Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун тургуну, казак тектүү жазуучу жана сатирик Женис Ырысканулынын соту жабык өтөрүн анын дайынын бир нече айдан бери таба албай келе жатканын үй-бүлөсү жакында эле укту. Шинжаңдагы казак интеллигенциясынын өкүлүнө он жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу жаралууда.
Ырысканулы 19-марттан бери камакта. Кармалганга чейин аны бир нече ай бою улам суракка чакырып турушкан. 57 жаштагы жазуучунун үй-бүлөсүнө аны кайсы жерде кармап турушканы тууралуу расмий маалымат беришкен эмес, жакындары камакка алынгандан бери аны көрө элек.
Ырысканулынын жакындарынын айтымында, буга чейин Кытай полициясы андан «экстремисттик идеяларды карманат» деп шектенип келген. Бул тууралуу туугандарына оозеки түрдө айтылган. Азыр болсо аны «этностор аралык биримдикке доо кетирүү» деген берене боюнча айыптап жатышканын анын уулу Нартай Женис билдирүүдө.
Нартай Женистин айтымында, атасынын соту жабык өтөт. Ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматына атасынын адвокаты «сот процессине эч кимдин катышуусуна уруксат берилбейт» деп билдиргенин айтты.
Ырысканулынын жубайы, Нартайдын апасы да сот отурумдарына катыша албай турганы белгилүү болду. Адвокат Нартайга сот аяктагандан кийин туугандарына жаза мөөнөтү тууралуу гана маалымат берилерин, андан көптү күтүүнүн деле кереги жоктугун билдирген.
Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Ырысканулы 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.
Нартайдын айтымында, «этностор аралык биримдикке доо кетирүү» деген айып анын атасына мурда коюлган «экстремисттик көз караштарды кармануу» айыбына кошумча катары киргизилген.
Үй-бүлөсү айыптоо корутундусун да, айыптоонун укуктук негизин көрсөткөн башка соттук документтерди да көргөн жок.
Прецедентпи?
Айыптоо Кытайда 1-июлда күчүнө кирген «Этностук биримдикке көмөктөшүү жөнүндө» мыйзам иштей баштагандан көп өтпөй жарыяланды. Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны март айында кабыл алынган бул талаштуу мыйзам этностор аралык мамилелер үчүн кеңири укуктук мүмкүнчүлүк түзүп, этностук биримдикке доо кетирет деп эсептелген аракеттерге байланыштуу жоболорду камтыйт. Ырысканулыга коюлган айып жаңы мыйзамда каралганбы же жокпу, азырынча белгисиз.
Эгер каралган болсо, анда бул мыйзамдын этностук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата кандай колдонуларын көрсөткөн алгачкы окуялардын бири болушу мүмкүн.
Бээжин мыйзамдын жоболору «мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп», Кытайда расмий таанылган 56 этностук топтун укуктарын «жакшыраак коргойт» деп билдирүүдө. Бирок мыйзам адам укуктарын коргоо уюмдарынын, БУУнун эксперттеринин, Европа Биримдигинин жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн сынына кабылган. Алар мыйзам азчылыктардын укуктарын дагы да чектеп, Бээжиндин этностук саясатын Кытайдын чегинен тышкары жайылтууга шарт түзүшү мүмкүн деп кооптонушат.
БУУнун эксперттери апрель айында бул мыйзам «бардык аймактарда этностор аралык мамилелерге карата бирдиктүү мамилени» бекемдеп коюшу мүмкүн экенин эскертишкен. Ал эми Human Rights Watch жана Европа парламенти мыйзамды жокко чыгарууга чакырган. Бээжин эл аралык сынды «кастык менен айтылган жалган жалаа» жана Кытайдын ички иштерине кийлигишүү катары деп атап, четке каккан.
14-июлда Amnesty International өзүнчө билдирүү жасап, эгер Кытай бийлиги Ырысканулынын эл аралык деңгээлде таанылган кылмыш жасаганын ырастаган «жетиштүү, ишенимдүү жана укуктук жактан жол берилген далилдерди» көрсөтө албаса, аны дароо бошотууга чакырган.
«Башынан эле мыйзамсыз»
Кытай бийлиги Ырысканулынын иши боюнча азырынча үн ката элек, ага коюлган айыптардын укуктук негиздерине комментарий берген жок.
«Биз Кытай тараптан эч кандай жооп ала алган жокпуз», — дейт анын уулу.
Казакстандын жараны болуп, азыр Казакстанда жашаган Нартай расмий Астанадан бул ишке кийлигишүүнү суранган. Аталган маселе Казакстандын өкмөтү үчүн өтө кылдат тема болуп эсептелет. Анткени өлкө көп жылдан бери Кытайдагы этникалык казактардын абалына байланышкан тынчсыздануунун жана Бээжин менен болгон тыгыз саясий, экономикалык байланыштарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоого аракет кылып келет.
Нартайдын айтымында, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ага атасы Кытайдын жараны экенин жана бул иш Бээжиндин юрисдикциясына кирерин эскерткен. Анын айтымында, министрлик Ырысканулынын жакындарына жардам сурап Кытай бийлигине кайрылууну сунуштаган.
Нартай атасына коюлган айыптарды четке кагып, ага карата жүрүп жаткан куугунтук мыйзамсыз экенин айтууда:
«Атам азыр башынан өткөрүп жаткандын баары негизи эле мыйзамсыз. Бул эл аралык укук нормаларына да, Кытай Эл Республикасынын өз мыйзамдарына да туура келбейт. Бул Кытайдын мыйзамдарын да, колдонууга тийиш болгон бардык укуктук нормаларды да бузуу болуп эсептелет».
Нартай ошондой эле атасын кесиптик жетишкендиктери жана кадыр-баркы үчүн куугунтуктап жатышат деп Шинжаңдагы аткаминерлерди айыптоодо:
«Мунун артында Шинжаңдагы, Кытайдагы бийлик өкүлдөрү турат. Алар буйруктарды ылгабай аткарып, атамдын жетишкендиктерине, ийгиликтерине, ошондой эле өлкөдө ээ болгон кадыр-баркы менен ээлеген ордуна ичи күйгөн адамдар».
Шинжаңдык жазуучу жана сатирик Ырысканулы мурда мугалим, редактор жана маданият ишмери болуп эмгектенген. Ал Кытай Жазуучулар ассоциациясынын жана Шинжаң Жазуучулар ассоциациясынын мүчөсү. Ошондой эле буга чейин Хами аймагындагы жазуучулар бирикмесинин төрагасы кызматын аркалаган.
Ал 13 адабий чыгарма жарыялаган. Алардын көбү балдар адабияты жана юмор аңгемелери. Айрым чыгармалары казак тилинен кытай тилине которулган.
Ырысканулынын иши Шинжаңдагы көп жылдан бери уланып келе жаткан репрессиялардын бир көрүнүшү катары каралууда. Бул аймакта этникалык казактар, уйгурлар жана негизинен мусулмандардан турган башка элдер жапырт кармоолорго туш болуп, алардын маданий, диний жана тилдик укуктары чектелип келет.
Бээжин Шинжаңдагы саясаты терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталганын айтып, укук бузуулар тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
Бирок укук коргоо уюмдары, мурдагы камактагылар жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү бул жүйөлөрдү негизсиз деп атап келишет. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун 2022-жылдагы баасында Шинжаңдагы негизсиз кармоолор жана башка адам укуктарынын бузулушу боюнча маалыматтар ишенимдүү экени жана алар адамзатка каршы кылмыш катары бааланышы мүмкүн экени белгиленген.