АКШ жана Израил менен согуш башталганда өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты бир жума болду. Бийлик уюштурган ар кандай иш-чараларга өлкөнүн чар тарабынан жүз миңдеген киши катышты.
Бирок бир кишинин – жаңы жогорку лидер Можтаба Хамененин бир да жолу көрүнбөгөнү көзгө урунуп жатты.
Маалыматтарга караганда, өлкөнү дээрлик 40 жыл башкарган аятолла Али Хамененин экинчи уулу жана мураскери атасы өлгөн күнү Израилдин соккусунан катуу жарадар болгон. Мартта жогорку лидер болуп дайындалганы менен калың эл алдына чыга элек.
Мындай көрүнүш, эксперттер белгилегендей, Можтаба Хаменинин легитимдүүлүгүнө көлөкө түшүрдү жана 90 миллион калкы бар өлкөнү ким башкарууда деген соболго жем таштады.
Ирандын бийлиги Можтаба Хаменеинин атасынын тажыясына барбаганын коопсуздук маселелери менен түшүндүрдү. Ошол эле маалда өлкөнүн дээрлик бардык жогорку жетекчилери аза күтүүгө катышты.
“Анын көз көрсөтпөгөнү саясий мааниге ээ жана мураскерликке байланышкан негизги дилемманы баса белгилейт. Можтаба кызматты мурасташы мүмкүн, бирок атасынын аброюн мурастай албайт”, - деп эсептейт Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун Иран программасынын директору Алекс Ватанка.
Дагы караңыз
Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр уланарын, "ок атышпоо режими токтогонун" билдирдиМожтаба Хаменеини жогорку көсөмдүн ордуна дайындоо талаштуу чечим болгон. Согуш учурунда бийликтин ырааттуулугун камсыздоону көздөгөн тандоо өкмөттүн тарапташтарынын да нааразылыгын жараткан. Алар бийликти атадан баласына өткөрүү 1979-жылкы Ислам революциясынын монархияга каршы табиятына каршы келерин айтышкан.
Ватанканын пикиринде, Можтаба Хаменеинин эл алдына чыкпай жатышы андай дооматтардын алдын алганы менен бийликти өткөрүп алуу жараяны аягына чыкпай калгандай. “Режим бийликтин ырааттуулугун камсыздашы мүмкүн, бирок бир түндө бир кишинин жеке аброюн түптөй албайт”, - деп кошумчалайт “Ирандагы аятоллалардын күрөшү” деген китептин автору.
Ирандыктардын көбү үчүн Можтаба Хаменеинин тагдыры табышмак болууда. 56 жаштагы көсөмдүн бир да аудио же видео кайрылуусу жарыялана элек, болгону жазуу түрүндөгү билдирүүлөрүн бир нече жолу окуп беришкен.
Женевадагы изилдөө институтунун эксперти Фарзан Сабет башка авторитардык өлкөлөрдөй эле Ислам жумуриятында легитимдүүлүк системанын пайдубалы тууралуу кеп болгондо гана маанилүү деп эсептейт.
“Ирандыктардын көбү үчүн сыягы Можтабанын легитимдүүлүгү атасыныкынан да төмөн болот, андан чабал деп бааланат. Бирок режимдин негизги колдоочулары арасында өз аброюн бекемдеп алышы ыктымал. Өзгөчө жарааттары айыгып же коопсуздук кырдаалы жакшырганда калайыктын алдына көбүрөк чыга баштаса ошондой болот. Акыр-аягында бул тоскоолдуктан ашуу татаал эмес”, - деп белгилейт Сабет.
Бийликтин динамикасын өзгөртүү
Ондогон жылдар бою Ирандагы бийлик Али Хаменеинин колуна топтолгон, мамлекеттик бардык маанилүү чечимдер анын жактыруусунан кийин кабыл алынчу. Ал өлкөнү 1989-жылдан быйылкы 28-февралга чейин темирдей бекем башкарып келди.
Анын өлтүрүлүшү жана Можтаба Хаменеинин дайындалышы менен Тегерандагы чечим кабыл алуу жараяны өзгөрдү.
“Иран жогорку көсөмдү коллективдүү башкарууга алмаштырган жок, бирок Али Хаменеи ондогон жылдын ичинде лидер менен катар өлкөнү жетектөөгө жөндөмдүү институттарды түзүүгө жетишкен”, - деп улантат Ватанка.
Дагы караңыз
Ирандагы аза күтүү: Атасынын ордун басчу Можтаба Хаменеи кайда?Жогорку лидердин кеңсеси, Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана өлкөнүн саясатын аныктаган негизги орган болгон Коопсуздук боюнча жогорку кеңешине эми “чечим кабыл алуу вазийпасы жүктөлгөн, жогорку лидер маанилүү маселелерди жеке өзү көзөмөлдөбөстөн барган сайын арбитр ролун көбүрөк аткарып калды”, - деген көз карашы менен бөлүштү эксперт.
Можтаба Хаменеи коомдун назарынан оолак болгону менен анын согуш стратегиясын аныктоого жана Кошмо Штаттар менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн тескөөгө кошкон салымы чоң. Мындай тыянакка АКШнын чалгын кызматтары келди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн саясатында дайыма эле маанилүү роль ойноп келген. Бирок эми, эксперттердин көз карашында, тандалма аскерлердин ал бөлүгү Ислам жумуриятындагы үстөмдүк кылган саясий күчкө айланды.
Мохаммед Бакир Золкадр жетектеген Коопсуздук боюнча жогорку кеңеш да таасирдүү орган бойдон калууда.
Талдоочулар андан тышкары аскердик эмес аткаминерлер, алсак президент Масуд Пезешкиандын, тышкы иштер министри Аббас Аракчинин жана парламенттин спикери, АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү делегациянын жетекчиси Мохаммед Багер Калибафтын да ролун белгилешет.
“Сакчылар корпусу Али Хаменеинин тушунда мамлекеттеги өтө күчтүү оюнчу болчу. Ал дүйнөдөн кайткандан кийин да бийликтин чылбырын колдон чыгарган жок. Атүгүл таасирин ого бетер күчөттү. Ошол эле маалда системадагы кызыкдар тараптар мунаса табууга аракеттенгендей. Системада сакчылар корпусунун үлүшү башкаларга караганда эбегейсиз”, - деп айтат Сабет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иран: Али Хаменеинин мураскору Можтаба кайда?
Натыйжада, эксперттер белгилегендей, чечимдер жеке бир адам тарабынан эмес институционалдык макулдашуунун негизинде кабыл алынууда.
“Муну менен саясий процесстер жайыраак жана мурдагыга караганда этият жүргүзүлүп калат. Ошол эле маалда жоопкерчилик жогорку лидерге гана жүктөлбөстөн, системанын оюнчулары ортосунда бөлүштүрүлгөндүктөн, туруктуу болот”, - деп жыйынтыктайт Ватанка.