Макулдашуу өткөн аптада АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын арачылыгы менен жетишилген. Ага чейин Рим папасы Леон 16чы лидерлерди Олешкидеги оор гуманитардык абалга көңүл бурууга чакырган.
Мындан бир жарым айдай мурун Виталий жубайы менен 13 жаштагы уулун алып, курчоодогу Олешки шаарынан коопсуз жер издеп качкан. Бир нече жердешине кошулган үй-бүлө Орусия, Беларус аркылуу жөө басып, миналар менен дрондордон буйтап, баткак кечип, көзөмөл өткөөлдөрүндө суракка алынгандан кийин акыр аягында мекенине кайтты. Ушу тапта алар Киев облусундагы убактылуу батирде жашап жатышат.
55 жаштагы Виталий күнүнө бир чыны күрүч же гречка, анда-санда жашылча-жемиш жеп калышканын Рейтердин кабарчысына айтып берди:
"Канча тамак калганын карап отуруп, же бул жерден качыш керек, же ачкадан өлөсүң деген ой келди".
Майдан тилкесинде орун алган Олешки шаарчасын орус аскерлери согуштун алгачкы күндөрүндө, 2022-жылы басып алышкан.
Орусия менен Украина ал жактагы гуманитардык кризис үчүн бири-бирин айыптап келатышат. Карапайым элге эң чоң коркунуч жараткан дрондор эки тараптан тең калаага оңой эле учуп жетет.
Олешкиде, үстүбүздөгү айда чыккан маалыматка караганда, эки миңдей киши, арасында жашы жете элек 50дөй бала жашап жатат.
Түндүк тарапка кетчү жолду Днепр дарыясы тороп турат. Жергиликтүүлөр таза суу, тамак-аш алуу үчүн кошуна шаарчага чейин 20 км жөө басышы керек. Ал жерди эл арасында “өлүм жолу” деп атап коюшат.
Олешки шаарчасы чек ара тилкесинде жайгашкан
Төрт жылдан ашуун Орусиянын оккупациясында жашаган Виталий АКШнын биринчи айымын урматтарын, бирок ок атышпоо макулдашуусунан майнап чыгарына күмөн саноо менен караганын айтат.
Өткөн жума күнү Ак үй Орусия менен Украина Олешкиде согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашканын, бул аралыкта ал жерге гуманитардык жардам жеткирилип, жергиликтүүлөрдү эвакуациялоо иши жүрөрүн билдирген. Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын катышуусунда жетишилди.
Жарашуу 29-октябрда башталары айтылган.
Дагы караңыз
Ак үй Орусия менен Украина Олешкиде ок атууну токтотууну макулдашканын билдирдиКремль дүйшөмбү күнү АКШнын жардамы менен макулдашылган атпоо режимин киргизүү башка аймактар үчүн прецедент түзүшү мүмкүн экенин билдирди.
Ал эми украин президенти Владимир Зеленский орус армиясы жолдорду миналаганын, кырдаалды татаалдаштырганын айтып, Киев гуманитардык жардам жеткирүү, карапайым элди чыгарып кетүү үчүн бар аракетин жумшай турганын убада кылды.
16-октябрда Рим папасы орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Олешкиде ок атууну токтотууга чакырган.
Дагы караңыз
Рим папасы Путинди Олешкиге соккуну токтотууга чакырдыПонтифик шаардагы оор гуманитардык кырдаалга байланыштуу "терең тынчсыздануусун" билдирип, азык-түлүк жана медициналык каражаттарды жеткирүүгө, ошондой эле жайкын тургундардын ыктыярдуу жана коопсуз эвакуацияланышына шарт түзүүгө үндөгөн.
Ал эми оккупацияланган кичи мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон Виталий душманды жеңүүгө көмөктөшүүнү, армияга кошулууну же курал-жарак чыгарган ишканага кирүүнү көздөгөнүн айтат.