Укук коргоочулар кыйноо фактыларынын дээрлик көпчүлүгү сотко жетпей каларын айтып жатышат. 2025-жылы Башкы прокуратура 188 кыйноо фактысын каттаган болсо, алар боюнча 15 кылмыш иши козголуп, бешөө гана сотко жеткен.
"Иштетпейт, айып изоляторуна камайт"
Кыргызстанда соңку кезде абакта жаткан активисттер, саясатчылар шартка жана адамгерчиликсиз, ырайымсыз мамилеге даттанып, бир нече ирет кайрылышкан.
Алардын бири аялдар абагында камалып турган жарандык активист Каныкей Аранова кыйноого кабылганын бир нече жолу билдирген. Ал түрмө жетекчилигинин кысым, басымына кабылып, айып изоляторуна кармалганын адвокаты, жакындары аркылуу айтып чыккан. Эжеси Ырысгүл Аранова Каныкей айыпталган беренесинен улам түрмөдө башкалардай иштей албай жатканын "Азаттыкка" билдирди:
Ырысгүл Аранова
"Айып тагылган кылмыш беренесинен улам Каныкей күчөтүлгөн режимде кармалып турат. Колу иштүү, көп нерсе келет. Кол өнөрчүлүккө кызыкчу, буюм-тайым тигет. Бирок ал жакта иштөөсүнө уруксат беришпеди. Кесиби боюнча медайым. Санитардык бөлүккө иштейин десе ал жакка да алышпады. Кармалып тургандардын кан басымын өлчөөгө медайым таппай калышат дейт. Бир аз иштесе өзү да алаксыйт эле. Каныкейди камера жок жерлерде уруп-согуп, какмалаган учурлары да болот экен".
Жакында эле эркиндикке чыккан активист акын Аскат Жетиген №27 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кезинде абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алган учурлар болгонун жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканын билдирген.
Ушул эле жайда отурган саясатчы Алга Кылычов мекеменин кызматкери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенине даттанган.
Дагы караңыз
Акыйкатчынын өкүлдөрү абактагы Алга Кылычов менен Аскат Жетигенден кабар алдыПрезидент Садыр Жапаров 7-сентябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алган учурда кыйноолорго кабылган жарандардын арыздарын толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам кепилдеген укуктарын коргоону камсыз кылуу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле укук коргоо органдарынын мүмкүн болуучу басымынан же мыйзамсыз аракеттерден коркпой, жарандардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.
Президент бул багытта акыйкатчы институтуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин да айтты.
"188 фактынын бешөө гана сотко жетсе, анда да актоо чечими чыккан"
Президенттин кыйноо фактыларын иликтөө тапшырмасы тууралуу кабар жарыяланары менен "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова өлкөдө кыйноо фактыларына укук коргоо органдарынын мамилеси тууралуу маалымат таратты. Ал Фейсбуктагы баракчасына прокуратура каттаган кыйноо фактыларынын териштирилиши дээрлик 95% аягына чыкпай каларын жазды.
Гүлшайыр Абдирасулова
"Биз жакында эле адвокат кесиптештерибиз менен анализ кылдык. Башкы прокуратуранын ачык маалыматтарына караганда, 2025-жылы 188 кыйноо жана катаал мамиле жасоо фактысы катталган, анын ичинен 15ине кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 5 факты боюнча иш сотко ашырылган. 122 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, анын ичинде 24 факты УКМКдагы, 72 факты Ички иштер министрлигинде, 26 факты Жаза аткаруу кызматындагы кыйноо фактылары боюнча. Сот статистикасындагы маалыматтарга караганда, 2021-2024-жылдары кыйноо фактысы боюнча сотто алты иш каралса, бардыгына актоо чечими чыккан. 2025-жылы биринчи инстанциядагы соттор үч ишти карап, биринде айыптоо чечими чыккан, дагы бир иш башка сотко өткөрүлүп берилген. Демек, жүздөгөн кайрылуулар бар, бирок кылмыш иштери жок. Ал жок болгон соң, иликтөө да жок. Ал эми сотко жетип жаткан бирин-серин иштер актоо менен аяктайт. Коомчулукта ырайымсыздык күч алганын айтып жатабыз, кыйноолордун жазасыз калып жатышы - ырайымсыздыкты күчөтөт, ал коомчулукта катардагы көрүнүш катары тарап жатканы өкүнүчтүү", - деп жазды Абдирасулова.
Укук коргоочунун маалыматын акыйкатчынын кеңсеси "Азаттыкка" берген маалымат да ырастап турат. Ага ылайык, 2025-жылы омбудсменге кыйноо тууралуу 56 арыз түшсө, анын ичинен бир факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Дагы караңыз
"Баш сөөгү сынып, кан тамыры жарылган". Өзгөндө кыйноого шектелген үч милиционер кармалдыАкыйкатчынын орун басары Медербек Усаровдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын 8 айында кыйноо фактысы боюнча 52 даттануу болду:
Медербек Усаров
"Жогорку Кеңештин демилгеси жана чечими менен “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынып, анын негизинде кыйноолорду алдын алуу функциясы акыйкатчы институтуна өткөрүлүп берилди. Январь айынан тартып акыйкатчы институтунун алдында Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдарынын адам укуктарын сакташына мониторинг жүргүзүү борбору (башкармалыгы) иштеп баштады. Белгилей кетсек, ар борбордун өзүнүн шыр байланышы бар. Андан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарындагы жабык мекемелерге акыйкатчынын анонимдүү кутучалары орнотулган. Тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп жатат. Негизи акыйкатчы институту мурда деле кыйноолорду алдын алуу жана бул жааттагы кайрылуулар менен иш алып барып келген. Атайын борбор түзүлгөндөн кийин иш күчөтүлдү. Ага бул жаатта кайрылуулардын саны көбөйгөнү эле далил. 2025-жылы кыйноо тууралуу 56 арыз түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын 8 айында 52 даттануу болду".
Усаровдун маалымдашынча, акыйкатчы институту кыйноолорду алдын алуу иш-чараларын тынымсыз жүргүзүп келет. Ар кайсы тармактагы мекемелердин кызматкерлерине атайын лекциялар уюштурулат. Андан сырткары, жабык жана эркиндиги чектелген жайларга такай мониторинг, инспекция жүргүзүлөт. Быйыл сегиз айда мониторингдердин саны эки эсе көбөйдү.
"Президенттин позициясы реформалар менен уланышы керек"
Адвокат Акынбек Ногоев да кыйноо фактыларына байланыштуу териштирүүлөрдүн дээрлик бардыгы аягына чыкпай, сотко жетпей калып жатканын белгилөөдө. Буга Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушун негиз кылган юрист аталган борбор жалаң эле УКМК, ИИМдин жабык жайларындагы же түрмөлөрдөгү эмес, аскердик бөлүктөрдө, жетим балдар үйлөрүндө, интернаттарда, психикалык жактан жабыркаган адамдардын стационардык интернаттарында да кыйноо фактыларын аныктап турганын билдирди:
Акынбек Ногоев
"Президент Садыр Жапаровдун акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен 7-сентябрдагы жолугушуусунда кыйноо тууралуу кайрылуулар болгондо акыйкатчы институту толук жана ар тараптуу иш алып барып, укук коргоо органдарынын мүмкүн болгон басымынан коркпостон жарандардын укуктарын коргошу керектигин өзгөчө белгиледи. Бирок бул жолугушуудагы тапшырма натыйжалуу иштеген укуктук жана институционалдык механизмдер менен бекемделиши керек. Кыйноолорду алдын алуу боюнча өз алдынча иштеген улуттук борбор жоюлуп, анын функциялары акыйкатчы институтуна өткөрүлдү. Ошол эле учурда акыйкатчы Жогорку Кеңешке отчет берген кеңири мандаттагы институт. Ал кыйноолор боюнча арыздарды өз алдынча кылмыш-жаза тартибинде тергеп, күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл ала албайт. Ошондуктан негизги маселе кыйноо жөнүндө арызды ким кабыл аларында эмес, аны укук коргоо органдарынан чындап көз карандысыз, ыкчам жана натыйжалуу ким териштиреринде.
Кыйноого кабылган адам мамлекеттен жөн гана мониторингди же сунуштаманы эмес, коопсуздугун камсыз кылууну, көз карандысыз медициналык кароону, далилдерди дароо жаздырып калууну, натыйжалуу соттук коргоону күтүүгө укуктуу. Ошондуктан президенттин адам укуктарын жана кыйноого кабылган адамдарды чечкиндүү коргоо тууралуу позициясы конкреттүү институционалдык реформалар менен улантылышы зарыл. Кыйноолорго каршы күрөштө эң башкы кепилдик - арызды ошол эле системанын ичинде текшерүү эмес, көз карандысыз жана натыйжалуу тергөө механизмин түзүү".
Дагы караңыз
Кыйноолорду алдын алуу борбору жоюлду. Жабык жайлардагы укукту ким коргойт?Кыргызстанда укук коргоо органдарында, жабык мекемелерде кыйноо фактыларын азайтуу жана алдын алуу максатында 2012-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Аталган борборго кыйноо фактыларын иликтөө максатында жабык мекемелерге күнү-түнү, эч кандай эскертүүсүз кирүүгө мыйзамдуу уруксат берилген. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, мыйзам бузууларды аныктап, жарыялап келген.
2025-жылы улуттук макамдагы бул борбор жоюлуп, акыйкатчы институтунун курамына киргизилген.
Мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан учурда бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коом өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.
Жергиликтүү укук коргоо уюмдары президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоону өтүнүшкөн.
Мыйзам кабыл алынган соң Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк билдирүү таратып, улуттук борбордун жоюлганын айыптаган.
Акыйкатчы институту эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнүн тынчсыздануусуна байланыштуу билдирүү таратып, өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени алдын алуу боюнча активдүү ишти улантарын билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абакта азап тарткандар