мазмуну
- Раяна Кытайда туулган. Учурда ата-энеси менен Казакстанда жашайт. Бирок документтерде ал алардын кызы катары катталган эмес. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө "энеси" жана "атасы" деген графаларга башка туугандарынын аты-жөнү жазылган. Атасы Абиир Далелхан Казакстанда ДНК экспертизасы аркылуу өзүнүн аталыгын далилдөөгө аракет кылып жатат. Алардын ата-бала экенин тастыктаган расмий документтер жок болгондуктан, кызга Казакстандын жарандыгы берилбей турат.
2023-жылы Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын, анын ичинде казактардын куугунтукка алынышына байланышкан маселени көтөргөн "Ата журт" уюму кызын кучактап алып ыйлап аткан атанын видеосун тараткан.
Ал кезде 7 жаштагы Раяна менен атасы Абиир Далелхан алты жылдан кийин көрүшкөн эле. Кыз Казакстанга "Ара журттун" жардамы менен келген.
Ошондон бери үч жыл өттү. Абиир Казакстандын мамлекеттик органдарынын эшигин дале каккылап, Раяна анын кызы экенин далилдей албай жүрөт. Ушундан улам кыз казак жарандыгын азыркы күнгө чейин ала элек. Буга үй-бүлөлүк жагдайлардан улам документтеги катачылыктар себеп болгон.
Документке байланышкан көйгөйлөр
Далелхан 2009-жылы Кытайда никеге турган экен. Кийинчерээк жубайы менен Казакстанга көчүп келип, экөө тең казак жарандыгын алышкан. Бирок үй-бүлөлүк жашоосу ойдогудай болбой, жубайлар эки башка жолго түшкөн.
2015-жылы Абиир Кытайга барып, ал жактан жаңы турмуш курууну чечет. Бирок Кытайдагы никени каттоочу органдар анын мурунку никеси бузулгандыгы тууралуу маалымат өздөрүнүн базасында жок экенин айтып, биринчи жубайы Кытайга келип, ажырашуу фактысын өзү ырасташы керектигин билдиришкен. Казакстандан берилген ажырашуу тууралуу күбөлүк Кытайда жарабай, четке кагышкан. Мындан улам Абиир менен анын жаңы жубайы никесин расмий каттата албай калган.
Жубайы кош бойлуу болгондо үй-бүлө дагы бир топ кыйынчылыктарга туш болгон.
"Төрөт убактысы жакындаганда көп көйгөйлөр жаралды. Жубайым төрөт үйүнө жатышы керек эле, бирок бизден нике тууралуу күбөлүк талап кылышты. Эгер документ көрсөтпөсөк, бойдон алдырууга жөнөтүшөрүн айтышты. Балабызды сактап калуу үчүн инимдин нике күбөлүгүн, анын жана жубайынын документтерин көрсөтүүгө аргасыз болдук. Ошентип төрөт үйүнө кабыл алышты", — деп эскерет Абиир.
Натыйжада Абиирдин кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы катары анын кичүү иниси, ал эми апасы катары жеңеси көрсөтүлүп калган экен.
Абиир Далелхан азыр үй-бүлөсү менен Алматы облусунда жашайт. 4-сентябрь, 2026-жыл
Үй-бүлө документтерин Кытайда жүргөндө оңдоого аракет кылган.
Абиирдин айтымында, алар Шинжаңда ДНК экспертизасынан өтүп, анын жыйынтыктарын мамлекеттик органдарга тапшырышкан. Бирок мекемелер кайрадан нике тууралуу күбөлүк талап кылып, бул документсиз маалыматтарды өзгөртүү мүмкүн эместигин маалымдашкан.
Маселе улам создуга берген. 2017-жылы Абиир Далелхан Казакстанга келүүгө аргасыз болгон. Ал эми жубайы документ маселесинен улам Кытайда калган. Бирок маселе чечилбегендиктен, 2019-жылы бир жашар кызы Раянаны чоң ата, чоң энесине таштап, өзү Казакстанга келген.
Жубайлар көмөк сурап эл аралык уюмдарга кайрылышкан.
"Кызымды абдан сагындым. Аны алты жылдан бери көрө элекмин. Тагдыры үчүн санааркайм. Ал Кытайда башка адамдардын колунда жашап жатат. Баланын жүрөгү да ата-энесин эңсейт. Ал дайыма "апам менен атам качан келет?" деп сурайт", — деген Абиир 2023-жылы жарыяланган видеосунда.
Анын айтымында, дал ушул видео тарагандан кийин эл аралык уюмдар жана укук коргоочу активисттер жардам бере баштаган. Натыйжада алардын кызын Казакстанга алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
"Эгер ошол видео коомчулукка жайылбаганда, бизге документтерди да, визаны да беришмек эмес. Үрүмчүдө виза ачылып, баланы чек арага чейин алып келишти. Серикжан Билаштын "Атаж урт" уюмунун өкүлдөрүнүн жардамы менен кызыбыз менен кайрадан жолугуштук. 2023-жылдын 12-апрелинде", — деп эскерет Абиир.
Абиир Далелхан кызына чогулткан документтерди көрсөтүп жатат
Казакстандагы түйшүк
Раяна Казакстанда Кытайдын паспорту менен жашап жатат. Абиирдин айтымында, Кытайдагы төрөт үйү берген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү чек арадан өтүп жатканда чек ара кызматкерлери алып калган.
Казакстанда документтин жоктугу үй-бүлөгө олуттуу түйшүк жаратууда. Кызды мектепке киргизүү да оңой болгон эмес. Айылдагы мектеп ДНК экспертизасынын жыйынтыктарын эске алып, Раянаны окууга кабыл алган. Мындан тышкары, оорукана жана бейтапкана кызматтарын пайдаланууда да кыйынчылыктар жаралып турат.
Казакстандагы адам укуктары боюнча алдыңкы укук коргоо уюмдарынын бири болгон Казакстан адам укуктары бюросунун өкүлдөрү азыр негизги маселе кыздын ата-энесин расмий аныктоо экенин айтышат.
Анткени Кытайда берилген документтерде Раянанын ата-энеси катары башка адамдар көрсөтүлгөн. Бирок жүргүзүлгөн ДНК экспертизасы анын биологиялык ата-энеси Абиир жана анын жубайы экенин тастыктаган.
Казакстандын мамлекеттик органдары Кытайда берилген документтеги маалыматтарды өз алдынча өзгөртө алышпайт экен. Ошондуктан ата-энеси ДНК экспертизасынын жыйынтыктарын жана башка далилдерди тиркеп, сотко кайрылышы керек.
Укук коргоочулардын айтымында, сот расмий түрдө алардын Раянанын чыныгы атасы менен апасы экенин аныктагандан кийин гана кыздын Казакстандын жарандыгын алуу маселесин жол-жобого ылайык чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Абиир Далелхан кызы Раяна менен. 4-сентябрь, 2026-жыл
Раянанын ата-энесинин укуктук жардам сураган кайрылуусун алардын өкүлү тиешелүү мамлекеттик органдарга документтерди тиркеп тапшырган. Бирок азырынча бул маселе боюнча чечим чыга элек.
Үй-бүлө Казакстанда да ДНК экспертизасынан өткөн. Абиирдин айтымында, анын жыйынтыктары Алматы облусунун жашы жете электер иштери боюнча сотуна жөнөтүлгөн.
"Алар Кытайдан жооп күтүп жатышканын айтышат. Бирок Кытай тарап эч кандай жооп бербейт. Биздин колубузда Кытай Эл Республикасында мыйзамдуу түрдө берилген документтер бар", — дейт Абиир.
"Азаттык" радиосунун казак кызматы Алматы облусунун жашы жете электер иштери боюнча сотуна расмий суроо-талап жөнөткөн. Бирок азырынча жооп келе элек.
Абиирдин үй-бүлөсүнө укуктук жардам көрсөтүп жаткан "Эл аралык укуктук демилге" уюмунун маалыматына ылайык, сот кайрылмандардын арызын кабыл алган эмес.
"Биз сотко укуктук мааниге ээ фактыларды аныктоо боюнча арыз бергенбиз. Бирок арызыбыз кабыл алынган жок. Оозеки түрдө бул иш боюнча Кытай сотунун чечими керек экенин билдиришти. Азыр биз жазуу жүзүндөгү жоопту талап кылып жатабыз. Андан кийин кайрадан сотко кайрылабыз. Бул үчүн расмий жазуу түрүндөгү жооп зарыл. Иш али жыйынтыктала элек", — деп билдиришти уюмдун өкүлдөрү.
Раянанын Кытайдан берилген паспортунун мөөнөтү 2028-жылы мөөнөтү бүтөт. Ата-энеси документ маселесин ушлу убакытка чейин чечип алуу керек деп чуркап жүрүшөт. Эгер иш өз убагында чечилбей калса, Раянаны Кытайга депортациялап жибериши мүмкүн деп санаа чегип отурушат.
Шинжаңдагы азчылыктар көйгөйү
Буга чейин Шинжаң-Уйгур автоном облусун байырлаган улуттук азчылыктардан, казак, кыргыз жана башка улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кордук көрүп, камалып же куугунтук, кысым-басымга туш болгонун айткандар көп болгон.
Быйыл июлдун башында Кытайда "Этностук биримдик" мыйзамы күчүнө кирди. Документ 56 этностук топтун жалпы мамлекеттик биримдигин бекемдөөгө, маданий жана тилдик интеграцияны күчөтүүгө багытталганы расмий белгиленгени менен Шинжаңдан оогон кайрылмандар мыйзам Кытайдын кысымына ого бетер жол ачат деп кооптонушууда. Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги да бул мыйзам Кытайдагы улуттук азчылыктарга басым-кысым көрсөтүүгө жол ачат деп сынга алган.
Ошентип Бээжин бул документке жамынып, Кытайдын өзүндө эле эмес, чет жактардагы бийликти сындаган жарандарды куугунтуктап, саясий жана экономикалык таасирин пайдалануу менен башка мамлекеттерге кысым аркылуу сынчылардын үнүн өчүрүүгө умтулат деген сын-пикир, чочулоолор айтылууда.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казактар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканын буга чейин жарыялашкан. Кытай бийлигинин мындай аракети эл аралык коомчулукка 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. АКШнын мамлекеттик департаментинин эсебинде, ошол мезгилден тартып кармалып, лагерлерге камалгандардын саны миллионго жеткен.
Бээжин ал кезде "терроризмге каршы күрөш" деген негизде мусулмандарга кысымды күчөткөн. Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келди.
2020-2021-жылдарда АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.
Улуттар Уюму 2026-жылдын апрелинде Кытайдагы жаңы мыйзам тууралуу атайын баяндама жарыялап, документ Кытайдагы аз улуттардын укуктарын тебелөөгө шарт түзөрүн, өлкөдө аларга кайдыгер мамиле калыптанышы мүмкүн экенин билдирген.
Бээжин БУУ менен Европа Биримдигинин сынын четке кагып, муну жалаа жана Кытайдын ички ишине кийлигишүү аракети катары сыпаттаган.