кийлигишпегенге аракет жасачумун. Керек болсо мен кайсы сот каякта жайгашканын, судьялар кимдер экенин билген эмесмин. Мурда башкаруучулар өздөрүнүн каршылаштарынын аялдарын жана балдарын куугунтуктаган эмес. Анткени алар муну өздөрүнүн ар-намысынан төмөн иш катары көрүшкөн. Азыр эми тескерисинче болуп жатат».

Буга чейин президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаев тергөөгө кытай инвесторлору Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга байланыштуу иш боюнча мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

Манас Арабаев ага басым жасалганын айтып, бул иштин башында мурдагы биринчи айым турганын ырастай турган далилдер бар экенин айткан жайы бар:

«БЛС курулуш компаниясына байланыштуу ишти кароо учурунда ал көшөрүп бир нече жолу жолугушууну талап кылган. Ал жолугушуулар болгон. Ошол жолугушууларда ал бул сот ишин экинчи инстанцияда чечүүгө көмөк көрсөтүүнү сураган. Ал мага бир нече жолу смс жазган. Смстер жазылган жагдайды тиешелүү номерлердин табуляциясы аркылуу калыбына келтирүүгө болот. Анда ал бул ишти чечүү үчүн ага аралашкан кайсы бир адамдарды кабыл алышымды көшөрүп талап кылган. Мындан сырткары кийин мурдагы президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркеевага тийишпөөнү сураган».

Дагы караңыз Кыңыр иште Раиса Атамбаеванын аты чыкты

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун өкүлү Наргиза Куватова мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага байланыштуу иш сотко чейинки өндүрүшкө катталганын ырастап, бирок ал кайсы беренелер менен кылмышка шектелип жатканы кийин жарыялана турганын айтып чектелди.

«Бир эле көрсөтмө жетишсиз»

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев эгерде башка далилдер жок болуп, бир эле адамдын көрсөтмөсү боюнча Раиса Атамбаева кылмышка шектелип жатса, анда муну "саясий куугунтук" деп атоого негиз бар деп эсептейт:

«Мурда Икрамжан Илмиянов, башкалар тууралуу укчубуз. Ошол эле Манас Арабаевдин кыңыр иштери тууралуу ошол кезде көп сөз жүрчү. Бирок мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева кандайдыр бир иштерге кийлигишкени тууралуу укпаптырбыз. Ал өзү орус мүнөз адам. «Мына ушундай иштерди бүтүргүлө» деп көрсөтмө бергенин мен эч эле элестете албайм. Бул жерде башка далилдер жок болуп, Манас Арабаевдин гана көрсөтмөсүнө таянган иш болсо, анда бул кылмыш ишин саясий куугунтук десек болот. Бирок иш боюнча толук маалымат чыкмайынча, бир нерсе деп айтууга эрте».

Дагы караңыз Көз каранды соттор, көмүскө таасир

Бишкектин чок ортосуна кытай инвесторлору курган көп кабаттуу үйдү рейдерлик менен тартып алуу ишин иликтөөдөгү тергөө материалдары боюнча «Даймонд сити» турак жай комплексинен Раиса Атамбаеванын жакындарына жазылган батирлер чыкканы буга чейин жарыяланган болчу. Анда уюшкан топ аркылуу кытай инвесторлорунун мүлкүн тартып алып, алар сотко кайрылган учурда соттон алар менчик укугунан мыйзамсыз ажыратылган фактылар мисалга алынган. Мындан сырткары КТРК өзүнүн иликтөөсүндө Раиса Атамбаеванын кытай инвесторлору жана ортомчулар менен чогуу отуруп, түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

2-июлда эфирге чыккан журналисттик иликтөөдө чет өлкөлүк ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз түрдө тартып алганы, ага сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөнү айтылган.

Мурдагы биринчи айымдын таасири

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова бул кылмыш фактысы аныкталса, анда мурдагы биринчи айымга карата ишти саясий куугунтук катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи:

«Раиса Атамбаева ошол иштерге кийлигишкен, рейдерлик кылгандарды калкалаган» деген көрсөтмө болуп жатпайбы. Ошондуктан укук коргоо органдары бул ишти иликтеп чыкканга милдеттүү. Бул ишти саясий куугунтук деп айтпайт элем. Анткени Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөнү алардын кол астында иштеген адам берип жатпайбы. Ошондой эле тергөө органдары башка далилдер да бар экенин айтып жатышпайбы. Раиса Атамбаева ошол кезде биринчи айым болгондуктан өтө таасирдүү адам болуп, анын айтканын эки кылышкан эмес. Кайсы бир уюшкан топ аны бул ишке аралаштырып, анын таасирин пайдаланышы мүмкүн. Мындай нерселер мурдагы президенттердин тушунда деле болбоду беле. Ошондуктан Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө байланыштуу кылмыш иштери чыккан да».

Кытай ишкерлери Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун 2012-жылы Бишкектеги “БЛС” курулуш компаниясын сатып алып, 280 батирлүү көп кабат үй курушкан. Бирок төрт жылдан соң сот кыймылсыз мүлктү компаниянын мурдагы ээсине кайтарып салган. Чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Элвира Жаркеева чыгарган.

Кийин бул иш иликтенип, судья Жаркеевага кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу. Бул ишке байланыштуу президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаев кармалып, ал тергөө менен кызматташкан соң үй камагына чыккан эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.