Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кайра шайлоо: эки мандат үчүн 53 талапкер


Бишкектин эки районундагы кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Бишкектин эки районундагы кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды. Үгүт иштери бүгүн, 7-февралда башталды. Ал эми добуш берүү 27-февралга дайындалган.

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27 талапкер катталса, алардын экөө аял. Арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Элвира Сурабалдиева, Нурбек Тотонов, Бейшеналы Нурдинов жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев, саясат талдоочу Табылды Акеров бар.

Ал эми Свердлов округунан парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Ирина Карамушкина, Евгения Строкова, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, парламенттин мурдагы төрагасы Зайнидин Курмановдун баласы Иляс Курманов, Бишкектеги активист Гуля Алманбетова жана башкалар талапкер болуп катталды. Бул округдан депутат болгусу келген 26 кишинин тогузу аял талапкер.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кайра шайлоо боюнча мындай маалымат берди:

Абыжапар Бекматов
Абыжапар Бекматов

“Бишкектеги эки округда шайлоону өткөрүү жана жыйынтыгын чыгарууга 18 миллион сом өлчөмүндөгү чыгымдардын сметасы бекитилген. Катталган талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү күрөө коюшу керек болот. Талапкердин болгон чыгымы шайлоо фондунан гана каржыланышы керек. Талапкерлерге акысыз эфир убактысы да берилет. Мындай эфирлер качан, кайсыл убакытта чыгары жакынкы күндөрү белгилүү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүгө толук даяр”.

Мыйзамга ылайык, кайра шайлоонун мөөнөтү үчтөн экиге кыскарып, 20 күндүк үгүт иштери 7-февралда башталат. Талапкерлердин бюллетендеги катарын аныктай турган чүчүкулак 8-февралда өткөнү турат. Ал эми талапкерлердин шайлоо фонду 10 миллион сомдон ашпай, талапкерлердин, жеке жарандардын каражатынан түптөлөт.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси. БШКнын сайтынан алынган маалымат.
Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси. БШКнын сайтынан алынган маалымат.

“Тизме” мамлекеттик порталындагы маалыматка ылайык, кайра шайлоо өтө турган Биринчи май округу боюнча добуш бере тургандардын саны 109 миң 457, Свердлов округунда болсо, 103 миң 413 жаранга жетти.

Шайлоо өнөктүгүнө көз салып жаткан жарандык активист Атай Бейшенбек эки мандатты 53 талапкердин талашып жатышына баасын берди.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

“53 адамдын талапкер болуп катталышы биздин коом саясатташып, кандай гана жол менен болбосун депутат болуу кызыкчылыгы күч экенин көрсөтүп жатат. Алардын арасында 28-ноябрдагы шайлоодо башка аймактардан же партия менен катышкандар деле жүрөт. Кайра шайлоо мурдагыдай эле болот. Эч кандай өзгөрүү жок. Анткени талапкерлер кандайдыр бир программа же саясий көз караштардын негизинде шайлоого катышып жаткан жок. Баягы эле үгүтчүлөр, социалдык тармактардагы убадалар менен келе жатышат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңешке өтүп алган чоң партиялар талапкерлерди сүрөп жатат деген сөздөр айтылууда”.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдарында “баарына каршы” деген добуш көп болгон. Анда Бишкек шаарында жарандардын шайлоого катышуусу да башка аймактарга караганда солгун болгон. Эң жогорку көрсөткүч Дастан Бекешов жеңип чыккан Октябрь шайлоо округунда катталып, анда 105 миң шайлоочунун 36 миңи (34%) добуш берүүгө келген.

Саясат талдоочу Мүсүрбек Кабылбеков Бишкек шаары башка аймактарга караганда саясатташканын, каршылык маанай бул ирет да үстөмдүк кылышы мүмкүн экенин айтат.

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Бул шайлоодо күчтүү атаандаштыкты көрө албайбыз. Эки округда талапкер болгон 53 адам бири-бирине жолтоо болуп, добуштарды чачыратат. Андыктан кайра эле “баарына каршы” деген добуштар көп болушу ыктымал. Анын үстүнө алар бири-бирин аңдып, мурдагыдай акча таратуу аз болот. Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын аныктап келген квартал башчылары аралашпайт. Ушул эки көрүнүштөн улам "баарына каршылар" кайра көп болушу мүмкүн деп айтууга болот. Ошол эле учурда бийлик үчүн Бишкектеги эки округ маанилүү эмес. Анткени, Жогорку Кеңештин мурдагыдай күчү жок. Алар эки депутат үчүн тобокелчиликтерге барбайт”.

VII чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Кыргызстанда былтыр Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкаруу системасына кайткан жана ошондон бери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.

Аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо быйыл 27-февралга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG