Орунбековдун "кара тизмесине" кабылгандар сотко кайрылабы?

Дайырбек Орунбеков жана анын Фейсбуктагы талкуу жараткан посту. Коллаж.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чет элдиктер тууралуу "жалган маалымат" тараткандар жөнүндөгү билдирүүсү талкуу жаратты. Ал "жооп берип, камаларын" эскерткен тизмеде таанымал укук коргоочулар, юристтер жана саясий серепчилер да бар.

Ынтымак-Ордонун расмий өкүлү Дайырбек Орунбеков айрым саясатчылардын тарапташтары жана фейк аккаунттар "улут аралык кастыкты козутууга" аракет кылып жатканын билдирди. Ал эми активисттер муну коркутуу аракети жана жарандардын жеке маалыматын ачыкка чыгаруу катары баалап, мындай кадам мыйзамга каршы экенин айтып жатышат.

Орунбековдун бул посту Фейсбукка 20-июлда жарыяланды. Постко социалдык тармактарда өзүнүн пикирин активдүү билдирген 70тен ашуун кишинин ар бири тууралуу маалымат, сүрөтү, туулган күнү, айы, жылы менен коштолгон тизме тиркелди.

“Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз. Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда”, - деп жазды Орунбеков.

Мамлекеттин маалыматтык саясатын жүргүзгөн өкүлдүн мындай билдирүүсү бир жагынан коомчулукту нааразы кылса, экинчи жагынан сөз эркиндигине басым көрсөтүү аракети катары бааланууда. Тизмеде аты айтылган жарандардын көбү социалдык тармактар аркылуу жооп берип жатышат.

70тен ашык кишинин тизмесинде укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Бурул Усманали жана саясат талдоочу Эмилбек Жороев, журналист Адил Турдукулов, юрист Нурбек Токтакунов, публицист Олжобай Шакир жана бир катар активисттер бар.

Алар билдирүүгө тиркелген сүрөттөрү “Түндүк” маалыматтык тутумунан алынганын айтууда.

Мындан улам жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоого мамлекет берген кепилдик бузулганын белгилеп, бул боюнча сотко кайрылууга камынып жаткандар да бар.

Адвокат Асел Аргымбаева сотко чейинки өндүрүштү баштоо талабын коюуга мажбур экенин айтты:

Асел Аргымбаева

"Соттун чечими жок эле мени өзгөчө оор кылмыш жасаган деп коомчулукка айыптоону, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана эркиндигинен ажыратуу убадалары менен коштолуусун жеке коркутуу жана менин адвокаттык ишмердүүлүгүмө тоскоолдук кылуу аракети катары кабыл алам. Буга байланыштуу мен прокуратура органдарына кылмыш жөнүндө арыз менен кайрылууга жана фактылардын жыйындысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо талабын коюуга мажбурмун. Анын ичинде: адвокаттын мыйзамдуу кесиптик ишмердүүлүгүнө кийлигишүү жана коргоону ишке ашырууга тоскоолдук кылуу; адвокаттык ишмердүүлүккө байланыштуу коркутуулар жана кысым көрсөтүү; жеке маалыматтарды мыйзамсыз алуу, пайдалануу жана таркатуу; жазышуулардын жана телефондук сүйлөшүүлөрдүн сырын мүмкүн болгон бузуулар; жашыруун тергөө же ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтарды мүмкүн болгон ачыкка чыгаруу; мыйзамда белгиленген негиздерсиз мени өзгөчө оор кылмыш жасаган деп коомчулукка айыптоо".

Орунбеков сүрөттөрү менен чыгарган тизмедегилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташтары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү деп үчкө бөлүнүп көрсөтүлгөн.

Тизме жарыяланган учурда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтары делгендер да көрсөтүлүп, кийин Орунбеков аларды өчүрүп койгон. Эмне себептен андай кылганын азырынча түшүндүрө элек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Кечирим сурашып, келиштик”. Орунбеков кимдерди коркутту?

Тизмедеги айрым адамдар Орунбековдун постунда алар тууралуу купуя деп эсептелген, кээ бир учурда өзүлөрү ачыктоону каалабаган маалыматтар жарыяланып кеткенин белгилеп, анын баары, кыязы, "Түндүк" системасынан алынганын жазып чыгышты.

"Түндүк" ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

"Азыркы учурда биз бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылуу жолдодук. Биз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет", - деп 21-июлда "Азаттыкка" агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков билдирди.

Активист Бурул Усманали соцтамактар аркылуу президентке, прокуратурага, Ички иштер министрлигине, жарандардын жеке маалыматын коргоого милдеттүү мекемеге жалпы кайрылуу даярдалып жатканын билдирди. Ал "бир катар мыйзамдар, укуктар жана принциптер бузулду" деп санайт.

Бурул Усманали

"Катты кыргызча жаздым, анын мазмуну мындай: кыргыз эли бир жаранды шайлоо аркылуу жетекчи кылып ишке дайындайт, ал шайланган президент, өз кезегинде, башка адамдарды ишке алат. Ошол ишке алынган адам кайра элге сөөмөйүн кезеп, коркутууга эч кандай акысы жок. Анткени эл бийликтин булагы. Бул Конституцияда жазылган. Ошол эл кожоюн. А кожоюн ишке алган жумушчу кожоюнду коркутпайт. Фейсбуктагы ар бир сөзүн келтирдик. Жалаа, персоналдык маалыматты чыгаруу, саясий жана адам укуктарына, кадыр-баркка шек келтирүү деген бардык беренелер боюнча тизмектеп, ар бирине байланыштуу юридикалык баа жана жазасын бергиле деген мааниде кат жаздык", - деди жарандык актвист "Азаттыкка".

Жазуучу жана публицист, саясий окуялар боюнча өз пикирин билдирип келген Олжобай Шакир эки жыл мурда кармалып, бир нече ай абакта отуруп, пробация менен эркиндикке чыккан. Орунбеков жарыялаган тизмеден аны да көрүүгө болот. Ал «улут аралык кастыкты козутуу» деген берене оор экенин, ушул тапта чындап чочулап турганын жашырган жок.

Олжобай Шарир

"Бирок мен пост жазгандан кийин Дайырбек Орунбеков өзү чалды мага. Мен эгер жигиттик, мырзалык касиет калса «ак чөп башта» деп, жокко чыгарсын деп, пост жазгам. Кичине адамдык касиет бар экен, чалды мага. Кечирим сурашып, келиштик ал экөөбүз. Мени сүрмө топтун арасына шыкап коюшса керек, күч органдарынан маалымат берилгенби, айтор… Мындай айтканда, мен «экс-бузукумун» да. Мал базарга чейин арабамды сүйрөп, китеп сатып жатам, дубандарга «рухий даабат» деп кыдырып жатам. Андан көрө коомду агартып, мамлекет акылдуу элди башкарабы же караңгы элди башкарабы, ушуга кам көрүшү керек. Айылдарга китеп жетпей жатат. Айтор, мен саясатты адабиятка айландыргым келет".

Орунбеков президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатканын билдирди. Ал бул боюнча укук укоргоо органдары да иш алып барып жатканын белгилеп, терс маалыматтарды тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар жөнүндө маалыматтар буга чейинки бийликтердин тушунда да улам-улам тарап, талкуу жаратып турчу. Азыркы президент Садыр Жапаров өлкө башына келгенден бери да бул тема социалдык тармактарда кайра-кайра козголуп келет.

21-июлда Жапаров инвестициялык долбоорлор үчүн чет элдиктерге жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү боюнча экинчи ирет үн катты. Мамлекет башчы Фейсбуктагы баракчасында пост жазды.

Жапаров коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектар деп аныкталганын белгилеп, мунун 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте, 1 миллион 82 миң гектары жеке менчикте экенин тактады.

Президент Кыргызстан эгемендик алгандан бери инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлердин аянты 0,1% ашпай турганын белгиледи. Буга чейин ошол эле жерлерге инвесторлор ишкана-заводдорду курбай, башка багытка пайдаланып кетишкенин, эми өкмөт андайга жол бербей турганына токтолду.

Садыр Жапаров

“Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун. Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет. Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0,1% жетпеген жерлерди кара пиар кылып, "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. [...] Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт. Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек. Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек”, – деп жазды президент.

Мамлекет башчы чет элдиктерге берилчү жер тилкелерине заводдор, фабрикалар, логистикалык борборлор, туристтик объектилер, электр станциялары жана башка нерселер куруларын айтты.

Жапаров 17-июлда “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын айткан.

Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган.

Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.