Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:49

Жогорку соттун талаштуу кадрлары


Сотторго каршы митинг. Бишкек

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку соттун судьяларына биринчи ирет кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура үч судьяга "кылмыш ишин кароонун мөөнөтүн өткөрүп жиберген" деген айып такты.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева "бул судьялардын эмес, аппараттын катасы" деп түшүндүрүп жатат. Сот системасын жакшы билгендер бул тармакты башкаруунун начарлап кеткенин сапатсыз иштеген судьялардын көбөйгөнү менен байланыштырууда.

Башкы прокуратура кылмыш иши козголгон Жогорку соттун судьяларынын аты-жөнүн эмгиче ачык атай элек. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева 3-июлда журналисттер менен жолугушууда кылмыш иши, судьялар тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. Бирок ошол эле учурда бул ишти кароонун мөөнөтү боюнча жагдайды соттун кагаздар менен иштеген бөлүмүнүн катасы катары баалады жана тиешелүү кызматкерлерге сөгүш берилгени да ачыкка чыкты:

- Судьялар ишти кароо мөөнөтүн ашырып жиберишкен. Иш 15 күндө каралышы керек болсо, ал бир айга дайындалып калган экен. Канцелярияда, аппаратта жаңылыштык кетип, соттук материал кылмыш иши катары катталган. Кылмыш иштерин кароонун мөөнөтү узагыраак. Мыйзамда соттук материалга кыска мөөнөт берилген. Судьялар 15 күндүн ичинде карала турган ишти бир айда карап коюшкан. Судьялардын канчалык деңгээлде күнөөсү бар же жок экенине тергөө убагында баа берилет. Кайсы судьяларга иш козголгону азыр белгисиз.

Анткен менен бул окуя Жогорку сотто ушул тушта башкаруунун, көзөмөлдүн начарлап кеткенинен кабар берет дегендер да бар.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Айнаш Токбаеванын канцелярияга шылтап жатканын сынга алды:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Токбаева азыр "ушулардын күнөөсү менен болуп калды" деп өзүнүн кол алдында иштегендерге шылтап жатат. Келип түшкөн иштерди, соттук материалдарды төрага жана кылмыш иштери боюнча анын орун басарынын экөөнүн бирөө соттук коллегиянын курамын аныктап туруп бөлүштүрүп бериши керек. Ошол иштерди бөлүштүрүп жатканда "бул эмне болгон иш, кандай материал, канча мөөнөттө каралышы керек" деп өздөрү сөзсүз карашы керек. Ишти бөлүштүрүп, "ушул датага чейин каралсын, баяндамачы бул болсун" деп тактап туруп бериши зарыл. Булар болсо "канцелярияда иштегендердин күнөөсү бар" деп жатышат. Бирок бул жерде судьялардын шалаакылыгы бар. Кызматтык милдетин так аткарбай калган, Жогорку соттун аппаратында көзөмөл начарлаган, башкаруучу рычагдар пайдаланылбай, тартип болбой калган деген эле сөз. Жогорку соттун төрайымы, анын орун басарлары эмне иш кылып отурат? Ошолор карашы керек да! Уюштуруучулук иш, иштерди бөлүштүрүп берүү, көзөмөлдөп туруу - бул ошол Жогорку соттун жетекчилигинин түздөн-түз милдети.

Темирлан Ормуковдун иши

Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясына "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык", "Адамды мыйзамсыз кармоо" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Алар "тергөө абагында отурган жарандын арызын өз убагында караган эмес, ошондон улам анын эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулду" деп айыпталып жатат. Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилди.

Ал арада тергөө абагында мөөнөтүнөн ашык кармалган жаран азиз активист Темирлан Ормуков экени белгилүү болду. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда аны сындаган ырына байланыштуу айыпталган.

Ормуков тууралуу милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арызданган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев судьялардан башка органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигине токтолду.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Тергөө абагында 12-14 күн эмес, бир эле саат мыйзамсыз кармоо - чоң кылмыш. Эч бир жаранды мыйзамсыз кармаганга болбойт. Эгер мөөнөтү 29-апрелде бүтсө, анда ошол мөөнөттө, саатта тергөө абагынын башчысы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы ал жаранды кое бериши керек. Соттун токтому жок болгондон кийин кое бериши керек. Ошону көзөмөлдөгөн прокурор каякты карап отурду? Бул жалаң эле Жогорку соттун судьяларына эмес, жаза аткаруу, прокуратуранын кызматкерлерине да иш козголо турган маселе.

Темирлан Ормуков аны камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч арызын Жогорку сотто Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев баштаган соттук коллегия караганын "Азаттыкка" билдирди. Ошондон улам сөз болуп жаткан кылмыш иши ушул аты аталган судьяларга козголгон болушу ыктымал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жогорку соттун судьяларына мындан алда канча олуттуу дооматтар бар экенин айтып, ага көңүл бурулбай жатканын белгиледи:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Жогорку соттун судьялары саясий заказдарды аткарган, мындан жүз эсе резонанстуу, мамлекет үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алган учурлары бар. Алардын баары көз жаздымда калып, Ормуковдун маселеси боюнча эле "адилеттүүлүк орноп жатат" деп кыйкырып жатабыз. Алар мындан башка да толтура нерселерди жасашкан. Соттор азыркы күндө коомдун ишениминен чыгып, сот болуудан уялган деңгээлге чейин жетип калды. Эң кызыгы, ошол Жогорку соттун төрайымы өзү соттор тууралуу коомчулуктун пикири кандай экенин жакшы билбейт экен. Реалдуулуктан бир аз алыстап калыптыр. Ал киши мойнуна алышы керек. Президент өзү сотторду сындап жаткандан кийин деле төрайым "коомчулуктун соттор тууралуу пикири жаман эмес" дегендей кылып жатпайбы. Бизге, депутаттарга кайрылгандардын 80 пайызы адилеттик издегендер жана алардын 100 пайызы сотторго нааразы. Президент да сотторго ичи чыкпай жатканын айтты.

Ата-бала Акыевдер

Ушул жерден "кылмыш иши козголду" деген Жогорку соттун судьясы Арзыбек Акыев тууралуу кеңири сөз кылалы. Ал 2012-жылы Жогорку соттун судьясы болуп келгенге чейин алты жыл Ош шаардык соттун судьясы болуп турган. Ошол учурда бир катар резонанстуу кылмыш иштерин караганы, туура эмес, мыйзамсыз чечим чыгарганы үчүн жогорку инстанциядан ондон ашык жай аныктама алганы тууралуу маалымат бар. "Азаттык" буга байланыштуу судьянын өзүнүн пикирин билүүгө кызыкты, бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты:

- Ал жөнүндө сиз кайдан билесиз? Эмне жөнүндө алдык, эмне кылдык -айта албайбыз.

Арзыбек Акыев боюнча Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева учкай айтып берди жана судья жай аныктамаларды алганын ырастады:

Сюита Соурбаева.
Сюита Соурбаева.

- Акыев азыркы күндө сот жараяндарында болуп, колу бошобой жатат. Ошондуктан мага айткан маалыматы боюнча, сиздер айткан жай аныктамалар Ош шаардык сотунда судья болуп иштеп жүргөн учурда болгон экен. Жогорку сотко судьялыкка талапкер болгондо бардык документтер Жогорку Кеңештен, президенттен, Сотторду тандоо кеңешинен өткөн. Акыев Жогорку сотто алты жылдан бери судья болуп иштейт. Жалпы судьялык стажы 24 жыл.

Мыйзам боюнча адатта жай аныктама алган судьянын жоопкерчилиги каралышы керек.

Арзыбек Акыевдин уулу Каныбек Акыев ушул тушта Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын кеңешчиси. Токбаева өткөн айда парламентте былтыркы иштер туурасында маалымат берип жатканда депутат Жанар Акаев ата-баланын бир жерде иштеп жатканынын моралдык жагы тууралуу маселе көтөргөн.

Жогору соттун төрайымы 3-июлда журналисттер менен жолугушууда "Азаттыктын" ата-бала Акыевдер жана алар тууралуу дооматтар тууралуу суроосуна жооп берди. Кеңешчисин ал "иш билги адис" деп мактады:

- Арзыбек Акыев 2012-жылы реформанын алкагында Жогорку сотко судья болуп шайланып келген. Анын уулу Каныбек Акыев мага жардамчы болуп иштеген. Мен анын кесипкөй, өз ишин билген, мыйзамдарды талдап, туура колдонгон адис экенин байкадым. Мен Каныбекти кесипкөй адис катары билем. Кийин төрайым болгондо мен бул адамды өзүмө кеңешчи кылып алдым. Атасы экөөнүн иши эч бир байланышпайт. Атасы сот адилеттигин жүзөгө ашырат. Ал эми кеңешчи төрайым менен тыгыз иштешет, донорлор менен иштешет. Соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программалары боюнча тармакты көзөмөлдөйт.

Кылмыш иши козголгону айтылган дагы бир судья, Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов өткөн айда парламентте "судьялар актаган өкүм чыгарбашы керек" деп айткан жана коомчулукта ал сөзү кызуу талкуу жараткан. Ал өзү буга байланыштуу комментарий бере элек. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Эсенкановдун айткандарына түшүндүрмө берди:

- Бул жерде эмне себептен "актоо өкүмү болбошу керек" дегендин маанисин түшүндүрүп кетсем. Тергөө органдары сапаттуу иш алып барышы керек. Эгер сапаттуу иш болсо - күнөөсү жок адамдар тергелип сотко чейин жетпеши керек. Күнөөсү жок адам жоопкерчиликке тартылбашы абзел. Күнөөсү жок адам сотко келсе - анда ал акталышы керек. Күнөөлүүлөр кылган кылмышына жараша жаза тартсын.

"Коомдук анализ институтунун" жетекчиси Рита Карасартова Качыке Эсенкановдун айткандарын акылга сыйбайт деп эсептейт. Анын пикиринде, Жогорку соттун судьялары буга чейин жазасыз калып келген:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Мына бүгүн ал судьянын өзүнө кылмыш ишин козгоп жатышат. Ошол судьянын логикасы боюнча эми ал акталып чыкпашы керек. Ал "прокуратура жакшы иштейт, ошол үчүн акталбашы керек" дегендей айткан да. Мына эми өзүнүн башына келип жатат, ошондуктан судьялар деле "биз ушул эле мамлекетте жашап атабыз, эртең эле ушул системанын курмандыгы болуп калабыз" деп ойлонушу керек. Мына, айткан сөзүнөн бир ай өтпөй эле өзүнө кылмыш иши козголду. Бул аябай жакшы көрүнүш, себеби өз башыбызга келмейинче башка сотторго эмне деп жатканыбызды билбейт окшойбуз. Эмне себептен азыр коомчулук "Жогорку соттун судьяларына да кылмыш иши козголуп жатат" деп таң калып жатат? Себеби буга чейин жоопкерчиликке биринчи, экинчи эле инстанциянын судьялары гана тартылып калчу. Буга алар караган иш Жогорку сотко барып, ал жактан бузулганы негиз болчу. Ал эми Жогорку соттун чечимин эч ким буза албайт, "туура эмес" деп айта албайт, билгенин кылып эле жүрүшөт. Ушунчалык каалаганын жасап калгандыктан жанагындай "актоо өкүмүн чыгарбаш керек" дегендей сөзөрдү айтып калышкан.

Токбаеванын декларациясы

Жогорку соттун судьяларына козголгон кылмыш иши бул соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын өзү тууралуу талаш-талкууну да козгоду. Анын үч жылдык кызмат мөөнөтү быйыл аяктайт жана Токбаеванын тушунда сот адилеттигине, коррупцияга байланыштуу доомат күчөдү.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында анын кадр саясатын сынга алынган, "жердешчиликке жол берет, туугандарын, жакындарын сот системасына толтуруп алды" деген өңдүү материалдар жарыяланган. Европага жумушчу сапары менен барганда өзүнүн уулун расмий делегацияга кошуп алып жолугуушууларга чогуу алып жүргөнү сынга кабылган.

Айнаш Токбаева 3-июлда "Азаттыктан" суроолоруна жооп берип жатып мындай дооматтарды четке какты. Антсе да Ош облустук сотунун төрагасы Айвар Кубатов уулунун өкүл атасы экенин ырастады:

- Трайбализм тууралуу мага байланыштуу жазгандарды мен деле окугам. "Ал жеткен трайбалист, түндүктүктөрдү жек көрөт" деген пикирлерди мен деле окугам. Бул мага жаңылык болду. Мен элди түндүк-түштүк деп аймагына карап бөлбөйм. Мен өзүм токтогулдук болом. Баарыңыздар эле Токтогул кайсы жерде жайгашканын билесиздер. Бир да тууганымды ишке алып келген эмесмин. Тааныштар аркылуу ишке эч кимди алып келген эмесмин. Судья болгусу келгендер болсо, "ыйгарым укугу бар орган өзү тандайт, кийин өзү жооп берет" деп ал тармакка да кийлигишкен эмесмин. Сот системасы, судья болуу өтө татаал. Дайыма жаңжалдар менен иштейбиз. Жыргаган адам соттошпойт да. Ар дайым экинчи тарап нааразы, ызы-чуу. Өтө эле стресске туруктуу, чыдамкай адам судья боло алат. Буга чейин ЖМКда Кубатов (Ош облустук сотунун төрагасы Айвар Кубатов) тууралуу менин "кудам" деп жазышкан. Чынында ал менин экинчи уулумдун өкүл атасы. Өкүл атаны "таза, татыктуу адам, бизден кийин балдарды түз жолго жетелесин, баш-көз болсун" деген ниетте тандап коебуз да. Ал жакшы адам, балама ата, жубайы апа боло алат деп байкадым, ошондуктан аны тандадым.

Айнаш Токбаева: Трайбалист эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:52 0:00

​Буга чейин Айнаш Токбаеванын декларациясы кызуу талкуу жараткан. Былтыр, маселен, айлыгын, Токтогул районундагы 7,5 сотых жерин, бир унаасын эле көрсөткөн. Ошондо Бишкектеги үйү, Ош шаарында жаңы салынган хан сарайы тууралуу да сөздөр чыккан. Токбаева болсо декларацияда болгон мүлкүн көрсөтүп келерин айтууда:

- Менин малым бар, аны көрсөттүм. Илгертен эле мал кармайсың, ал төлдөйт, көбөйөт, тигил-бул жакка иштетесиң, кошумча деген бар. Кайсы бир маараке болсо соебуз, бала-бакыра менен аны жейбиз дегендей. Андан башка өзүмдүн кичи мекенимде 7,5 сотых жерим бар. Ал жакка буюрса өзүмө ылайыктуу, чакан турак жай куруп алайын деген ниетим бар, ошондой куруп алсам жакшы болот эле деп кыялданам. Анан айлыгым тууралуу ачык көрсөттүм. Учурда өтө орчундуу нерсе сатып ала элекмин. Күнүмдүк тириликтен арткан акчаны топтоп жатам. Анан балдарымдын бар нерселери жазылды.

Март айында Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун судьялыгына алты талапкерди - Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцованы, Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованы, Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушпаевди, Бишкектеги район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкуловду, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы Дамира Орозованы жана буга чейин судья болуп иштеген Нургүл Бакированы тандаган жана президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жөнөткөн. Жээнбеков Кымбат Архарованы маектешүүгө чакырбай койгон, ошондон улам ал арызын кайтарып алган. Өткөн айда Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөөнү - Ирина Воронцованы, Айдарбек Алымкуловду жана Дамира Орозованы өткөрбөй койгон эле.

27-июнда парламент Чынара Садырова менен Аскат Сыдыковду Жогорку соттун судьялыгына шайлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жогорку сотко татыктуу судьялар тандалбай жатат деп эсептейт:

- Жогорку сотко парламент аркылуу шайланып келип жаткан соттордун көбү сапатсыз же болбосо мурдагы бийликтегилерге кызмат кылып жүргөн, арасында Жаныш Бакиевдин достору да бар. Ошолор да көз жаздымда калып, тарых-таржымалы, басып өткөн жолу эске алынбай судьялыкка өтүп кетип жатышат. Адилеттүү, топту жарып чыга турган, коомду башка нукка бура турган судьяларды такыр көрбөй жатабыз. Менимче президент эми жаңы келгендиктен ар бирин карап үлгүрбөй жатат. Анын аппараты ар бирин талдап, коомчулукта жакшы пикир жарата турган адилеттүү адамдарды алып келүүгө балким тажрыйбасы жетпей жатабы, айтор мындай болбой жатат. Судьялыкка өткөндөрдүн көбү ошол эле Манас Арабаев менен иштешкен. Эки судья Жаныш Бакиевдин айтканын кылып жүргөн адамдар. Тартип комиссиясына булар тууралуу ондогон арыз жазылган. Жогорку Кеңеш эми "муну президент тандаган экен" деп эле алардын баарын өткөрүп жатат. Ушул туура эмес.

Жогорку сотто төрайымды жана үч орун басарын кошкондо 35 судья бар. Ушул тушта үч орун бош турат.

Аида Салянова: Соттор президентке саботаж кылды

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG