"Жеңилдетилген жазалар алынган"
Атасы жол коопсуздук кызматкерине эки миң сом пара берди делип, эки жылга кесилип кеткенин айткан жаран жакында президентке кайрылып, жардам сураган. Окуя коомчулукта талкууга түшүп, сот системасын жакшыртуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кабыл алынган мыйзамдагы мандемге байланыштуу нааразылык күчөдү.
Сот тутумунун соңку тогуз айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууланган кеңешмеде сүйлөп жатып жакында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев мыйзам боюнча коррупциялык кылмыштарга (анын ичинде пара берүүгө) каршы күрөш жигердүү жүрүп жатканын, жеңилдетилген жазанын баары алынып салынганын айткан:
Медербек Сатыев
“Бул категория үчүн азыр коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп атат. Жеңилдетилген бардык жазалар алынган. Ырас ушундай жагдай жаралып калдыбы, мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизишибиз керек. Альтернативдик жазаларды колдонуу боюнча сунуш берүү керек. Ушундай сунуш бериңиздер. Мындай калтырууга болбойт”.
Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесине (“Пара берүү”) катаал чаралар кирген соң бул кылмыш боюнча кеминде эки жылдык абак жазасы гана каралып, айып салуу, пробация же шарттуу кесүү сыяктуу варианттар алынган. Мындай өзгөртүү 2024-жылы УКМКнын коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү ишмердигинин алкагында кабыл алынып, аны ошол кездеги төрага Камчыбек Ташиев депутаттар алдында өзү коргогон.
“Жазаны жумшарткандан мамлекет пайда таппайт. Мен буга ишендим. Беш жылдан бери коррупция менен күрөшөм. Ушинтип бир иштеп көрөлүчү. Бул мыйзам да. Кайсы бир күндөрү туура эмес болуп калса, кайра чакыртасыңар, өзгөртүүлөрдү киргизесиңер”, - деген Ташиев.
2025-жылдын башынан күчүнө кирген бул өзгөртүүлөрдө коррупцияга байланышкан кылмыштардын жазасы катаалдап, айып салуу жана башка альтернативдик чаралар кыскарган. УКМК жазаны күчөтүү менен коррупцияны азайтса болоруна ишенип, депутаттардан түшкөн айрым сунуштарды кабыл алган эмес.
"Мыйзамды УКМК алып келген"
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай деди:
Дастан Бекешев
“Мыйзамды УКМК алып келген. Биз дагы башка альтернативдүү жазаны – коомдук иштер, айыптарды карап көрөлү дегенбиз. Экинчи окууда бир топ депутаттар, анын ичинде мен дагы сунуштарды бергенбиз. Бирок УКМК макул болбой, бизге тезинен мыйзам керек дешти. Ошентип мыйзам кабыл алынды. Эң негизгиси жоопкерчилик болушу керек. 2 миң сом пара үчүн 20 миң сом айып салса, же 20 саатка коомдук жумушка тартылса жетиштүү болмок. Бул жердеги эң негизги принцип – кылмыш кылган кишини жоопко тартуу. Ал сөзсүз түрдө камалсын деген нерсе эмес”.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Кубанычбек Самаков пара берүү жана алуу тыюу салынганын жана жоопкерчилигин унутпоо керектигин белгиледи.
Кубанычбек Самаков
“Ишти тергөө алып барат. Сотко тергөөчүлөр даярдап барып, сот ошонун негизинде карайт. Судья да ошонун негизинде гана карап чыгат. Чын-чынына келгенде 2 миң сом эмес, мамлекеттик кызматкерге белек берүү да пара катары саналат. Бул талап жөнөкөй жаранга гана иштеп, мамлекеттик кызматка келгенде каралбай калбай, бирдей болушу керек. Тергөө ишинен баштап соттун чечимине чейин жумшактык болушу керек. Конкреттүү ушул жагдай боюнча алганда, унааны жол чырак кызыл күйүп турганда айдап өтүп кетсең, 15 миң сом эле айып салынат, камакка алуу жок”.
Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигин гумандаштыруу саясатынын алкагында 2019-жылы жоруктар деген түшүнүк кирген. Мында оор эмес кылмыштар камтылып, абакка байланышпаган жазаларга, айып салуу, коомдук жумушка тартуу сыяктуу чараларга артыкчылык берилген. 2021-жылы жазыктар түшүнүгү жоюлуп, жазаларды катаалдатуу аракети башталган. Мындай өзгөрүүгө кылмышкерлер керектүү жазасын албай, жеңил жол менен жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатат деген жүйөлөр келтирилген. Адистер ушул жараяндын уландысы катары коррупцияга каршы күрөшүүдөгү катаал жазаларды белгилешет.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сотторго тандоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек дейт:
Клара Сооронкулова
“Бул биринчи кезекте сотторго эмес, парламентке сабак болушу керек. Кылмыш-жаза жана Кылмыш процессуалдык кодекстерине кирип жаткан өзгөрүүлөрдү кылдат карашы керек. Сунушталган өзгөрүүлөргө көңүл буруп, талдап кабыл алыш керек. Жаза жасалган аракетке өлчөмдөш болушу керек. Сотторго мыйзам ошондой мүмкүнчүлүк бериш керек. Жеңилдетилген шарттар болсо, судьяларга жеңил жаза бере тургандай болушу керек. Соттор дагы ишти карап жатканда бардык жагдайларды карап чыкканда гана адилеттүүлүккө жетүүгө мүмкүн”.
Октябрдын соңунда президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылдык боюнча планын жарыялап, элдин бийликке ишеними сот адилеттүүлүгүнөн башталарын, ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл буруларын жана укук коргоо механизмдери түп-тамырынан бери жаңыланарын айткан.
Соңку учурда аймактарды кыдырып жаткан мамлекет башчысы эл арасында сот түзүмүнө нааразылык күч экенин мойнуна алган.
"Атам 2000 сом үчүн эки жылга камалды"
Жолугушууларда эл эң көп укук коргоо жана сот органдарынын үстүнөн даттанды. Токмок шаарынын тургуну Ширинбек Абдурахмановдун "атасы жол инспекторуна 2000 сом пара берген деген айып менен эки жылга абакка кесилгенин" айтканы сот жана прокуратура системасына болгон талкууну күчөткөн.
Абдурахманов мамлекет башчыга арыз-муңун айтуу үчүн атайын Токмоктон барганын, атасы Додарбек Абдурахманов алты айдан бери камакта отурганын айткан.
Ширинбек Абдурахманов
"Атам райондук соттон акталды. Кийин прокуратура облустук сотко жазды, ал жерде иш жети ай каралды. Ары-бери сүйрөп, эки жылга эркинен ажыратып койду. Жогорку сотко кайрылдым, ал жакта облустук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Арзыбаган эки миң сом үчүн атам алты айдан бери камакта".
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул иш үчүн сотторду уяткарып, жазалоонун камоодон башка түрлөрүн колдонсо болорун белгилеген:
"Ири көлөмдө пара алды деген болсо бир жөн, эки миң сом берген үчүн деп бул уят да. Логикалык жактан ойлонуш керек эле да чечим чыгарарда, прокурорлор баш болуп аркасынан түшүп алып жатса. Биринчиден, акталдыбы, айып пул менен чыгарса болот да, эки миң сом пара берсе, 20 миң сом айып пул салып чыгарып койгула. Мына жаза ошол болот".
Адвокат Асыл Тагаеванын айтымында, сөз болуп жаткан Додарбек Абдурахмановдун үй-бүлөсү Тажикстандан Кыргызстанга 2025-жылы эле көчүп келген. Ага жашы жете элек уулу документи жок скутер айдаганы үчүн айып пул салынган. Протокол түзүлүп, эки миң сомдук айып пулду төлөө учурунда кармалганы айтылууда. Жактоочу протокол кечигип, окуядан беш күндөн кийин гана түзүлгөнүн белгиледи. Бул иш боюнча райондук сот кылмыштын курамы жок деген негизде Абдурахмановду актаган.
"Эң негизги мыйзам бузуулар тууралуу айтсам, биринчиден, Жогорку соттон бир барагын да ачып койгон жок. Кассациялык арызга, эмне мыйзам бузуулар болуп жатканына көңүл бурулган эмес. Протокол эмнеге өз убагында түзүлгөн эмес, ГАИ кызматкерлери видеого тартып жатышат, бирок аны кылмыш ишине далил катары бербей жатат, ал дагы мыйзам бузуу. Видеого шилтеме кылып жатышат, бирок анда "акчаны чөнтөгүңө салып ал" деп айткан жок да. Анда эки миң сом айып пул төлөйсүң десе, "макул, төлөйүн" деп ошол жерден чөнтөгүнөн чыгарып берип жатат. Карапайым адамга "протокол түзүлүп жатат, сиз банкка барып төлөйсүз" деп түшүндүрүш керек эле да. Баары эле юрист эмес да, беш күндөн кийин протокол түзүлүп, камап салышкан. Жогорку сот ошонун баарын карайт да, биринчи инстанциядагы же облустук соттун чечимин күчүндө калтырат. Же кайра кароого жөнөтүүгө дагы укугу бар. Ошону объективдүү карабай жатпайбы. Канча жерге кайрылдык, журналисттерге дагы чыкканбыз. Жогорку сот адам тагдыры менен ойноп жатат да. Маселе чечилиши үчүн сөзсүз эле президентке кайрылыш керек болуп жатат. Куудулдар айткандай, тоок кармасаң камаласың, адам өлтүрсөң чыгасың деген даана ушул тууралуу болуп жатат".
Жогорку сот жактоочунун бул айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.
Жакында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева парламентте 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасында кайрылуулардын басымдуу бөлүгү, 10 миңдей кайрылуунун 36%, сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болорун айткан. Кийинки орунда 21% менен укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу арыздангандар турат.
Президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин, ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда адилеттик жок деген түшүнүк бар экенин белгилеген. Президент коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана соттук этиканы бузууга аёосуз чара көрүлөрүн эскерткен.
Президент 11-мартта депутаттарга жооп берип жатып, өлкөдө сотторго кийлигишүү жок экенин да айткан.
Дагы караңыз
"Сотту тескеген куратор азыр жок". Бийлик сот реформасын качан ишке ашырат?Соттордун көз карандысыздыгы, бул тармакты реформалоо маселеси дээрлик ар бир бийлик келгенде көтөрүлөт. Буга чейин президент өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук соттордун, укук коргоо кызматкерлеринин ишинен көз каранды экенин белгилеген жана сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөп жатканын айткан.
Ошондой эле сот тармагын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атап келет. Анын башкы максаты бир жерде жылдап отурган судьяларды алмаштыруу, аймактардагы иштин сапатын жогорулатуу болгону белгиленип жүрөт.
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.