"Кыздар аз төрөлүп, эркек балдар көбөйдү". Борбор Азиядагы тандалма аборттун кесепети

Иллюстрация: Роман Ким

Жыл сайын Борбор Азияда аборттон улам миңдеген кыздар төрөлбөй калат. Коомдогу патриархалдык түшүнүктөн улам айрым үй-бүлөлөр уулдуу гана болгусу келишет.

Социологдор жана репродуктивдүү саламаттык боюнча адистер баланы жынысына карап тандоо дискриминацияны айгинелеп эле тим болбостон, олуттуу кесепеттерге кептеп жатканын айтышат.

"Азаттык Азия" Борбор Азия мамлекеттери тандалма аборт тажрыйбасынан эмнеге дале арыла албай атканын жана анын үй-бүлө, коомго тийгизген терс таасирлерин талдады.

Нафисанын тагдыры

50 жаштагы Нафиса Ташкенттин тургуну. Ал бир кезде кабыл алган чечимин жашоосундагы эң оор чечимдердин бири деп эсептейт. Ошол учурда ал жолдошу менен эки кызын тарбиялап жаткан. Кайрадан кыз күтүп жатканын билгенден кийин, Нафиса боюнан алдырууну чечкен. Жолдошу да аны туура көргөн.

"Жолдошум кыздарын абдан жакшы көрөт, аларды дайыма эркелетчү. Бирок ошол эле учурда уулдуу болгусу келерин жашырчу эмес. Мен үчүнчү төрөттөн кийин мындан ары төрөбөй коюуну ойлогом. Дагы кыз болуп калса, уулдуу болуу үчүн төртүнчү төрөттү ойлонууга туура келмек. Ден соолугум начарлап кеткен, организм мындай жүктү көтөрө албай турганын сездим. Ошондуктан үчүнчү кош бойлуулугумду токтоттум", — деп айтып берди маектеш.

Эки жылдан кийин Нафисанын дагы боюнча бүткөн.

"12 ай болгондо УЗИден уул болушу мүмкүн деп айтты. Ден соолугума карабай аны алдырган жокмун, уул төрөп алдым", — деди ал.

Тукумду улантуучу катары уулду артык көрүү түшүнүгү Чыгыш өлкөлөрүндө кылымдар бою калыптанып келген. Бирок УЗИ (ультра добуштуу изилдөө) кеңири жайылганга чейин баланын жынысын төрөлө электе аныктоо мүмкүн эмес болчу. УЗИ жана заманбап кан анализдери бул мүмкүнчүлүктү ачып, ошол эле учурда жынысына карап аборт жасоого, кыз экени билингенде эле түйүлдүктү кыя чабууга жол ачты.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө ар бир жаңы төрөлгөн 100 кызга орточо 105 эркек бала туура келет. Бул көрсөткүч көптөгөн коомдордо ондогон жылдар бою туруктуу бойдон сакталууда. Борбор Азиядагы Өзбекстан менен Тажикстанда бул катышта айырмачылык байкалат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда ар бир 100 кызга болжол менен 107 эркек бала, ал эми Тажикстанда 110 эркек туура келет.

Мындай тең салмаксыздык медициналык текшерүүлөр түйүлдүктүн кыз экенин көрсөткөндө айрым аялдардын кош бойлуулукту токтотуусу менен байланыштуу. Көп учурда бул күйөөсүнүн же кайын журттун басымы менен ишке ашат.

Абортко мажбурлоо

Тажикстанда да, Өзбекстанда да аялдын каалоосу менен абортко 12-жумага чейин уруксат берилет. Андан кийинки мөөнөттөрдө абортту жүйөлүү себептер болгон учурда гана жасоого уруксат.

Бирок иш жүзүндө бул чектөөлөрдү айланып өтүүнүн жолдору бар экенин Фергана шаарында жайгашкан энелер менен балдардын социалдык-укуктук укуктарын коргоо менен алектенген "Мехржон" бейөкмөт уюмунун психологу Муаззам Ибрахимова билдирди.

"Мен аялдарды кош бойлуулуктун 21-жумасында да бойдон алдырууга мажбурлашкан учурларды билем. Буга түйүлдүктүн кыз экени билингени гана себеп болгон", — дейт Ибрахимова.

Муаззам Ибрахимова

Тажикстандын да, Өзбекстандын да мыйзамдарына ылайык, аборт үчүн аял жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок эки өлкөдө тең аялды аборт жасатууга мажбурлагандарга же абортту мыйзамсыз жүргүзгөндөргө карата кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Анткен менен көп учурда аял өзүнө карата зомбулук жасалып жатканын аңдабай калышы мүмкүн. Дүйшөмбү шаарындагы "Зеркало" социологиялык изилдөө борборунун директору Гүлнора Бекназарова буларды айтып берди:

"Мажбурлоо - зомбулуктун бир түрү. Бирок мажбурланган аборт жөнүндө көбү эле айта бербесе керек. Анткени мындай зомбулук болгонун айтуудан мурда анын зомбулук экенин түшүнүү керек. Адам муну дайыма эле аңдай бербейт. Ал тургай өзү да аборт керек деген адамдардай ойлонуп калышы ыктымал", - дейт Бекназарова.

Баланын жынысы эркекке көз каранды

Өзбекстандын Фергана шаарынын тургуну Гүли 35 жашта. Ал кош бойлуу болгон ар бир учурда күйөөсү жана анын үй-бүлөсү эркек бала төрөлүшүн каалайт. Гүли төртүнчү жолу кош бойлуу болгондо дарыгерлер дагы кыз төрөлөрүн айтышкан. Ошондон кийин кайын журту баланы бойдон алдырууну талап кыла баштап, Гүли ага көнгөн эмес. Күйөөсү уулдуу болуу үчүн экинчи аял аларын айткан.

"Башында күйөөмдү тамашалап жатат деп ойлогом. Кайненем кыз төрөлгөнүнө мени күнөөлөп келген. Төртүнчү кызым төрөлгөндөн кийин, уулун экинчи аял алууга көндүрдү. Анткени үстүмө аял алса, көптөн күткөн уул төрөлөт деп ойлонгон. Ошентип күйөөм бизди кордоп, аял алып алды. Ал аялдан төрт кыздуу болду, азыр жалпы сегиз кызы бар", - деди ал.

Эркек балдарды артык көрүү Өзбекстанда демографиялык тең салмаксыздыкка алып келди. Расмий статистикага ылайык, акыркы 25 жыл ичинде өлкөдө кыздарга караганда уул балдар 650 миңге көп төрөлгөн. Ушундай эле көрүнүш бир нече жылдан бери коңшу Тажикстанда да байкалууда.

Дүйшөмбүдөгү Vita медициналык-генетикалык борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири, генетик Фарангис Мамадбокированын айтымында, биологиялык көз караштан алганда мындай олуттуу айырма табигый эмес көрүнүш.

"Эркектерде X жана Y хромосомаларын алып жүргөн сперматозоиддер болжол менен бирдей өлчөмдө, башкача айтканда 50гө 50 катышында түзүлөт. Демек, башынан эле эркек же кыз баланын төрөлүү мүмкүнчүлүгү дээрлик бирдей. Айрым биологиялык айырмачылыктарды эске алсак да, алар өлкө деңгээлинде мындай олуттуу тен салмаксыздыкты жарата албайт", - деп белгилейт Мамадбокирова.

Фарангис Мамадбокирова

Генетиктин айтымында, баланын жынысы генетикалык жактан аныкталат жана ал эркекке көз каранды.

"Ар бир адамда 23 жуп хромосома болот жана дал ушул 23-жуп баланын жынысын аныктайт. Аялдарда бул XX, ал эми эркектерде XY болот. Жумуртка клеткасы ар дайым X-хромосоманы алып жүрөт, ал эми сперматозоид X же Y хромосоманы алып жүрүшү мүмкүн. Эгер XX айкалышы пайда болсо кыз төрөлөт, ал эми XY болсо эркек бала төрөлөт".

Илимдеги, медицинадагы мындай тыянакка карабай, баланын жынысына аял жооп берет деген түшүнүк айрыкча Борбор Азия мамлекеттеринин коомунда дагы деле кеңири тараган. Бул өлкөлөрдө уул төрөлбөсө, күнөө көбүнчө энеге жүктөлөт.

Ушундай жаңылыш түшүнүктөрдөн улам тажикстандык Марьям өзбекстандык Гүлинин тагдырын кайталап калуудан кооптонууда. Дүйшөмбү шаарынын 32 жаштагы тургунунун төрт кызы бар, ал эми күйөөсү акыркы убакта үй-бүлөнүн "толук бактысы" үчүн уул жетишпей жатканын улам көбүрөөк айтып жүрөт.

"Ар бир кызым төрөлгөн сайын ал ачуулуу жана мага кайдыгер боло баштады. Достору менен туугандарына аралашуудан да уялып калды", - дейт ал.

Марьям кайненеси да өзүнө нааразы экенин жашырбай турганын айтып берди. Ал келинин үй-бүлөгө "мураскер" төрөп бере албаганы үчүн ачык эле күнөөлөйт экен.

Мындай учурда Марьям эжесинин тагдырын көп эстейт. Себеби, бир тууган эжеси да үч кыз төрөгөндөн кийин күйөөсү менен ажырашууга аргасыз болгон.

"Күйөөм да жырашуу тууралуу сөз кылып калабы деп корком. Же болбосо жашыруун экинчи аял алып алабы деп чочулайм", — дейт ал.

Коомчулуктагы мындай пикирлердин түпкү себебин психолог Муаззам Ибрахимова түшүндүрүп берди:

"Биздин коомдо уулдуу болуу эркекке автоматтык түрдө макам берип, анын чыныгы "эркек" экенин далилдейт деген жаңылыш түшүнүк дагы эле бар. Тилекке каршы, калктын билимсиздиги, салттардын күчтүүлүгү адамдардын турмушта туура эмес чечимдерди кабыл алышына алып келүүдө".

Өзбекстандын репродуктологдор ассоциациясынын президенти, Репродуктивдүү медицина жана генетика институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Дилмурад Иргашев да бул көйгөй элге терең сиңип калганына кошулат.

Анын айтымында, аялдарга болгон басым патриархалдык түшүнүктөрдөн улам күчөйт. Анткени уул жөн гана тукумдун улантуучусу эмес, ата-эненин карыганда таянычы катары да каралат.

"Алардын түшүнүгүндө бала үй-бүлөдө калып, анын балдары, башкача айтканда неберелери да өз тукуму болуп эсептелет. Ал эми кызды турмушка берип жиберебиз, ал башка үй-бүлөгө өтүп кетет деп ойлошот", — дейт Иргашев.

Кыздардын ысымдары: Ырым-жырымдар

Борбор Азияда эркек баланын төрөлүшү үй-бүлөнү сактап калуунун маанилүү шарты катары кабыл алынган түшүнүккө байланыштуу ишенимдер, салттар жана эски үрп-адаттар миңдеген тагдырларга кесепетин тийгизүүдө.

Эгер кыз удаа төрөлө берсе, Тажикстанда кичүү кыздарга ырымдалып, экинчи, үчүнчү же төртүнчү кызга Кифоя ("жетишет"), Басгүл ("гүлдөр жетиштүү", башкача айтканда, кыздар жетиштүү), Хотима ("акыркы") деген ысымдар ыйгарылат. Мунун артында кийинки бала уул болот деген үмүт камтылган.

Ушундай эле көрүнүш чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да кездешет. Казакстанда уулду самаган ата-энелер кыздарына Улжан, Улболсун, Ултуар деген ысымдарды, Кыргызстанда болсо ушуга окшош Уулжан, Уулболсун, Уулкелди, Уулай же Бурул, Токтобү, Кайрылбү, Болдукыз, Жаңылсын, Бурулсун деген аттар берилет.

Түркмөнстанда да ушундай эле көрүнүш. Огулкерек ("уул керек") жана Огулкелди ("уул келди") деп ырымдашат. Өзбекстанда болсо кийинки наристе уул болсун деген ниет менен кызына Угилой, Умида деген ысымдар коюлат.

Бүгүнкү күндө мындай ысымдарды койгондор сейрек болуп баратканы байкалат. Бирок анда катылган түшүнүктөр жана көз караштар дале сакталуу.

Бул түшүнүктөр айрым каада-салттарда да камтылган. Маселен, Тажикстандын кээ бир аймактарында азыркыга чейин келинди алып келген күнү колуна кичинекей бала, көбүнчө эркек бала карматышат.

"Ширин шавад, шакар шавад, аввалин писар шавад" же "өмүрү канттай таттуу болсун жана биринчи уул төрөлсүн" деп айтышат.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Тажикстанда эркектердин саны аялдарга караганда көп. Өлкө калкынын 50,7 пайызын эркектер, 49,3 пайызын аялдар түзөт. Өзбекстанда 50,4 пайыз эркек, 49,6 пайыз аялдар. Айрыма балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында көбүрөөк байкалат.

Тандалма аборттордун коомго таасири

Эксперттер жынысына карап жасалган аборттор олуттуу социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскерте баштады.

Дүйшөмбүдөгү "Зеркало" Социологиялык изилдөөлөр борборунун директору Гүлнара Бекназарова: "Биринчи кезекте бул никедеги тең салмаксыздыкты жаратышы мүмкүн. Эркек балдар көп, ал эми кыздар аз болуп атат. Мунун кесепети биринчи кезекте эркектерге тиет, анткени алардын саны аялдарга караганда көбүрөөк болот. Өзгөчө бул алыскы аймактарда жашаган, кирешеси аз, билимсиз эркектерге таасир этет. Алар коомдон обочолонуп калуу коркунучуна кабылат, анткени үй-бүлөлүү, балалуу эркек деген кадимки образдан сыртта калышат. Мындан тышкары, эркектер кеч үйлөнүп, никенин саны да азайышы мүмкүн. Тең салмак бузулат".

Анын пикиринде, мунун терс таасири аялдарга да тийет.

"Макулдашылган никелер көбөйүшү мүмкүн. Бул Борбор Азиядагы патриархалдык коомдорго мүнөздүү көрүнүш. Аялдардын саны азайган сайын аларга болгон басым да күчөйт. Коомдун жана үй-бүлөнүн аларга койгон талаптары өсөт, анткени аялдар тартыш ресурска айланып калат", - дейт эксперт.

Бириккен Улуттар Уюму мындан он жыл мурда эле Түштүк Азияда, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Борбор Азияда кеминде 170 миллион аял жетишпей турганын билдирген. Бул көрүнүш аймактагы элдердин уулдуу болууну артык көрүп, жынысына жараша аборт жасатууга барышы менен байланыштуу экени белгиленген. БУУ төрөткө чейинки жыныстык тандоону "жийиркеничтүү басмырлоонун бир түрү" деп атап, ага чекит коюуга чакырган.

Өзбек бийлиги тандалма аборттун алдын алууга аракет кылып келет. Бул үчүн маалыматтык өнөктүктөргө дин кызматкерлерин тартып, балдарды жынысына карап бөлбөөгө чакырган социалдык роликтерди чыгарып жатат.

Өзбекстандын репродуктологдор ассоциациясынын президенти Дилмурад Иргашев жарандарды тандалма аборттон баш тарттыруу үчүн диний жүйөлөрдү келтирүүгө аргасыз экенин айтып берди.