Саламаттык сактоо министрлиги 24–31-октябрь күндөрү курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана жана сасык тумоо менен ооруган 10 миң 432 учур катталганын кабарлады. Оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 142,1 учурду түздү. Мурунку жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9%, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн.
Ооругандардын жалпы санынын 68,1% 14 жашка чейинки балдар түзөт (7 103 учур).
“Лабораториялык мониторингдин маалыматтарына ылайык, республикада респиратордук вирустардын циркуляциясы уланууда. Аныкталган козгогучтардын арасында риновирустар - 47,6%, парагрипп вирустары - 21,5%, аденовирустар - 13,8%, сезондук коронавирустар - 10,2%, бокавирустар - 6,1% жана респиратордук-синцитиалдык вирус - 0,8% басымдуулук кылууда”, - деп айтылат маалыматта.
Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында “Гриппол+” вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган. Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 миң дозасы алынып келет деп күтүлүүдө.
Ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогорку жарандар, кош бойлуу аялдар, тез-тез ооруган балдар, медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтөт. Эмдөө Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт. (BTo)