Орусияны COVID-19 жүдөтө баштады

Коронавируска тест алып жаткан медкызматкер. Симферополь.

Орусия бир күн ичинде коронавирусту жуктурган кишилердин статистикасы боюнча АКШдан кийинки эле орунга чыкты.

Орусияда соңку үч күндөн бери коронавирус күнүнө 10 миңден ашуун адамда аныкталып жатат. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө 155 миңден көп киши ооруну жугузуп, 1451 адам каза тапты.

Роспотребнадзордун маалыматына ылайык, өлкөдө 4,4 миллион киши коронавируска тесттен өттү.

Мекеменин Эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, академик Василий Акимкиндин айтымында, илдет аныкталгандардын 70-80 пайызында коронавирус жеңил жана симптомдору жок өтүүдө. Ал эми өлүм-житимдердин алдын-алууну "жогорку эффективдүү тестирлөө системасы" камсыздап жатканын белгиледи:

«Илдетти жуктургандарды эрте аныктоо оорунун жайылышын көзөмөлдөп, оор акыбалга өтүп кетишине жол бербей, биздин өлкөдө COVID-19 инфекциясынан өлгөндөрдүн төмөнкү көрсөткүчүн камсыздап жатат», - деди Акимкин.

Дагы караңыз Дүйнө лидерлери дары жана вакцинага акча бөлөт

80 миңдей кишиде коронавирус аныкталган Москвада илдетке шек менен үй каратинине алынган адамдарды жергиликтүү бийлик онлайн көзөмөлгө алды.

Мэриянын "Социалдык мониторинг" тиркемеси карантиндеги кишилердин геопозициясын бир күндө бир нече жолу тактап, сүрөт жөнөтүүнү талап кылып турат. Карантин шарттарын бузгандар 4 миң рубль өлчөмүндө айып пулга жыгылат.

Мындан тышкары Москва менен облуста ооруканалардын жетишсиздигинен улам ири соода түйүндөрү, парктар менен спорттук мекемелерде убактылуу бейтапканалар тургузула баштады.

Буга чейин мэрия Москвада COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга 20 миң орундуу 25 оорукана дайындалганын кабарлаган. Кийин 8-9 миң орундуу кошумча ооруканалар тартылган. Эми мэр Сергей Собянин 10 миң орундуу убактылуу бейтапканалар тургузуларын билдирди.

Алгач Москва облусундагы Балашиха шаарынын ооруканасына жаткырылган Дмитрий Волов кийин ал оорукананын эскилиги, бейтаптар жаткан бөлмөлөрдөгү шарттарга арызданып, Москвадагы ооруканага которулуп алган. Волов эми COVID-19 менен ооругандарды кабыл ала баштаган төрөтканада өпкө оорулары боюнча бир да адистин жоктугун айтууда:

"Бул жакта жаткандан бери бир да пульмонолог, фтизиатр көргөн жокмун. Эң тажрыйбалуу дарыгерлерден бир гана терапевт келди. Гинекологдор керектүү жардамды бере алышпайт. Алар инструкцияга карап, көзөмөл кылып жатышат. Бизге антибиотик, дем ала албай жаткандарга кислород берип коет. Жардам бербесе, жандандыруу бөлүмүнө алып барып, өпкөнү жасалма иштеткен аппаратка кошуп жатышат".

Дагы караңыз COVID-19: Орусияда үч дарыгер өзүнө өзү кол салды

Ооруканаларда кенже жана орто курамдын жетишсиздигинен улам медициналык окуу жайлардын жогорку курсунун студенттери коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканаларга практикага тартыла баштады.

Тиешелүү буйрукту 27-апрелде Орусиянын Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтери чыгарышкан. Документте студенттер эмгек келишими түзүлгөндө гана коронавирус менен ооруган бейтаптарга өткөрүлүшү керектиги белгиленген.

Анткен менен Москва, Санкт-Петербург, Ростов, Казань, Нижний Новгород сыяктуу ири шаарлардан "Настоящее время" телеканалына байланышкан студенттер ооруканаларга практикага чыгуудан баш тарткандарды окуудан четтетүү менен коркутуп жатканын айтышууда.

«Коронавирусту кабыл ала элек ооруканаларда дарыгерлерге коргонуучу каражаттар жетишүү көлөмдө берилбей, ашыкча иштерине акы төлөнбөгөндүктөн, кызматкерлери жапырт иштен кетип жатышат. Дарыгерлер арыз жазып, иштен кетип калса болот. Анан алардын ордун медициналык окуу жайлардын студенттери менен толтурганы турушат. Анткени, бизде айла жок», - деди Москвадагы Сеченовский университетинде окуган Ирина Новикова.

Ооруканада коргонуучу каражаттардын жоктугуна, иш шарттары, эмгек акыларына нааразы болгон аймактагы догдурлар пандемия учурунда иштөөдөн баш тарткан учурлар катталууда.

Калининград облусунда 350 догдур менен медицина кызматкерлери иш таштаган. Облустун саламаттык сактоо министри Александр Кравченко мындан тышкары 93 дарыгер коронавирус жуктуруп алганын, облустук ооруканада иштеген бир медайым каза болгонун билдирген.

Дагы караңыз Москва: Ооруну жашырган мигранттар

Орус өкмөтү эпидемиологиялык абалга карабай жазгы аскерге чакырууну да токтоткон эмес. Коргоо министрлиги 20-майдан тарта кеминде 135 миң адамды аскерге чакырганы турат. Бул маалда аскердик милдетин өтөөгө чакыруу комиссиялары иштеп жатат.

Санкт-Петербургда Борбордук райондун военкоматынын алдына жеке пикетке чыккан Никита Левкин пандемия маалындагы мындай аракеттерге каршы экенин айтты.

"Армия, түрмө, дегеле адамдар көп чогула турган бардык жерлер азыр вирустун тез жайылып кетишине эң ылайыктуу очок. Бул эмне деген башаламандык", - деди Левкин.

Ал учурда "коомдук иш-чара өткөрүү эрежесин бузду" деп айыпталып, иши сотто 6-майда каралганы турат.

Аскердик дарыгерлер орус армиясында кызмат өтөп жаткан 1177 жоокерден, Коргоо министрлигинин окуу жайларындагы 1195 курсанттан жана 320 жарандык кызматкерден коронавирус илдетин аныкташкан. Жалпысынан март айынан тартып 2-майга чейинки аралыкта Орусиянын куралдуу күчтөр тармагында 2692 адам коронавирус жуктуруп алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​