Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Соцтармактагы пикир сотко жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Фейсбукка" жазган пикирине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдын соту башталды.

Ушул жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жогорку окуу жайлардын бириндеги окутуучу Темир Болотбекке карата "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн алгачкы отурум бир сааттай эле созулуп, жараянда аудио жаздырууга гана уруксат берилди. Мамлекеттик айыптоочулар тергөөдөгү экспертизанын жыйынтыгында Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбек "Фейсбуктагы" совет доорунда Бишкекте салынган имараттар боюнча талаш-талкууда "совок" деген сөздөрдү колдонуп, "Советтер Союзун эңсегендер “Рашага” кеткиле" деген пикирлери улут аралык кастыкты козутканы аныкталганын билдирди.

Айыпталып жаткан профессор Темир Болотбек прокурорлордун айткан дооматтарын четке какты. Профессордун пикиринде, ал социалдык тармактарда өз оюн гана жазып, эч бир улутту басмырлаган эмес.

- Улут аралык кастыкты козуткам деп эсептебейм. Анткени ал жерде башка улуттарга шек келтирген сөздөр жок. Бул укук коргоо органдары сөз эркиндигине шек келтирип жатат.

Темир Болотбек айыпталып жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 299.1-беренеси ("Улут аралык кастыкты козутуу") оор кылмыштардын катарына кирет. Мындай айып менен сот күнөөлүү деп тапкан киши төрт жылдан жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Айыпталуучунун жактоочусу Жыргал Бабаев мындай деди:

- Айып туура эмес угузулган. Баш мыйзамдын 31-беренеси бар. Анда жарандар өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Бул жаман прецедент, конституциялык принциптер бузулуп жатат. Интернет сайттарга пикир жазганга кылмыш ишин козгой берсе болобу? Бул жерде эч ким арыз менен кайрылган эмес, УКМК өзү козгогон.

Темир Болотбектин 11-январда жазган пикирин адегенде "Vesti.kg" маалымат сайты сындап жазып, анда окутуучу жөнүндө "белгилүү улутчул" деген маанидеги макала чыккан. Темир Болотбек 3-4 жыл мурун орус улутун эмес, Орусиянын саясий системасын сынга алган пикирлерди жазып жүргөнүн билдирген.

Ошентип, Биринчи Май райондук сотунда бейшемби күнү өткөн алгачкы отурум бир сааттай эле созулуп, жараянда аудио жаздырууга гана уруксат берилди. Кийинки отурум 27-апрелге пландалды.

"Бөрк ал десе, баш албаш керек..."

Жарандык кодекстин 18-беренеси менен жарандардын ар-намысы, бедели коргоого алынган. Бул берененин талабына ылайык адамдын беделине шек келтирген жалган маалыматтар жокко чыгарылышы керек.

Кийинки убакта социалдык тармактарда регионализмге бөлүнүү, экстремизмге чакырык таштоо сыяктуу билдирүүлөр көбөйгөнүн айтып, "буга чек коюш керек" дегендер да бар. Алардын бири журналист Кайрат Жапаров мындай деди:

- Социалдык тармактан тараган билдирүү азыр таасирдүү болуп калды. Андыктан диний араздашууга, улуттук кастыкты козуткан адамдарга чара көрүш керек. Аны жазган адам тамашалап же бош отурганынан жазбайт. Ошол маселени көтөрүп, талкууга алып чыгууну максат кылып жатпайбы.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул социалдык тармактардагы пикири үчүн сот жообуна тартылып жаткан биринчи жаран эмес. Укук коргоочулар мындай көрүнүштү коомчулуктун эркин ой билдирүүсүнө чек коюу катары баалап жатышат.

Бул окуя боюнча "Медиа полиси" институту билдирүү таратып, анда окутуучунун билдирүүсү этикалык жактан туура эмес экенин белгилеп, бирок ал үчүн адамды эркинен ажыратуу аша чабуу экени жазылган. "Медиа полиси" институтунун юристи Алтынай Исаева өз оюн мындайча билдирди:

- Интернеттин ар бир колдонуучусу ачык мейкиндикте талкуу жүргүзүп жатканда сабырдуу жана сабаттуу болууну түшүнүшү зарыл. Бирок ой-пикир билдирүү күчөтүлгөн режимдеги абакка камалууга себеп болбошу керек.

Укук коргоочулар акыркы мезгилде пикир үчүн соттошуу көбөйгөнүн айтып, бул сөз эркиндигине көлөкө түшүрөөрүн белгилешет.

Интернеттеги сын-пикирлер үчүн сурак берүү өнөкөтүнөн улам социалдык тармактын колдоонуучулары өз оюн билдирүүдөн чочулап калгандай. Азыркы учурда социалдык тармактагы пикири үчүн активист Мавлян Аскарбеков менен Темирлан Ормуков сот жообуна тартылууда. Алар "Фейсбукта" бийликке сын-пикирлерди жазып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG