Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Ташиевдин мандаты, "Ата-Журт Кыргызстандын" өтүнүчү


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселесин иликтөө өтүнүчү менен спикер Талант Мамытовго кайрылды.

Буга чейин иликтөөчү журналист менен төкмө акындын окуясынан кийин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештеги депутат иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын билдирген.

Мандат тапшыруу эмнеге кечеңдеди?

Парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды иликтөө үчүн спикер Талант Мамытовго кайрылганын жарыялады. Фракция билдирүүсүндө, №14 Жалал-Абад округунан 21 миңден ашуун шайлоочунун добушун, мандатын тапшырууга каршы болгон кайрылууларды эске алып ушундай чечим чыгарганы айтылат.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйыны.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйыны.

“Урматтуу Талант Турдумаматович, “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз”, - деп айтылат фракция билдирүүсүндө.

Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу үчүн фракцияга өзү кайрылып, ал маселе 26-январдагы жыйында каралган. Мунун алдында Бишкекте он чакты адам анын мандатын тапшырышына каршы акцияга чыгышкан.


Жогорку Кеңеште 15 мандатка ээ болгон "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган бир мандатуу округдан келген 18 депутаттын ичинде Шайырбек Ташиев дагы болгон.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Надира Нарматованын пикиринде, Ташиевдин мандатын тапшырууга эч кандай негиз жок.

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

“Алардын үй-бүлөлүк чечими болсо керек. Бирок, элдин талабы бар да. Фракциялаш катары жеке пикиримде, ар кандай кырдаалда ата балага, бала атага, бир тууган бир тууганга жооп бербейт. Аны эл шайлаган, болгондо дагы бир мандаттуу округдан келген. Ал аягына чейин иштеши керек. Аманатка кыянат кылбай элдин берген ишеничин, тапшырмасын аткарышы зарыл”, - деди Нарматова.

Мандат тапшыруунун жол-жобосу

Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бир мандаттуу аймактан шайланып келген эл өкүлдөрүнүн фракцияга кошулуп алганынын мыйзамдуулугу шек жаратарын айтууда. Ошондуктан ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы мандат маселеси менен спикерге кайрылганы түшүнүксүз экенин билдирди.

“Фракцияга эч кандай тиешеси жок, мыйзамда жазылган эмес. Бир гана жолу бар - Борбордук шайлоо комиссиясы чечет. Бир округдан шайланып келгендерди фракцияга кошуп алганы "чала мыйзамдуу" болуп калган”, - деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов да депутаттын мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуунун жоболору так жазылганын белгилеп, эл өкүлү мандатты өз каалоосу менен тапшырам десе, БШКга гана кайрылуу жетиштүү экенин билдирди.

“БШКга расмий түрдө кайрылышы керек. Эгерде арызды фракцияга жазса, фракция кайра эле БШКга жөнөтүшү керек болот. Азыр БШКга арыз түшкөн жок”, - деди Маматов.

Мандат тапшыруу чечимине түрткөн жагдайлар

Бир апта мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакыны аралашкан журналисттик иликтөө жарыяланган. Эки күндөн кийин анын автору Болот Тамиров жана командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Коомчулуктун нааразычылыгы менен коштолгон кармоолордон кийин 23-январда УКМКнын башчысы Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, иликтөөдө айтылгандарды четке каккан. Анда ал иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын жарыялаган.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Көптөгөн сындар айтылып жатат, үйдө бир эле саясатчы болуш керек. "Сен саясатчы болбой эле кой, элге жардамыңды ошол жактан эле бере бер, мандатыңды тапшыр" деп айттым. Албетте, ал эл тарабынан шайланып келген. Ошондой болсо дагы ал макул болду. Келерки шаршембиде мандатын өткөрүп берет. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки же үч саясатчы болбойт. Мен саясаттан кеткенден кийин саясатка келе беришсин, башкара беришсин", - деди Ташиев.

Мандат тапшыруудагы "саясий оюндар"

Ошентип, атайын кызматтагы агасы мандатын тапшырат деп так кесе айтканы менен Шайрбек Ташиевдин маселеси чечиле элек. Мындай кырдаал саясий айдыңда ар кандай кептерди пайда кылды. Саясат талдоочу Руслан Акматбек Камчыбек Ташиевдин ошол кездеги кырдаалдан улам шашылыш чечим чыгарганбы деген ойдо.

“Эмоция менен ошол жердеги нааразычылыкты басаңдатыш үчүн айтты. Балким, жакшы ниет менен айткандыр. Бир чети аныкы дагы туура эмес болду. Мандатты Камчыбек Ташиев чечпейт. Аны эл шайлаган. Эми айтылып калгандан кийин мандатын тапшырбай жатканы эл өкүлдөрүнүн бийликтен кол жуугусу келбегенин көрсөтүп жатат”, - деди Руслан Акматбек.

Саясатчы Равшан Жээнбеков жогорку кызмат адамдарынын айланасында дайыма саясий оюн кылып, пикирин өзгөртүүгө аракет кылгандар бар деп эсептейт. Саясатчы мамлекеттик кызматтагы таасирдүү жетекчилердин бири Камчыбек Ташиевдин сөзү аткарылбай калганы калпыс иш болорун белгиледи.

“Орто жолдо кайсы бир адамдар башкача сунуш берип жатышы мүмкүн. Мен Камчыны билген саясатчы катары сөзүн аткарат деп ойлойм. Анткени коомдо айтылган сөз абдан маанилүү. Бизде президент айтса дагы орто жолдон буруп кетүүгө аракет кылган кошоматчылар көп”, - деди Жээнбеков.

Шайырбек Ташиев деген ким?

46-жаштагы Шайырбек Ташиев атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин саясатка активдүү аралашып жүргөн туугандарынын бири. Ал 2016-жылдан тарта “Ата-Журт” партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

Шайырбек Ташиев жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкер болуп чыккан. Анын аты коомчулукка 2013-жылы, ошол кездеги депутат агасы Камчыбек Ташиев камалгандан баштап кеңири белгилүү боло баштаган.

2013-жылы Шайырбек Ташиев жакындары жана тарапташтары менен ошол кезде камакка алынган бир тууганы Камчыбек Ташиевди (УКМКнын азыркы жетекчиси), Садыр Жапаровду (азыркы президент) жана Талант Мамытовду (ЖК төрагасы) бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп, Бишкек - Ош жолун Барпы айылына кире бериш жерден тосуп алган. Ушундан кийин ал “массалык башаламандык уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталып, үч жылга шарттуу түрдө кесилген. Соттун өкүмү быйыл жазында жокко чыгарылган.


Шайырбек Ташиевдин 7-чакырылыштагы парламентке талапкер болушу дагы кызуу талкууланган. Анда Ташиев шайлоого катышуусун "эл суранып" жатат деп жооп берген. Мандатка ээ болгон Ташиев "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, агасы менен кеңешип парламентке келгенин, ага-ини саясатта жүргөнү жөнүндө мындай жооп берген.

"Эл шайлады, тандалып келдик. Кудай буюрса, болгон күчүбүздү элге жумшайбыз. Эч кандай таасир, басым болбойт. Бирөөнүн жолун баспайбыз", - деген болчу Ташиев.


2020-жылы бийликке келген Садыр Жапаровдун жакын санаалашы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындары таасирдүү үй-бүлөгө айланганы айтылып келет. Октябрь окуяларынан кийин Ташиевдин өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган. Бирок, Ташиевдин үй-бүлөсү айтылган дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

2021-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен тапшырган. Ал үй-бүлөсү менен кеңешип ишкерликке кеткенин жарыялаган.

27 жаштагы Тай-Мурас Ташиев шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келген. Атасы кызматка келгенден кийин ар кандай иш-чара, жыйындарда эл алдына көбүрөөк чыга баштаган. УКМК төрагасы уулунун жергиликтүү шайлоого катышып жатканын кубаттаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG