Муфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз берди

Муфтияттын имараты.

16-июнда Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы муфтийликке арыздарды кабыл алууну аяктады.

Маалыматка ылайык, муфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз берди. Алар:

1. Нурбек Токтогулов

2. Султанали Гапуров

3. Шүкүр Исмаилов

4. Нематилла Жээнбеков

5. Ниязали Арипов

6. Убайдулла Сарыбаев

7. Шакир Маматов

8. Сайдамир Джейналиев

9. Замир Ракиев

Сынак 24-июнда болот.

Муфтий шайлоо сынагынын алдында Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрөгалыгына да сынак өтмөкчү.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда. (MiK)

Дагы караңыз

Байден менен Путиндин сүйлөшүүсүндө «Радио Свобода» маселеси көтөрүлдүПутин менен Байдендин сүйлөшүүсү төрт саатка созулдуДин комиссиясы БАЭнин “Хидаят” борбору менен кызматташтыкты талкууладыБайден менен Путиндин жолугушуусу башталдыЖыл башынан бери адам уурдоо боюнча 200гө жакын факты катталдыКинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров дүйнө салды