Вашингтондо кыргыз өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кезектеги 150 млн. доллар жардамын берет.
Анын бир бөлүгү гранттык негизде каралып, Баткен облусун өнүктүрүү долбоорлоруна, Кыргызстандын сугат жана таза суу тутумдарын оңдоого бөлүнө турган болду. Талдоочулар эл аралык донорлордон алынган акчанын натыйжалуулугу боюнча маселени көтөрүүдө.
Жапаровдун Вашингтон сапарынын үзүрү
Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Кыргызстандан барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүк делегацияга жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү.
Анын жыйынтыгында Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Татьяна Проскурякова 150 млн. долларлык макулдашууга кол койгонун банктын сайты кабарлады. Ошол эле кезде өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча расмий маалымат чыгара элек.
Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев бул тууралуу кенен маалымат кийин берилерин айтты:
“Буга байланыштуу маалыматтарды Акылбек Үсөнбекович өзү келгенде кенен-кесири берет. Анткени бизде так маалымат жок. Ошого байланыштуу толук маалымат бере албайбыз. Бул эми жылда эле өтүп, ага биздикилер да катыша турган иш-чара. Делегация кайтып келгенде кандай жолугушуулар болгону жана кимдер менен кезиккени тууралуу толук маалымат кийин жарыяланат”.
Экономика министрлигинин Телеграмм-каналына министрдин орун басары Чоро Сейитов бул маалыматты ырастап, Дүйнөлүк банк бөлгөн 150 млн. доллардын 50 млн. доллары Баткен облусун өнүктүрүү үчүн ишкердикти жана агробизнести колдоо долбоорлоруна багытталарын билдирди. Анын 25 млн. доллары грант, калганы насыя түрүндө.
Таза суу менен сугат суу долбоорлору
Ал эми бөлүнгөн акчанын 100 млн. доллары Кыргызстандын таза суу жана сугат суу тутумдарын оңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого каралганы маалымдалды.
Дүйнөлүк банк 150 млн. доллар акчаны алты жыл жеңилдетилген мөөнөт менен 38 жылга 0,75% менен берип, анын жарымы кайтарымсыз грант экени кабарланды.
Анын 50 млн. доллары Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоого, 50 млн. доллар өлкөдөгү эң ири үч сугат суу тутумун калыбына келтирүү үчүн каралган.
Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу ресурстары мамлекеттик кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев үч облустагы үч сугат суу системасы ички каналдарына чейин оңдолорун билдирди:
“Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагындагы “Шаймерден” “Отуз-Адыр” жана “Кара-Үңкүр-Сол жээк” сугат суу системаларынын башкы суу алгычтарынан баштап эң акыркы суу каналдарына чейин толук оңдолот. Бул суу алгычтар 1950-1960-жылдары курулуп, эбак эле талапка жооп бербей калган. “Отуз-Адыр” магистралдык каналынын нугу жер. Суу аягына жетпей сиңип кетет. Каналдын алабын кеңейтип, түбүнөн бери толугу менен бетондоп чыгабыз. Анан айдоо аянттарына чейинки суу каналдарынын нугун дагы бетондойбуз.
Алынган акчанын акыбети кайттыбы?
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда Дүйнөлүк банк былтыр Кыргызстанга 154 млн., Эл аралык валюта кору 210 млн. доллар бөлгөнү кабарланган.
Азия өнүктүрүү банкы 2020-2023-жылдарга 200 млн. доллар караган. Евразия банкы 160 млн. доллар бөлүп, жакында парламент ага байланыштуу макулдашууну бекитти. Мындан сырткары Кытай былтыр 1 млрд. юань же 13.3 мрд. сом грант бөлгөн. Бул 154 млн. долларга барабар. Европа Биримдиги 2021-жылдын соңунда 19.4 млн. евро каржылык жардам көрсөткөн.
Экономикалык баяндамачы Айданбек Акматов насыяларды пайдаланууда маселе бар экенин белгиледи:
“Мамлекеттик система – калкты эмдөөгө кеткен чыгымдар болобу же бюджеттин төлөмдөрүн колдоо үчүн болобу, көпчүлүгү эл аралык донор уюмдардын каржылык жардамы менен гана өз функциясын эптеп аткарып жаткандай. Мамлекет бюджетти колдоо деген берене менен сырттан келген акчага кээ бир социалдык милдеттемелерин да аткарып келгени белгилүү. Ал эми АРИС аркылуу келген долбоорлордо коррупциялык көз боёмочулуктар көп болуп, каражат таланып кеткен учурлар арбын болду. Ошондуктан сырттан алынган насыялардын же гранттардын акыбети кайтпай, эл анын пайдасын көрө албай жатат”.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Вашингтонго жумушчу сапар менен барды. Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышууда.
Бул жолу Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата бир катар жолугушуулар каралган.
Өкмөт экономиканы жана энергиянын кайра жаралуу булагын өнүктүрүү, энергетикага инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга насыя сураган маселелер талкууланарын билдирген.