"Кемчилик жана мүчүлүштүк болгон"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөш алкагында жүргүзгөн ишинде кемчиликтер болгонун мойнуна алды. Мекеменин башчысы Максат Асаналиев республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып бул өнөктүк алкагында мамлекеттин мүлкүн өзүнө кайра кайтаруу ишинде айрым мүчүлүштүктөр кеткенин айтты.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме 23-ноябрда Бишкекте өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Атайын кызматтын төрагасы мамлекет башчынын жер-жерлерде жарандар менен жолугушууларында мүлк маселеси да көтөрүлүп жатканына токтолду. Анын белгилешинче, арыз-даттануулар негизинен мүлктү жана жарандык укуктарды коргоого, укук коргоо, тергөө жана сот органдарынын чечимдерине байланыштуу болду.
"Акыркы беш жылда укук коргоо органдары жүргүзгөн уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш алкагында мамлекетке өткөн мүлктү кайтарып берүү тууралуу жарандардын арыздары өзгөчө көңүл бурууда, - деди Асаналиев.
УКМК башчысы айрымдар мурда мамлекетке өткөрүлгөн мүлк боюнча чечимдерди кайра карап чыгууну суранып жатканын, бирок алар мыйзамда көрсөтүлгөн тартип менен алынганын, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен активдер боюнча мамлекеттин укугу калыбына келтирилгенин, бирок кемчилик бар экенин айтты.
Максат Асаналиев
"Бирок бул иштин жүрүшүндө айрым кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр болгонун белгилеп кетүү керек. Алар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тиешелүү тыянак чыгарып, мындан ары аларга жол бербөө боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында кайрылууларды жана даттанууларды кароо мөөнөтүнө жана сапатына көзөмөл күчөтүлдү. Арыздарды жана даттанууларды ар тараптуу жана объективдүү кароо, алар боюнча мыйзамдуу чечимдерди өз убагында кабыл алуу тапшырмалары УКМКнын бардык деңгээлдеги жетекчилерине жеке көзөмөлгө алуу үчүн жүктөлдү", - деп белгиледи Асаналиев.
УКМКнын билдирүүсүнүн кийинки талкуу
Атайын кызматтын башчысынын бул билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратууда.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова УКМКнын башчысынын билдирүүсү сөз бойдон калбашы зарылдыгын, кандай мүчүлүштүк кеткенин, кандай чара көрүлүп жатканын да коомчулук билиши керектигин айтууда. Анын белгилешинче, мүлккө байланыштуу кандай гана маселе болбосун, сот аркылуу гана чечилиши зарыл:
Клара Сооронкулова
"Мүлктү мамлекетке өткөрүп алуу так мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керек. Эгер адам кылмыш жасаса, мыйзамда каралган учурда мүлкү конфискацияланышы мүмкүн. Ал эми мүлк мыйзамсыз алынган же мыйзамсыз курулган деп эсептелсе, бул сотто далилденип, чечим сот аркылуу гана чыгышы зарыл. Ошондой эле айрым объектилер мурда мыйзамсыз же коррупциялык схемалар аркылуу берилген болушу мүмкүн деген дооматтар бар. Мындай учурларда көз карандысыз комиссия түзүлүп, ар бир факты дыкат иликтениши керек. Коомчулукка мүлк кандай негизде мамлекетке өткөрүлгөнү, алардын азыркы макамы кандай экени, кимдин карамагында турганы жана мамлекетке кандай киреше алып келип жатканы ачык көрсөтүлүшү зарыл. Азыр ушул суроолор боюнча жетиштүү ачыктык жок. Негизинен башынан тартып эле бул жараян туура уюштурулган эмес деп эсептейм".
Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров 23-ноябрда Exclusive KG YouTube каналына курган маегинде мүлк маселесине келгенде негизги чечүүчү орган сот экенин белгилеп, кылмыштуулукка каршы күрөш "туура эмес жакка кетип калган" деген оюн айтты:
Акылбек Жапаров. Архив.
"Конституция боюнча сот аркылуу гана алыш керек. Бирок "кылмыштуулукка каршы күрөш" деп, жанагы "мыйзамдагы ууру" жоголгондон кийин ушу аябай катуу өрчүп кетти да. Анткени анын дептеринде бар экен, "булар менен чогуу жүргөн экен, мындай кылыш керек экен" деп эле анан ушу туура эмес жакка кетип калды".
Мурдагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун жетектеген укук коргоочу Бакыт Рысбеков президенттин эл менен жолугушууларында айтылып жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө прокуратура органдарынын ролу чоң экенин айтууда:
Бакыт Рысбеков
"Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратуранын түздөн-түз милдети. Эгер бул орган мыйзам бузууларга көз жумуп, чара көрбөй отурбаса, мындай көрүнүштөр жаралмак эмес. Президент өлкөнү кыдырып жүргөндө көптөгөн көйгөйлөр көтөрүлүүдө. Чынында алардын басымдуу бөлүгүн, болжол менен 70 пайызын, прокуратура өз ыйгарым укуктарынын алкагында эле чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Калган маселелерди жергиликтүү бийлик, милиция жана акыйкатчы институту чечсе болмок. Тилекке каршы, бул көйгөйлөрдүн көбү мамлекет башчысы көңүл бурмайынча ордунан жылбай жатат".
Жемкорлукка каршы күрөштөн канча акча түшкөн?
Улуттук коопсуздук комитети жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин быйыл 13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирген.
Дагы караңыз
Жапаров Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү"Коррупцияга каршы күрөш катуу темпте жүрдү. 4 миллиард доллардай, башкача айтканда, 300 миллиард сомдон ашык түшүптүр отчет боюнча. Ошол акча кайда кетти?" деген суроого мамлекет башчы:
"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда "Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, бирөөдөн ноутбук конфискация кылып жатса, Райымданбы же "мыйзамдагы ууруданбы", же "кустуруп" жаткандарданбы... Же, мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы? Канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда толтура мүлк сатылбай турат, жүздөп саналат. 1 миллион доллар турса 10 миллионго баалап алып келип алган да кийин кайра сата албай калган. Ал үчүн Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө комиссия да түздүргөм", - деп жооп берген.
Ошону менен катар Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн пайда болгон жок деп айтуу да мүмкүн эместигин белгилеген. Мамлекет башчы "пайда жакшы эле болду" деп, "мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын" кошумчалаган.
Дагы караңыз
Ташиевдин тушунда мамлекетке өткөн мүлк кайда?УКМК соңку беш жылда мамлекеттин кирешесине 352 миллиард сом кайтарганы, бул 4,14 миллиард долларга барабар экени быйыл 29-январда атайын кызматтын коллегиялык жыйынында айтылган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн жыйынга мекеменин борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
УКМКны Ташиев башкарып турганда коррупцияга каршы күрөш деген негизде мүлкүнөн, бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан алынгандан кийин арызданып чыгышкан. Ташиев күнөөсү жок экенин айтып келет.
"Мамлекетке өткөн мүлк жыл аягына чейин ревизия болуп бүтөт"
11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөргөн.
“УКМК мамлекетке өткөн мүлктүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктү өзүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, - деген ал.
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айткан.
“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлк жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, - деген президент.
“УКМК имаратымды алып коюп, бизнесим токтоп калды”
Мүлкүнөн мыйзамсыз ажыраганын айткандардын арыз-муңун "Азаттык" да чагылдырып келет. Алардын айрымдарына кайрылсак, быйыл апрель айында "Соттошом десем соттун баарын мен чечем деди" деген макалада УКМКнын «коррупцияга каршы күрөш» жана эл арасында «кустуруу операциясы» деп аталып калган өнөктүгүнөн жабыр тартканын айткан ишкерлерге сөз берилген.
Pasadena Moda ЖЧКсынын тигүү фабрикасы имаратынан чыгарылгандан кийинки көрүнүш
Pasadena Moda ЖЧКсынын түзүүчүсү Азимкул Жолдубаев атайын кызмат коркутуп-үркүтүү менен эле имаратты айыл өкмөттүн балансына өткөртүп бергенин айтып берген:
Азимкул Жолдубаев
“Жөн эле тартып алды. Же киргизген каражатты кайтарып берген жок “ушунча сумма киргизген экенсиң, акчаңды төлөп берели” деп. Эч кандай чечим чыккан жок. Тартып алып атканда сот аркылуу да чыккан жок. Соттун чечими жок. Жөн эле УКМК алып барып, айыл өкмөттү чакырып “мына буга өткөрүп бересиң” деп эле, өткөртүп салган”.
Макала даяр болуп, жарыяланып жаткан маалда ишкер Азимкул Жолдубаев президент менен жолугушканын, маселеси оңунан чечилгенин билдирген.
Жалалабаддык ишкер Сүйүмкан Мадиярова 2025-жылы Манас шаарынын чок ортосунда, облустук администрация, УКМК имараттарынын так бет маңдайында жайгашкан 1,6 гектар жери менен базарын тарттырып жиберген:
Дагы караңыз
"Соттошом десем соттун баарын мен чечем деди". УКМК алган мүлк, адилеттик издеген ишкер“...УКМКнын облустук жетекчиси Досмамбетовго кирейин деп суранып атып, кирдим. Киргенде Досмамбетов жадагалса учурашпай туруп “сиз жеке менчигиңизди өткөрүшүңүз керек, бир батир беребиз” деп айтты. Мен макул болбой, соттошом десем, “өзүңүздүн чечимиңиз, бирок сот менмин, сиз баары бир утпайсыз, соттун баарын мен чечем” деди. Анын айтканындай эле болду. Мен соттошо баштадым, алар мени сотко беришти. Акыр-аягында жерим алынып калды”, - деп айтып берген Мадиярова.
Мадиярованын айыптоолоруна байланыштуу Досмамбетов комментарий же маалымат берген эмес.
Макала толукталууда