Шайлоо: Талапкер болууну каалагандар 11 кишиге жетти

12-ноябрга карата Боршайкомго талапкер кылып каттоо тууралуу арыз 11 адамдан түштү.

12-ноябрга карата президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип Боршайкомго 11 адам арыз берди. Алардын арасында азыркы президент, саясатчылар жана ишкерлер бар. Байкоочулар бул жолку президенттик жарышта чыныгы атаандаштык болобу деген суроо коюп жатышат.

Бул жолку президенттик кызматка талапкер болууну каалагандардын саны 11ге жетти. Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, азыркы президент Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов, Амур Айба Медер, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) талапкерлерден түшкөн арыздарды жана документтерди 10 күндүн ичинде карай турганын билдирди.

Айдана Жупуева

«Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдагы талаптарга ылайык талапкерлердин документтерин 10 күндүн ичинде карайт. Талапкерлерди каттоонун акыркы күнү 2026-жылдын 22-декабрына туура келет. Ал эми үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан башталып, 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт», - деди БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген Мамбетжунус Абылов өзүн оппозициялык деп атаган "Бириккен демократиялык кыймыл көрсөткөн" талапкер экенин билдирди.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 11 адамдын эң улуусу Абылов 72де болсо, эң жаш талапкер Акай Кыдыров 35 жашта.

Талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.

Буга чейин президенттик шайлоого катышарын билдирген Өмүрбек Субаналиев бул жолу Исхак Масалиевди колдой турганын айтты. Ал бул жолку шайлоодо салмактуу саясатчылар аз экенин белгилеп, мунун себеби боюнча пикирин төмөнкүчө түшүндүрдү.

Өмүрбек Суваналиев

«Кыргызстанда оппозициялык маанайда боло турган талапкер Исхак Масалиевди Адахан Мадумаров менен бирге колдоп жатабыз. Бул кишинин азыркы президентке атаандаш болууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Анын тажрыйбасы, басып өткөн жолу, колдоочулары бар. Биз ушундай чечимге келгенбиз. Эки достун системасы иштеп турган учурда көпчүлүгүн соттотуп, экономикалык жактан басым жасап, мындайча айтканда, шайлоого катышууга саясий жактан өзү каалабаган деңгээлге алып келип коюшту. Бүгүнкү күндө саясий айдыңда тең ата боло турган саясатчылардын дээрлик жок болуп калганы көрүнүп турат».

Дагы караңыз

Президенттик шайлоо: "Кемпирабадчылар" кыймыл түздү, талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктоодо

Шайлоого талапкер болуу үчүн арыз калтыргандардын дагы бири экс-депутат Бактыбек Калмаматов азыркы президент Садыр Жапаровго бул жолку шайлоодо артыкчылыктар көп болуп калганын, мындай абал башка талапкерлерге таасир эте турганын айтты.

Бактыбек Калмаматов

"Бул шайлоо негизги талапкер болуп чыга турган Ташиевди саясаттан четтетүү менен башталган. Андан бери үгүт иштери бийлик, бир талапкер тарабынан тынымсыз жүрүп келе жатат. Акыркы алты айдагы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын карай турган болсоңор, жалаң айлык, пенсия, жөлөкпул көтөрмөй... Шайлоодо добуш сатып алуу болуп кала турган беренелер да бул”.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.

Учурда талапкер болууга арыз бергендердин ичинен Садыр Жапаров гана жетиштүү кол чогулта алды, калгандары белгиленген санга жете элек. Бирок бул үчүн 7-декабрга чейин убактысы бар.

Буга чейин шайлоого катышууга арыз берген Сыймык Жапыкеев «Түндүк» аркылуу кол топтоодо жарандардын арасында түшүнбөгөн суроолор көп болуп жатканын айтып, нааразы болуп чыккан эле.

Эми президенттик жарыштын жүрүшү кандай болот деген суроо көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бул жолку шайлоодо Жапаровго атаандаш болчу талапкерлердин активдүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды экенин белгилейт:

Эмилбек Жороев

"Президентке атаандаш болгон болсо, автоматтык түрдө оппозициячыл деп түшүнүшүбүз керек. Оппозиция болбой туруп, президентке макул болуп, анын буга чейинки алып барган ишин колдогон киши болсо, анын шайлоого барганы өзү логикага сыйбайт. Ал талапкерлерден эмне күтүлөт? Атаандаш катары аларда "Жапаровдун ишинде кандай кемчиликтер, кандай мүчүлүштүктөр болду, шайлоочулардын алдында алардын альтернативдүү, Жапаровдукунан башкача президенттик кандай болот" деген сунуштары болушу керек деп ойлойм”.

Президент Садыр Жапаров акыркы кезде аймактарды түрө кыдырып жатканын шайлоо алдындагы үгүт эмес деп түшүндүрмө берди. Super.kg порталына курган маегинде ал мамлекет башчысы катары милдетин аткарып жатканын түшүндүрүп, шайлоодо тең атаандаштык болорун, административдик ресурс колдонулбай турганын убада кылды.

“Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим. Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок".

Дагы караңыз

Шайлоо программасын жарыяладыбы? Жапаров өлкөнүн беш жылдык багытын белгиледи

Жапаровдун божомолунда, ага каршы олуттуу оппоненттер чыгат жана шайлоо көп атаандаштыкта өтөт.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.