"Орусияга баргысы келбегендер көп". Борбор Азиядагы эмгек миграциясы кай жакка оойт?

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга барып иштеп жүргөн миңдеген эмгек мигранттары акыркы айларда мекенине кайтып жатышат. Бул көрүнүш бир нече айдан бери байкалууда. Айрым мигранттар Орусияга кайра баргысы келбей, башка жолдорду издеп жатышат.

Буга Орусиянын миграциялык саясатты катаалдатышы, көзөмөлдү күчөтүшү жана мигранттарды Украинадагы согушка тартуу аракеттери себеп. Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан кайтып келген өз жарандарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алат деген суроо жаралууда.

"Келгиле, жумуш орундары бар"

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери эмгек мигранттарын мекенине кайтууга чакырып, жумуш орундары бар экенин айтып, өлкөдө калууну тандагандарга колдоо көрсөтүлөрүн убада берип келет.

"Келгиле, жумуш орундары бар", – деп 11-октябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда чет өлкөдө жүргөн мекендештерине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылды.

"Алар кайтып келсек, эмне кылабыз деп сурашат, кээ бирлери үйүбүз да жок дешет. Ошон үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлерди куруп жатабыз", – деген ал.

Жапаров акыркы убакта чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны азайып жатканын, бирок эмгек миграциясы толугу менен токтобогонун белгиледи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери өлкөдөн тышкары жерде Кыргызстандын 736,6 миң жараны иштеген. 2025-жылы бул көрсөткүч 798,4 миң адамды түзгөн.

Мигранттарды кайтууга үндөгөн чакырыктар аларга мекенинде жашап, иштеши үчүн шарт түзүү аракети менен коштолууда. Май айында Кыргызстанда 2026–2030-жылдарга карата кайтып келген мигранттарды кайра коомго интеграциялоо программасы бекитилген. Октябрда депутаттар эмгек миграциясынан кайтып келип, өз бизнесин ачкан жарандар үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү сунушташты.

Өзбекстанда да Орусиядан кайтып жаткан мигранттардын саны көбөйүп жатканын байкоого болот. Миграция агенттигинин маалыматы боюнча, быйыл 25-августтан 5-сентябрга чейинки аралыкта өлкөгө 96 415 жаран кайтып келген. Бийлик жүздөгөн киши жумушка орноштурулганын да билдирүүдө.

Ошол эле учурда Орусияга иштегени кеткен өзбекстандыктардын саны да кыскарууда. Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусияга иштөө үчүн 1,18 миллион жаран кеткен. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 13,2 пайызга аз.

Тажикстанда да бийлик чет өлкөгө иштегени кеткен жарандардын саны азайып жатканын билдирип жатат. 2026-жылдын июль айында Статистика агенттигинин башчысы Жамшед Нурмухаммадзода биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүч 1,7 пайызга төмөндөгөнүн айткан. Бирок ал чет өлкөгө кеткендердин так санын жана мындай өзгөрүүнүн себептерин атаган эмес.

"Орусияда жашоо оор болуп калды"

Тажикстандын түндүгүндөгү Конибодом шаарынын 34 жаштагы тургуну Шамсиддин 2025-жылдын башында Орусияга иштегени кеткен. Ал бардык зарыл документтерди даярдап, Санкт-Петербургдагы курулуштардын бирине жумушка орношкон.

"Шарттар оор эле, бирок ай сайын үй-бүлөмө акча жөнөтүп, бир аз каражат жыйнап жүрдүм", – дейт Шамсиддин.

Ал Орусияда бир жыл иштегенден кийин мекенине кайтып келип, Тажикстанда алты ай жүргөн. 2026-жылдын августунда кайрадан Санкт-Петербургга барып иштөөнү чечкен. Бирок Пулково аэропортунда чек арадан өткөрүлгөн эмес.

Ага Орусияга кирүүгө тыюу салынганы айтылган. Шамсиддиндин сөзүнө караганда, мындай чечимдин себептерин сураганда чек ара кызматкери так жооп берген эмес.

"Петербургда иштеп жүргөн бир туугандарыма шашылыш байланышып, кайра кайтуу үчүн билет алып берүүнү сурандым. Натыйжада Орусияга келген эле учак менен кайра Тажикстанга кайтып кеттим", – деп эскерет ал.

Бул окуядан кийин Шамсиддин тыюу мөөнөтү бүткөн күндө да Орусияга барбоону чечкен.

"Орусияда жашоо оор болуп калды, ал тургай өлкөгө кирүүнүн өзү чоң көйгөйгө айланды. Кире электе эле маселелер башталат. Ар бир кадамың көзөмөлдө. Борбор Азиядан баргандарга мамиле да жаман. Албетте, жакшы адамдар бар, бирок жактырбагандар андан көп", – дейт Шамсиддин.

Конибодомго кайтып келген соң ал жергиликтүү курулуш бригадасына жумушка орношкон. Анын айтымында, шаарда азыр курулуш күч алып, жумуш жетиштүү. Күнүнө 200 сомониден ашык (20 доллар) каражат табат. Бул чоң акча болбосо да, жубайы жана эки баласын багууга жетет.

"Мындан ары Орусияга баргым келбейт", – дейт ал.

Орусиянын эмгек рыногундагы көйгөйлөр

Өзбекстандык юрист жана чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоо, укуктук маалымат берүү жана ыңгайлашууга көмөктөшүү менен алектенген Vatandosh порталынын негиздөөчүсү Ботиржон Шермухаммаддын айтымында, Орусиянын эмгек рыногунун жагымдуулугу чынында эле төмөндөп жатат.

Анын сөзүнө караганда, мигранттар текшерүүлөрдүн жана чектөөлөрдүн күчөшүнө туш болуп, мыйзамдаштыруу менен жашоо чыгымдары барган сайын өсүүдө.

Гүлнара Дербишева

Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенген "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишеванын айтымында, "Крокус Сити Холл" концерттик борборундагы теракттан кийин Борбор Азиядан келген мигранттар текшерүүлөрдүн көбөйгөнү, этнос боюнча ылгап текшерүү учурлары жана коопсуздукка байланыштуу көп кайрыла баштады. Укук коргоочу мигранттарга карата ксенофобиялык көрүнүштөр жана басым күчөгөнүн белгилейт.

Балалуу үй-бүлөлөр үчүн дагы бир тоскоолдук жаралды. 2025-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы талап киргизилди. Ага ылайык, Орусиянын мектептерине кабыл алынуучу чет өлкөлүк жарандардын балдары орус тили боюнча милдеттүү тесттен өтүшү керек. Эгер бала бул тесттен өтпөй калса, ал мектепке кабыл алынбайт.

"Балдары бар үй-бүлөлөр үчүн бул кошумча тоскоолдук болуп калды жана айрым учурларда мекенине кайтуу чечимине таасир этүүдө", – дейт Дербишева.

Дагы караңыз

Орусияда мигранттардын жогорку класста окуган балдарынан акы алуу сунушталды

Мектеп окуучуларына карата талаптардын күчөтүлүшү Орусиянын мигранттарга карата кеңири саясатынын бир бөлүгү болуп саналат. Акыркы жылдары орус бийлиги "көзөмөлдөгү адамдардын" реестрин киргизип, чет өлкөлүктөрдү соттун чечимисиз өлкөдөн чыгарууга уруксат берди. Ошондой эле Москва жана Москва облусунда мигранттардын жүрүп-турушун көзөмөлдөө үчүн атайын тиркеме колдонула баштады. Башка чектөөлөр менен кошо бул чаралар чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде Борбор Азиядан келгендердин жашоосун кыйындаштырып, Орусиядагы мигранттардын санынын азайышына алып келүүдө.

Мындан тышкары, Мамлекеттик Дума мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жатат. Анда чоң жаштагы мигранттар жеке киреше салыгы боюнча алдын ала төлөнүүчү туруктуу төлөмдү өздөрү үчүн гана эмес, өздөрү менен кошо Орусияга келген жана алардын багуусундагы ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн да төлөшү керек деген талап каралган.

Мигранттардын балдары бойго жеткенден кийин эмгек патентин тариздөөгө же өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле чет өлкөлүк жаран жыл ичинде он айдан аз иштеген болсо, ага убактылуу жашоого уруксат же жашап туруу макамын берүү каралбайт же мурда берилген уруксат жокко чыгарылат.

Бул өзгөртүүлөр 2027-жылы күчүнө кирери күтүлүүдө. Эгер алар кабыл алынса, Орусияда үй-бүлөсү менен жашаган мигранттар үчүн жаңы кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Бул чаралар өлкөдөгү чет өлкөлүктөрдүн саны азайып жаткан учурда сунушталууда. Муну расмий статистика да тастыктайт.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелине карата өлкөдө 6,1 миллион чет өлкөлүк жаран жашаган. Бул бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн 700 миңге аз. Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде Орусияга 2,5 миллион чет өлкөлүк кирген, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга төмөн.

2026-жылдын сентябрында Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Андрей Кикоть акыркы бир жарым жыл ичинде өлкөдөн 100 миңге жакын чет өлкөлүк чыгарылганын, дагы болжол менен 200 миң адамдын өлкөгө кирүүсүнө чектөө коюлганын билдирген.

Согуш жана мобилизация

Миграциялык эрежелердин катаалдашы жана текшерүүлөрдүн күчөшү менен катар, Украинадагы согуш да мигранттардын мекенине кайтышына таасир этиши мүмкүн.

"Мигранттар арасында чет өлкөлүк жарандар же жакында эле Орусиянын жарандыгын алган адамдар аскердик кызматка тартылып калышы мүмкүн деген кооптонуу дагы эле күчтүү. Мен жаңы мобилизация сөзсүз болот деп айта албайм. Бирок мындай кооптонуулар жана кептер адамдардын миграциялык чечимдерине чындап эле таасир этүүдө", – дейт Гүлнара Дербишева.

Валентина Чупик

Миграция маселелери боюнча эксперт жана "Тонг Жахони" укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Валентина Чупик Орусияга мигранттардын агымынын азайышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын салыштырмалуу жапырт түрдө кайта баштаганы тууралуу азыркы билдирүүлөргө чейин эле башталган деп эсептейт. Анын пикиринде, бул көрүнүшкө Украинадагы согуш да таасир эткен. Ошондой эле ал 2022-жылдын күзүндө Орусияда жүргүзүлгөн мажбурлап мобилизациялоону эске салат.

Чупиктин баамында, 2019-жылы Орусияда 13,5 миллион чет элдик жаран болгон. Алардын 9,2 миллиону эмгек мигранттары эле. Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын аягына карата мигранттар 4,2 миллионго чейин азайган.

Эксперттин айтымында, андан кийин статистикалык маалыматтар мурдагыдай ачык болбой калган жана Ички иштер министрлигинин кийинки маалыматтарын мурдагы көрсөткүчтөр менен түз салыштыруу мүмкүн эмес.

Чупик жакында жарыяланган чет өлкөлүк 9,5 миллион жаран тууралуу көрсөткүчкө да көңүл бурат.

"Бул санга туристтер жана өлкөгө кайра-кайра кирген адамдар да кирет. Ал эми эмгек мигранттарынын саны 1,7 миллионду түзөт", – дейт ал.

Бирок эсептөөдө бирдиктүү ыкма жок болгондуктан, бул маалыматтар миграциялык агымдагы өзгөрүүлөрдүн чыныгы абалын так баалоого мүмкүндүк бербейт.

Согуштун мигранттардын чечимдерине тийгизген таасири тууралуу сөз кылып жатып, Чупик 2022-жылдын күзүндөгү окуяларды мисал келтирет.

"24-сентябрдан 8-ноябрга чейин мигранттарды көчөдөн, жашаган жана иштеген жерлеринен жапыр кармап, мажбурлап согушка жөнөтүп жатышкан. Укук коргоочулардын өнөктүгүнөн жана мигранттар чыккан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн басымынан кийин мындай тажрыйба токтогон. Бирок чет өлкөлүктөрдү аскерге "өз ыктыяры менен" тартуу учурлары андан кийин да болгон", – дейт укук коргоочу.

"Орусия жалгыз багыт эмес"

Орусиянын эмгек рыногундагы мындай абал Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары чет өлкөдө иштеп акча табуудан баш тартууга даяр дегенди билдирбейт.

Аймактан чыккан миллиондогон адамдар мурдагыдай эле Орусияда жашап, иштеп жатышат. Бирок эмгек миграциясынын көнүмүш модели акырындык менен өзгөрүүдө. Барган сайын башка өлкөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөргө көңүл бура баштагандардын саны арбыды.

"Белгилүү бир тенденция бар. Бирок азырынча муну Орусиядан жапырт кетүү деп атабайт элем", – дейт Ботиржон Шермухаммад.

Ботиржон Шермухаммад

Ботиржон Шермухаммаддын айтымында, учурда көптөгөн мигранттар мекенине убактылуу кайтып, бир аз убакыттан кийин кайрадан чет өлкөдөн жумуш издешет.

"Жай жана күздүн башы тойлордун мезгили. Ушул убакта көбу тууган-туушкандарынын тойлоруна катышуу үчүн мекенине келет. Ошондуктан кыска мөөнөттө көп адамдын кайтып келиши алардын Орусиядан биротоло кеткенин билдирбейт. Бул көрүнүштү жапырт кайтуу катары эмес, эмгек миграциясынын багыттарынын акырындык менен өзгөрүшү катары баалаган туура", – дейт эксперт.

Анын айтымында, Өзбекстан жарандары үчүн Түштүк Кореяда, Жапонияда, Европа өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылууда. 2025-жылдын жыйынтыгында ушул өлкөлөрдө жашап жана иштеп жүргөн өзбек жарандарынын саны 320 миңге жакындап, бир жыл ичинде 8% көбөйгөн.

Миграция багыттарынын өзгөрүп жатканын Кыргызстандын "Инсан-Лейлек" коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Дербишева да белгилейт. Анын айтымында, айрым мигранттар Орусияны жалгыз багыт деп эсептебей калды:

"Азыр биз адамдардын мекенине кайтып жатканын гана эмес, миграциянын жаңы багыттарга ооп жатканын да көрүп жатабыз. Барган сайын көбүрөөк адамдар Европа өлкөлөрүнө, Түштүк Кореяга, Түркияга жана Азиянын башка мамлекеттерине кызыга баштады", – дейт Дербишева.

Укук коргоочу Валентина Чупик да Орусияга мындан ары барууну каалабаган, бирок өз өлкөсүнөн жакшы жумуш таба албаган мигранттар көп экенин айтат. Анын сөзүнө караганда, ага Улуу Британияда, Германияда, Польшада, Венгрияда, Чехияда, Түркияда, Түштүк Кореяда жана Вьетнамда мыйзамдуу иштөөнүн жолдорун издеп кайрылгандар көбөйгөн.

Бирок эмгек миграциясынын багытын өзгөртүү оңой эмес. Башка өлкөгө иштегени баруу үчүн тил билүү, кесиптик квалификацияны ырастоо, виза алуу жана кошумча чыгымдарды көтөрүү талап кылынат. Ошондуктан жаңы эмгек рынокторуна чыгуу мигранттардын каалоосуна гана эмес, ошол мүмкүнчүлүктөрдүн канчалык жеткиликтүү болушуна да байланыштуу.

Кайтып келген мигранттар эмне кылат?

Ошол эле учурда Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери бир жагынан чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, экинчи жагынан мекенине кайтып келген жарандарды колдоого аракет кылып жатышат. Бирок Ботиржон Шермухаммаддын пикиринде, негизги маселе адамдарды жөн эле жумуш менен камсыз кылууда эмес.

"Өзбекстанда жумушка орноштуруу, кесипке окутуу жана ишкерликти колдоо боюнча программалар бар. Бирок эң маанилүүсү – адамга туруктуу жана жетиштүү киреше алып келе турган жумуш берүү. Эгер мурдагы мигрант мекенинде чет өлкөдөгүдөн кыйла аз тапса, ал сөзсүз кайрадан сыртка кетүүнүн жолун издей баштайт. Эгер жумуш орундары жетишсиз болсо, көмүскө иш көбөйүшү мүмкүн, жумуш үчүн атаандаштык күчөйт жана буга чейин мигранттын акчасына жашап келген үй-бүлөлөрдүн кирешеси төмөндөйт. Ошондуктан адамдарды кайтарып коюу жетишсиз. Эң негизгиси – өлкө ичинде татыктуу айлык төлөнгөн жумуш орундарын түзүү. Кыска убакыттын ичинде миңдеген адамдарды маянасы жакшы жумуш менен камсыз кылуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан алардын көбү башка мамлекеттерден мүмкүнчүлүк издей беришет", – дейт ал.

Гүлнара Дербишева да Борбор Азия өлкөлөрүнүн эмгек рыноктору азырынча көп сандагы мигранттарды кабыл алууга даяр эмес деген пикирде.

Ал Кыргызстанда 2026-жылы кабыл алынган мигранттарды кайра интеграциялоо программасын эске салды:

"Бул маанилүү кадам. Бирок программанын болушу эле жетиштүү жумуш орундары түзүлдү дегенди билдирбейт. Негизги маселе бул чаралар жетиштүү каржыланабы, адамдарды кайра окутуу мүмкүнчүлүгү болобу, насыя алуу жеткиликтүүбү жана айрыкча аймактарда реалдуу жумуш орундарын түзүүгө шарт барбы деген суроолордо", – дейт ал.

Анын айтымында, эгер көп сандагы мигранттар бир убакта мекенине кайтып келсе, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички эмгек базары алардын баарын толук өзүнө сиңирип кете албайт. Анын үстүнө көпчүлүгү чет жакта тапкан кирешеге көнүп калган.

"Ошондуктан өлкө ичинде татыктуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо, адамдар миграциядан толук баш тартпайт. Тескерисинче, миграциялык агым башка өлкөлөргө бурулат. Азыртан эле Европага, Түштүк Кореяга жана Азиянын башка эмгек базарларына кызыгуу күчөп жатканын көрүп жатабыз. Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында турган негизги милдет мигранттарды мекенине кайтарып, жумуш менен камсыз кылуу гана эмес. Ошол эле учурда жарандар үчүн өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношуу механизмдерин түзүү зарыл", – дейт Дербишева.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 13-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргызстандык мигранттардын көбү орус-украин согушуна байланыштуу башка өлкөлөргө кетип жатканын билдирген. Анын айтымында, учурда Түркияга, АКШга кетип жаткандар бар. Министр айрым Европа өлкөлөрү кыргызстандык адистерди чакырууга кызыкдар экенин айтып, бирок ал үчүн Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды кабыл алууну сунуштаганын кошумчалады.

"Азыр Европада, мисалы Германия, Австрия биздин мигранттарды чакырууга кызыкдар экенин билдирип жатышат. Алар жогорку квалификациялуу адистерди чакырууга кызыгышкан. Бирок алар "мобилдик миграция деп силерден жумушчуларды алалы, бирок силер Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды үчүнчү мамлекет катары кабыл алгыла" деп сунуштап жатат. Биз ага такыр макул эмеспиз. Биз мүмкүн болсо, биздин мигранттар түз барып иштей берсин деп жатабыз".

Министр мындан сырткары Түштүк Корея, Жапонияда дагы кыргызстандык жумушчуларга муктаж экенин кошумчалады. Кулубаев сунушта Африканын кайсы өлкөлөрүнөн мигранттарды кабыл алуу көрсөтүлгөнүн тактаган жок.

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү муну менен Евробиримдиктен мындай сунуш болгонун биринчи жолу расмий айтып чыкты. Негизи, Европа үчүн мигранттардын маселеси соңку жылдары абдан курчуп, башкы саясий талкуулардын бирине айланды.

Дагы караңыз

Бишкек Брюсселдин Ооганстан, Африкадан мигрант кабыл алуу сунушун четке какты

Дал ушундай шартта Брюссел быйыл жайында өз мекенине кайтууга коопсуздуктан улам мүмкүн болбогон Африканын айрым өлкөлөрү жана Ооганстандан келген мигранттарды үчүнчү өлкөлөрдөгү борборлордо жайгаштыруу демилгесин көтөргөн. Эгер мындай миграциялык борборлорду өз аймагында жайгаштырууга макул болсо, Евробиримдик ал өлкөлөр менен кызматташтыкта бир катар жеңилдиктерди убада кылганы да кабарланган.

Андай сунуш берилген өлкөлөрдүн катарында Борбор Азиядагы мамлекеттер да аталган. Тагыраагы, мыйзамсыз мигранттар үчүн депортациялык борборлорду түзүүгө Казакстан, Өзбекстан, Руанда жана Уганда макулдугун бергенин маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Көп өтпөй Астана жана Ташкент Евробиримдик менен визаны жеңилдетүү үчүн мыйзамсыз мигранттарга Казакстанда миграциялык борбор түзүүнү макулдашканы жөнүндө маалыматтарды четке каккан. Буга чейин Брюссел ушул программаны Казакстан менен Өзбекстанга сунуштаганы белгилүү болгон. Ал сунушта Кыргызстан бар-жогу расмий кабарланган эмес.

Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдан тартып бул өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайган. Май айындагы маалымат боюнча, Орусияда 268 миң 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.