Орусиянын бийлиги Telegram украин атайын кызматтары пайдаланган каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүрүүдөн баш тарткан деп эсептейт. Алардын версиясында ушул платформалар аркылуу жаштар диверсиялык аракеттерге тартылган.
Павел Дуров буга чейин мындай айыптарды четке кагып, Кремль Телеграмга кысым көрсөтүү үчүн жаңы жүйөлөрдү ойлоп таап жатканын айтып келген.
ФСБнын дооматтары эмнеге негизделген?
ФСБнын маалыматына ылайык, Дуровго Кылмыш кодексинин 205.1-беренесинин 1.1-бөлүгү ("террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү") боюнча айып тагылды.
Мекеменин билдирүүсүндө Telegram администрациясы украин атайын кызматтары колдонгон делген көптөгөн каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүрүүдөн баш тартканы айтылат. ФСБнын пикиринде, дал ушул платформалар аркылуу Орусиянын аймагында диверсиялык жана террордук аракеттер уюштурулган.
Тергөө комитети бул иштердин бири Телеграмдагы "Дайвинчик/Leo" таанышуу ботуна байланыштуу экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, украин атайын кызматтары жаштар менен ушул бот аркылуу таанышып, кийин аларды ар кандай шылтоолор менен кылмышка түрткөн.
ФСБ билдиргендей, 2025-жылдын июль айынан бери мындай схема менен байланышы бар деген негизде 12 жаштан 22 жашка чейинки 46 адам кармалган. Алардын арасында 14 жаштан 18 жашка чейинки 19 өспүрүм бар.
Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, алгач жаштар менен кыздардын атынан байланыш түзүлгөн. Аларга кино, концерт же белектер үчүн төлөм жүргүзүү сунушталып, фишинг шилтемелери жөнөтүлгөн.
Кийин өздөрүн укук коргоо органдарынын же Росфинмониторингдин кызматкерлери катары тааныштырган адамдар байланышып, төлөнгөн каражат Украинага которулганын билдиришкен.
Андан соң жоопкерчиликке тартылары эскертилип, аны болтурбоо үчүн транспорт, байланыш же энергетика объектилерине байланыштуу тапшырмаларды аткаруу сунушталганын Тергөө комитети маалымдады.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн болгон жок.
Дагы караңыз
Орусия: Telegram бөгөттөлдү. Max канчалык коопсуз?"Дайвинчик" деген эмне?
"Дайвинчик" — Телеграмдагы эң ири таанышуу платформаларынын бири. Анын каналына миллиондогон адам катталган.
Tinder жана башка Батыштагы таанышуу тиркемелери Орусиядагы ишин токтоткондон кийин бул боттун популярдуулугу кескин өскөн.
2025-жылдын декабрында Роскомнадзор аны тыюу салынган интернет-ресурстардын реестрине киргизген.
Мекеме анда "ЛГБТ-пропагандасы" жана балдардын порнографиясы бар деп билдирген.
ФСБ эми дал ушул бот украин атайын кызматтары тарабынан жаштарды издөө жана байланыш түзүү үчүн пайдаланылганын айтууда.
Дуровдун жообу
Павел Дуров жаңы айып боюнча комментарий бере элек.
Бирок Телеграмдын X социалдык тармагындагы расмий баракчасында Дуровдун сүрөтү жарыяланып, анда ал ортоңку манжасын көрсөтүп турат. Сүрөткө эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.
Дуров ушул жылдын февралында өзүнө каршы террорчулукка байланыштуу кылмыш иши ачылганы тууралуу маалыматтарга мындай комментарий берген:
"Бийлик күн сайын орусиялыктардын Телеграмга кошулуусун чектөө үчүн жаңы шылтоолорду ойлоп табууда. Бул жеке жашоонун кол тийбестигинен жана сөз эркиндигинен корккон мамлекеттин кейиштүү көрүнүшү", — деп жазган ал.
Апрель айында болсо Орусиядагы мурдагы дарегине "шектүү" деген чакыруу кагазы келгенин айтып, аны азил менен кабыл алган.
"Балким, алар мени Конституциянын сөз эркиндигин жана жеке кат алышуунун купуялуулугун кепилдеген беренелерин коргогонум үчүн күнөөлөп жаткандыр. Муну менен сыймыктанам", — деп билдирген.
Дуров Telegram мыйзамсыз контентке каршы күрөшүүдө жана укук коргоо органдары менен кызматташууда мыйзам талап кылган милдеттенмелерден да ашык иштерди жасап жатканын бир нече жолу белгилеген.
Дагы караңыз
«Телеграм» үчүн күрөш башталдыTelegram эмне үчүн маанилүү болуп калды?
2013-жылы түзүлгөн Telegram бүгүн дүйнөдөгү эң ири байланыш платформаларынын бири болуп эсептелет. Компаниянын маалыматына ылайык, анын активдүү колдонуучуларынын саны миллиарддан ашат.
Орусия менен Украинадагы согуш башталгандан кийин Telegram эки өлкө үчүн негизги маалымат аянтчаларынын бирине айланды.
Бул мессенжер аркылуу Кремль, Орусиянын Коргоо министрлиги, украин бийлиги, аскердик бөлүктөр, согуштук кабарчылар жана миңдеген блогерлер маалымат таратып келет.
Көпчүлүк чабуулдар, майдандагы өзгөрүүлөр жана расмий билдирүүлөр алгач дал ушул Telegram аркылуу жарыяланат.
Айрым эксперттер мессенжерди маалыматтык согуштун эң негизги платформаларынын бири катары баалашат.
Кремль менен Телеграмдын тиреши
Павел Дуров менен Орусияын бийлигинин ортосундагы карама-каршылык эми эле башталган жок.
Ал VKontakte социалдык тармагын негиздегенден кийин эле коопсуздук кызматтары менен пикир келишпестиктер жаралган.
2014-жылы ал компаниядагы үлүшүн сатып, Орусиядан чыгып кеткен.
2018-жылы Роскомнадзор Телеграмдан колдонуучулардын кат алышуусун чечмелөөгө мүмкүндүк берген ачкычтарды ФСБга өткөрүп берүүнү талап кылган.
Компания андан баш тарткандан кийин Telegram өлкөдө бөгөттөлгөн.
Бирок техникалык жактан бул аракет натыйжа берген эмес. Миллиондогон адамдар VPN жана башка технологиялар аркылуу мессенжерди колдоно беришкен.
Эки жылдан кийин Кремль бөгөттү алып салган.
Бирок 2025-жылы мамлекеттик MAX мессенжери ишке киргизилгенден кийин Телеграмга карата басым кайра күчөдү.
Акыркы бир жыл ичинде анын иши бир нече жолу жайлатылып, учурда Орусиянын аймагында VPNсиз колдонуу дээрлик мүмкүн болбой калды.
Ошого карабастан Кремль, Коргоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар расмий билдирүүлөрүн Telegram аркылуу жарыялоону улантып келишет.
Франциядагы кылмыш иши
Павел Дуров Орусияда гана эмес, Францияда да кылмыш ишинин фигуранты болуп саналат.
Ал 2024-жылы Парижде кармалып, кийин күрөө менен бошотулган.
Француз бийлиги Telegram мыйзамсыз контентти жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөйт жана укук коргоо органдары менен кызматташуудан баш тартат деп эсептейт.
Тергөөчүлөрдүн билдирүүсүндө, бул балдардын порнографиясынын жайылышына, баңгизат соодасына жана алдамчылык иштердин жайылышына шарт түзгөн.
Июль айынын башында француз маалымат каражаттары Дуров бул иш боюнча экинчи жолу алты сааттан ашык сурак бергенин жазышкан.
Ал бул айыптарды четке кагып келет. ФСБ Дуровду эл аралык издөөгө берүү процедурасы башталганын билдиргени менен, анын кандай механизм аркылуу ишке ашары азырынча белгисиз.
Reuters агенттиги Интерпол бул маселе боюнча комментарий бербегенин жазды. Агенттик сүйлөшкөн булактын айтымында, эгер Москва Интерпол аркылуу "кызыл билдирүү" чыгарууну сураса да, жол-жобо бир топ убакытты талап кылышы мүмкүн.