Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

«Соттордун аталыгы» атыккан Арабаев камалды


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

УКМК 2-июнда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевди камакка алды. Атайын кызмат аны «Коррупция» боюнча айыптап жатат.

Манасбек Арабаев былтыр май айында «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. Мунун алдында «Арабаев сот тармагына, судьялардын чечимдерине жана кадр саясатына кийлигишет» деген мазмундагы доомат-сын күчөгөн эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Манасбек Арабаев тууралуу 3-июнда учкай гана маалымат таратты. Ага ылайык, ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынды. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен катталды. Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу үн ката элек.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Арабаевдин камалышы сот тармагына көмүскө таасир эткен адамдарга сабак болушу керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Манасбек Арабаевдин ким экенин, анын кандай таасири болгонун 300гө жакын судьянын, 2 миңге жакын адвокаттын баары билет. Укук коргоо органдарына, сотко иши түшкөндөрдүн баары эле анын таасирин жакшы билишкен. Бардык маселени ошол киши көмүскө чеччү. Сот системасынын «аталыгы» («серый кардинал») болуп алган. Ал сот реформасын жүргүзүү, мыйзамдарды кароо менен гана алектениши керек эле. Арабаев болсо чектен чыгып, сотторду башкарып алган. Бул окуя сабак болушу керек. Мен Арабаевди көптөн бери тааныйм, жаш, билимдүү жигит. Мен ага, жеке өзүнө деле «туура эмес кылып жатасың, эртеби-кечпи жооп бересиң» деп айтчумун. Бирок системанын курмандыгы болду дейбизби, же башка деп айтабызбы, айтор ал мындай буйруктарды аткарбай, «тойдум байдын кызына» деп арызын жазып иштен кетип калганда мындай жагдай болбойт эле», - деди Шыкмаматов.

Арабаевдин окуясы соттун өз алдынчалыгына шек келтиргендерге сабак болушу керек деген пикирге Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев да кошулат.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Кыргызстанда азыр №1 маселе - бул соттордун көз карандылыгы, - дейт ал. - Сот оңолгондо гана бизде мыйзамдар, укук иштей баштайт. Ошондо гана адилеттүүлүк орнойт. Тилекке каршы, азыр сотторду толук жаңылай албай жатабыз. Манасбек Арабаевдин камалганы кайсы гана бийлик болбосун, азыркыларга да, кийинкилерге да, айрыкча сотторго сабак болушу керек. «Бүгүн мыйзамсыз иш кылсаң, бийликтин тапшырмасын аткарсаң, каалагандай жүрсөң, эки жылбы, беш жыл өткөндөн кийин түрмөгө отурасың» деген чоң коңгуроо. Азыр ар бир судья, аларды көзөмөлдөгөн органдар, адамдар калыс, таза иштебесе бийлик алмашкандан кийин абакка камалып калышы мүмкүн экенин сезиши керек. Чынында судьялар Манасбек Арабаевдин көлөкөсүнөн коркуп, анын айтканын жазбай аткарып турушкан».

Манасбек Арабаев 2015-жылдын башында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына келген. Былтыр февраль айында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков аны ушул эле бөлүмдүн башчысы кылып кайра дайындаган. Арабаевдин соттордун ишине кийлигишерин Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев 2016-жылы эле парламентте айтып чыккан.

Манасбек Арабаевдин айланасындагы сын-доомат, уу-дуу кеп былтыр жазында күчөгөн. Апрель айында мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехранын судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди ачык айыптап чыккан жана «сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет» деп күнөөлөгөн.

Анда Манасбек Арабаев да, президенттик аппарат да мындай жагдайга байланыштуу үн каткан эмес. Май айында Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен иштен алынган. Бирок ага кеңири түшүндүрмө берилген эмес.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Манасбек Арабаевдин камалышына байланыштуу кеңири түшүндүрмө берилиши керек деп эсептейт.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«Азыр бизде коомдо болуп жаткан окуялар бир беткей жана жалпыга түшүнүксүз болуп жатпайбы. «Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата эле саясий куугунтук болуп калды» деген пикирлер айтылып жатат. Коррупцияга каршы күрөш, коомдун тазаланышы элге түшүнүктүү, ачык болушу керек. Мисалы, азыр «сот реформасы» деп жатабыз. Сот реформасынын жүрүшүндө деле сот жараяндарына карата коомдо абдан көп суроолор бар. Маселен, Манасбек Арабаевдин камалышына негиз болсо анда азыркы президенттик аппараттын, азыркы соттун үстүнөн көзөмөл кылгандардын да кыймыл-аракеттери ачык болушу керек. Бирок мурдагыларды камап, азыркыларга болсо өздөрү ошондой көрсөтмө берип жаткан болсо - анда чынында эле эки жүздүүлүк болуп, элде ишенбестик пайда болот. Манасбек Арабаевди желмогуз көрсөтүп, «баарын ошол башкарат» деп айтып жүрүшпөдү беле? Эгерде ал бүгүн камалса, анда эмне себептен камалганы тууралуу коомго ачык айтып, ошондой иштер эми кайталанбашы үчүн кандай иштер, кандай реформалар жасалып жатканы так айтылышы керек», - дейт Эмилбек Каптагаев.

Былтыр «Медиа Полиси Институту» уюму Манасбек Арабаев «соттордун ишине кийлигишкен, кадрдык маселерди чечкен» деген фактыларды текшерүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы көзөмөлдөөчү орган Арабаев мыйзам бузбаганын билдирип, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Андан кийин Арабаевдин аты Башкы прокуратуранын «200 миң доллар пара алганда кармалды» деп сөз болгон бөлүм башчысы Улан Чалбаевге байланыштуу айтылган жана айрым бир документтер Интернетке жарыяланып кеткен. УКМК анда «Арабаевге кылмыш иши козголду, камалды» деген маалыматты жокко чыгарган.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов соттордун өз алдынчалыгына байланыштуу жагдайга токтолду:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

«Соттун ишине кийлигишүү - бул кылмыш. Ошондой кылмыш кылган болсо - анда сөзсүз укуктук баа алышы керек. Анын тилин угуп чечим чыгарган судьялардын да жоопкерчилиги каралышы керек. Негизи сот органдарынын чечиминен да көп нерсе көз каранды. Алар эч кимди кийлигиштербеши керек эле. Жогорку соттун төрагасы төрагалык кылчу гана адам эмес. Ал бардыгын көзөмөлгө алган, чоочундарды аралаштырбаган катуу администратор да болушу керек. Азыр деле сот тармагына кандайдыр бир таасир этүү жүрүп жаткандай сезилет. Бул негизи жакшылыкка алып келбейт».

Былтыр жыл аягында «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысы боюнча Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынган. Быйыл февраль айында бул иш боюнча дагы жети судья - Бишкек шаардык сотунун үч, Жогорку соттун да үч азыркы судьясы жана бир мурдагы судьясы камалган. Алардын баарына «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG