Өкмөт ышты газдаштыруу жолу менен жеңгиси келет

Bishkek smog - Бишкек ыш

Кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштан арылуунун аргасын табуу үчүн жол картасын иштеп чыгып, мекемелер аралык комиссия түзөрүн билдирди.

Илимий кызматкерлер, бир катар адистердин тобу соңку жылдарда борбор калаа гана эмес Ош жана Жалал-Абад шаарларында абаны кантип тазалоонун айласын издемекчи.

Ал арада экологдор өткөн кышта бишкектиктер кир аба менен дем алууга аргасыз болгонун белгилеп, элдин саламаттыгы үчүн көйгөйдү тез арада чечүүнү эскертишти. Жыл башында борбор калаа булганыч аба боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 25-апрелде "Ыш менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору" аттуу талкуу уюштурду. Иш-чара БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өттү.

Жыйынга катышкан Акылбек Жапаров ыш көйгөйүнүн негизги себептери катары Бишкек ЖЭБи, таштанды полигону, жеке сектордогу мончолор, жаңы конуштагы отун менен жылыган үйлөрдү, эски автоунааларды жана сапатсыз көмүрдү атады.

"Түтүн менен күрөшүү үчүн иш-аракеттердин жол картасын бекиттик. Ага ылайык, бир нече сунуштардын үстүнөн иштей баштадык. ЖЭБди 100% көгүлтүр отко өткөрүү же такыр эле андан (ЖЭБден) баш тартуу, электр энергиясын өндүрүүдө энергетиканын кайра жаралуу булактарына өткөрүү үстүндө иштеп жатабыз. "Газпром Кыргызстан" менен биргеликте жаңы конуштарды 100% газдаштыруу иши башталды. Быйыл 10 жаңы конушка жана Бишкек менен чектеш Новопавловка айылына газ берилет. Электр автобустары жана автоунаалары өлкөгө киргизилип жатат. Велосипед минген, жөө жүргөндөр үчүн деп жашыл горизонталдуу жана вертикалдуу коридорлорду түзүү үстүндө иштеп жатабыз. Өкмөттүн негизги кадамдарынын бири - таза энергияны колдонуу. Абага бөлүнүп чыккан зыяндуу түтүндү (эмиссия) азайтуу иштерин жакшыртуу биздин максат болуп саналат".

Дагы караңыз Кытай ыш маселесин кантип чечүүдө?


Өкмөт башчысы Жапаров азыркы тапта өлкөдө 30га чукул чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын да белгиледи.

Абанын курамындагы көмүр кычкыл газынын көбөйүп кетишин токтотуу үчүн ишканаларда экологиялык алдыңкы технологияларды жана ыкмаларды колдонууга аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Жапаров ыш көйгөйүн толук чечүү үчүн Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамына муктаж экенине токтолду.

"Бишкектин түтүн маселеси дүйнөлүк көйгөйдүн бир гана тамчысы. Биз башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен бирге ышты азайтуу үчүн инновациялык технологияны иштеп чыгууга ачыкпыз. Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан абанын сапатын башкартуу системасын бекемдөөгө, үй чарбаларын таза жана энергияны үнөмдөп жылытууга, шаарды жашылдандырууга жана ирригацияга жалпы суммасы 50 миллион доллар бөлүнүүдө. Азия өнүктүрүү банкы бөлүп жаткан 50 миллион долларга шаардык транспортту электрлештирүүгө, Бишкекте жашыл коридор түзүүгө багытталган. Киев көчөсүндө жашыл коридор түзүлүп, 120 электробус сатып алганы жатабыз, инфраструктуралар салына баштады. Европа реконструкциялаоо жана өнүктүрүү банкынан муниципалдык транспортту жаңыртуу үчүн 25 миллион евро насыя жана 8 миллион грант түрүндө жардам көрсөтүлүүдө".

Movegreen коомдук экологиялык уюму 2017-жылдан бери Бишкектеги абанын сапатын текшерип, мониторинг кылып келет.

2022-2023-жылытуу мезгилинде Бишкектеги абанын булганышы нормадан 16 эсеге жогору болгону уюмдун жылдык отчетунда көрсөтүлгөн.

Movegreen уюмунун долбоорлор боюнча менежери Ажар Байсалова соңку жылдары ыш көйгөйү Ош жана Жалал-Абад шаарларында да пайда болгонун белгилеп, аны чечүүгө тоскоолдук жараткан бир нече факторду атады.

Ажар Байсалова

"Биз мекемелер аралык комиссиялардын баарына кол кабыш кылып келебиз. Тилекке каршы абанын сапатын карап, чечимдерди кабыл ала турган мекемелерде иштеген адистер тез-тез алмашып турганы чоң көйгөй жаратууда. Алар келген сайын "мына эми абал оңолот" деген убадаларды берип келет. Биз элдин кызыкчылыгын коргоп, экологиялык коопсуздукту жакшыртууга багытталган уюм катары иштеп келебиз. Соңку жылдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат азыркы абалга алып келди. Ошентсе да чечим кабыл алган тараптарга чара колдонуп, көйгөй менен күрөшүүсү үчүн болгон комиссияларды, пландарды колдоп, өзүбүз жүргүзгөн анализ, жыйынтыктарды ачык берип келебиз".

Дагы караңыз Ыш көйгөйү: адвокат ЖЭБди сотко берди

Өкмөттүн акыркы маалыматына караганда, Бишкектин айланасындагы 50гө жакын жаңы конуштарда 260 миңден ашуун киши жашайт. Бул конуштардын 27си газдаштырылган, быйыл дагы онун көгүлтүр отко туташтыруу иши жүрүп жатат.

Бирок карапайым элдин көбү үйдү газ менен жылытууга чамасы чак келбей турганы айтылып келет. Мындан улам калаа бийлиги жеңилдетилген насыяларды берүүгө белсенип турганын Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев айтты.

Жыргалбек Шамыралиев

"Бул маселе боюнча министрликтер менен иш алып баруудабыз. "Газпром" ишканасы жана мамлекеттик банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акылбек Жапаров да бул максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекет каражат бөлөрүн айтып кетти. Эң негизгиси калкка үйүнө газ киргизүү үчүн финансылык инструменттерди түзөбүз. Тактап айтканда, үстөк пайызы арзан насыяларды берип, аны бөлүп төлөө мөөнөтүн эки-үч жылга созулат. Бул иштерди ишке ашыруу Каржы министрлигинин көзөмөлүндө болот".

Бишкек Жылуулук электр борбору 1961-жылдан бери иштеп келет. Соңку жолу 2017-жылы модернизацияланган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин, 17-апрелде орусиялык “Газпром” ишканасынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагындагы мындан аркы чараларды талкуулаган.

ЖЭБди газдаштырууга канча каражат керек?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери болжолдуу чыгымдарды эсептеп чыккан. Анда ЖЭБди газдаштыруу азыр деле мүмкүн экени айтылган жана бул үчүн айына 2 млрд. сомдун тегерегинде каражат керектелери белгиленген. Эми түзүлө турган мекемелер аралык комиссиянын алкагында да жумушчу топтор уюшулуп, илимий кызматкерлер, адистер абанын булгануу себептерин аныктап чыгат. Андан кийин аны жоюу жолдорун сунуштайт. Комиссия май айынын этегине чейин ишинин жыйынтыктарын жарыялай турганы айтылды.

Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кулжыгачов 24-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалымат берип жатып ЖЭБде быйыл Кара-Кече кени мурдагыдан аз жагыла турганын кабарлаган.

"Былтыр биз 1,1 миллион тонна жергиликтүү көмүр алганбыз. Калган 400 миң тоннасы импорттук көмүр болчу. Быйыл болсо импорттук көмүрдүн көлөмүн 600 миң тоннага чейин көбөйтүп жатабыз. Жакынкы убакта тендерге чыгарганга аракет кылабыз. ЖЭБде орточо 1,5 миллион тоннага чейин көмүр сарпталат. Кара-Кеченин көмүрүнүн кубаттуулугу аз. ЖЭБ Караганданын көмүрүнө ылайыкташтырылып курулган болчу. Кийин модернизацияланганда Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташтырылган. Ошондуктан бул көмүрдөн толугу менен баш тартпайбыз".

Дагы караңыз Кыш менен келип, жаз менен кеткен көк түтүн

Ал эми ишканын башчысы Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, жылуулук борбору газга өтсө, ал иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 30-40% жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу ал быйыл, 9-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маалымдаган.

Ушул тапта миллиондой калкы бар баш калааны тейлеген Жылуулук электр борбору 96% көмүр, 4% газ менен иштейт.

Быйылкы күз-кыш мезгилине көмүрдүн 1 млн. 50 миң тоннасы Кыргызстандан, 400 миңи Казакстандан сатылып алынган.

Быйыл декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген.

Ага чейин 30-ноябрда ЮНИСЕФтин "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыккан.

Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.