"Шайлоодо 20дан ашык мыйзам бузуу катталды"

Бишкектеги добуш берүү бекети (сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Шайлоолорго байкоо салган «Жалпы иш» коомдук уюму 27-февралда өткөн Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо 120 добуш берүү бекеттеринин 70ке жакынына өз байкоочуларын койгон. Жалпы 21 мыйзам бузууну каттаган.

"Жалпы иш" коомдук уюмунун байкоосу тууралуу уюмдун юристи Тариэл Алиев “Азаттыкка” айтып берди.

- Сиздердин байкоо боюнча добуш берүүлөр кандай жүрдү?

"Жалпы иш" коомдук уюмунун юристи Тариэл Алиев

- Биздин байкоо боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу кыйла төмөн болду. Биздин уюм коомдук байкоочуларын 120 шайлоо бекетттин 70ке жакынына жибергенбиз. БШКга бир нече мыйзам бузуулар боюнча арыз жолдогонго жетиштик. Алардын арасында, үч участкада шайлоочулардын тизмесин сүрөткө тартып, аны интернет аркылуу жөнөтүп жаткандыгы боюнча, шайлоо участкасынын жанында үгүт иштерин жүгүзүп жаткандыгы тууралуу бир учур, биздин байкоочуга УШК мүчөсү тарабынан кысым болгону боюнча да акты түзүлгөн. Жалпылап айтсак, добуш берүү жыйынтыкталган мезгилге карата "Жалпы иш" коомдук уюму тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына жана округдук шайлоо комиссияларына 21 арыз кайрылуу жибергенбиз.

Дагы караңыз Кайра шайлоо: үгүт жана айыптоо


- Шайлоочулардын катышуусу төмөн деп айтып кеттиңиз. Бул эмнеге байланыштуу болушу ыктымал?

- Талапкерлер үгүт учурунда пассивдүү болгонуна байланыштуу деп болжоп жатабыз. БШК тарабынан жакшы эле маалымдоо иштери жүрүп жатты. Андан тышкары бул эки эле округ боюнча кайта шайлоо болгондуктан, көптөгөн шайлоочулардын арасында билбеген же укпагандар да бар экен. Ошондой эле акыркы эки жылдын ичинде алтынчы жолу шайлоо өнөктүгү өтүп жатат. Биздин оюбузча, жарандар шайлоодон да чарчап, тажап калышы мүмкүн. Негизгиси, талапкерлердин үгүт иштерин солгун жүргүзүүсү себеп деген божомолубуз бар.

- Бир мандаттуу эки округдан 25тен 50 талапкер ат салышты. Элге тандоо укугу жакшы эле берилдиби? Сиздин пикириңизче, шайлоочулардын талапкерлер тууралуу ою кандай болду? Бул жаатта эмнелерди байкадыңыз?

- Эки шайлоо округуна койгон талапкерлердин саны 50гө жеткени аябай көп. Атаандаштык күчтүү болду. Ошондуктан, биз мындай аттандаштык талапкерлерге үгүт иштеринде ого бетер активдүү иш алып баруусуна өбөлгө болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок.

Дагы караңыз Кайра шайлоо: эки мандат үчүн 53 талапкер


Шайлоочулар мурдагы шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” деп бербеди беле, анан көпчүлүк учурда ошолор эле талапкерлерлигин коюп алышты. Мындай жагдайда “кайра эле ушулар койду” дегенсип барбай коюшу да ыктымал деп ойлойбуз.