Муралиевдин соту аткаминерлерге эскертүүбү?

Altynbek Muraliev

Бишкек шаардык соту өкмөттүн мурдагы бөлүм башчысы Алтынбек Муралиевди 22 жылга эркинен ажыратты. Ага мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылган.

Чыккынчылыкка шектелген өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев боюнча өкүмдү Бишкек шаардык соту чыгарды. Жабык өткөн жараянда соттук коллегия Муралиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 22 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады:

- Бишкек шаардык сотунун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы 2-сентябрда бул ишти карап, Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу (304-берене), мамлекетке чыккынчылык (298-берене). Мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөйт.

Алтынбек Муралиев 2014-жылдын ноябрь айында камакка алынган. Ал өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеп туруп, мамлекеттик сыр камтылган документти башка өлкөгө берген деп айыпталган.

Быйыл май айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Муралиевди 12 жылга соттогон болчу. Бирок шаардык сот анын айыбын дагы катаалдантып, 22 жылга кесип отурат.

Мамлекетте тийиштүү мыйзамдар кабыл алынган. Аны мамлекеттик кызматка барган жарандар толук сакташы керек.
Чолпонкул Арабаев

Бейрасмий булактар Муралиевдин иши Кумтөр долбоорунун айланасында десе, айрымдар чек ара маселесине байланыштуу деп айтып келишет.

Бирок кайсы мамлекеттин пайдасына иштегени жана кандай документ бергени ачыкка чыга элек. Себеби, мамлекеттик сыр камтылган иш болгондуктан тергөө жана сот процесстери башынан аягына чейин жабык өттү.

Алтынбек Муралиев мурдагы премьер-министр, белгилүү саясий ишмер Амангелди Муралиевдин уулу. Экс-премьер уулуна тагылган айып боюнча эч кандай комментарий бербей келет.

Алтынбек Муралиев айыпталган иш Кыргызстанда мамлекеттик сырды жарыялоого байланышкан ири чатак болуп калды. Буга чейин парламентте дал ушул сыяктуу иш катталып, бирок кийин айыпталгандар соттон акталып чыккан эле.

Сыр канчалык купуя?

Ошондуктан, өлкөдө мамлекеттик сыр канчалык деңгээлде сакталат деген суроого жем ташталды.

Ал эми мамлекеттик кызматта иштегендер Муралиевдин окуясынан соң сыр камтылган документтерге талаптар мурдагыга караганда күчөгөнүн белгилешет.

Мындай талаптар жогорулап жатканын коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да белгилейт. Вице-премьер мындай чаралардын бири катары парламенттеги айрым маселелердин жабык өтүп калганын атады:

- Бул жаатта биз иш алып барып жатабыз. Коопсуздукту күчөтүү боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүүдө. Мисалы, Жогорку Кеңешке барганда деле мамлекет коопсуздугуна байланышкан маселелерди жабык кароого аракет кылып жатабыз.

Мурдагы Кадр кызматынын башчысы Чолпонкул Арабаевдин айтымында, өлкөдө мамлекеттик сырды сактоого байланышкан бардык укуктук документтер кабыл алынган. Бирок Арабаев маселенин баары мына ушул мыйзам, талаптардын сакталбай жатышында дейт:

- Мамлекеттик кызматкер сырды иштеп турганда да, иштен кеткенде да деңгээлине жараша үч жылдан кийин, беш жылдан кийин ачыкка чыгарбашы керек деген маселе бар. Бул жагынан мамлекетте тийиштүү мыйзамдар кабыл алынган. Аны мамлекеттик кызматка барган жарандар толук сакташы керек. Бирок аны сактабай туруп, Муралиевге окшогон кырдаалга кабылып калганы абдан жагымсыз көрүнүш.

Ар кандай хакердик чабуулдарга да туруштук бере албайбыз. Ошондуктан, бул жерде абдан терең талданган иш алып баруу керек.
Артур Медетбеков

Кыргызстанда мамлекеттик сырга байланышкан өкмөттүк органдарда электрондук кат алышуунун купуялуулугу, киберкоопсуздук сыяктуу маселелер жолго коюлбаганын байкоочулар айтып белгилешет. Көпчүлүк түзүмдөр сырды сактай турган электрондук системаны иштеп чыккан эмес.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков бул жаатта көңүл бурчу маселелер арбын экенин төмөнкүчө айтып берди:

- Тилекке каршы, бүгүнкү күндө электрондук коопсуздук жаатында маселелер абдан көп. Себеп дегенде, мамлекеттик органдарда жеке электрондук почталар колдонулуп, андагы маалыматтар ар кайсы жакка чыгып кеткен учурлар көп. Ал эми жеке почтаны бат эле ачып, андагы маалыматты колдонуу, бурмалоо оңой. Ошол эле ар кандай хакердик чабуулдарга да туруштук бере албайбыз. Ошондуктан, бул жерде абдан терең талданган иш алып баруу керек.

Чет өлкөлөрдө мамлекет үчүн маанилүү маалыматтар камтылган документти жеке почтадан жибергени үчүн чатак чыккан учурлар бар. Ал эми Кыргызстанда бул кадыресе көрүнүш катары кабылданат.