"Суу болсо, эл кетпейт". Жасалма мөңгү таңкыстыкты чече алабы?

Кыргызстандын тоолуу айылдарында көк тиреген муз мунаралары пайда болууда. Алар өлкөнүн бийик тоолуу аймактарындагы калктын санынын азайышын токтотууга жардам бере турган чечим катары каралууда.

"Мен Кыргызстандын бардык тоолуу айылдарын кыдырып чыктым. Көргөнүм - климаттык миграция болду, айрыкча жаштар арасында", - деди суу ресурстарын башкаруу боюнча адис Матраим Жусупов "Азаттыкка" берген маегинде.

"Табигый мөңгүлөр улам жок болуп баратат, адамдар болсо сугат жерлерин мурдагыдай иштете албай калышты. Ошондуктан биз "жасалма мөңгүлөрдү" жасоону чечтик. Максатыбыз - тоолуу айылдардын тургундары, өзгөчө жаштар, өз жеринде калса дейбиз. Суу болсо, алар жерин иштетип, жашоо үчүн киреше таба алышат".

2004-жылдын сентябрь айындагы (жогоркусу) жана 2026-жылдын сентябрь айындагы спутниктен тартылган сүрөттөрдө Петров көлүнүн айланасындагы мөңгүлөрдүн азайышы көрсөтүлгөн. Деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте жайгашкан.

Жасалма мөңгүлөр суу агымын бийик тоолордогу булактардан жер алдындагы түтүктөр аркылуу төмөн жактагы, көлөкөлүү жана суук жерде жайгашкан айылдарга жеткирүү жолу менен жасалат. Кышы бою андан чачыраган тоңуп, акырындык менен чоң муз дөбөсүнө айланат.

Жазында жана жайында муз акырындап эрий баштайт. Эриген суу атайын суу сактагычка топтолуп, аны айыл тургундары пайдалана алышат. Бул табигый суу булактарын толуктап турууга жардам берет.

Акыркы 50 жылда Кыргызстан Ала-Тоосундагы табигый мөңгүлөр көлөмүнүн дээрлик үчтөн бирин жоготту. Борбор Азиядагы өлкөнүн башка тоолуу аймактарында да мөңгүлөр ушундай эле ылдамдык менен эрип жатканы маалым.

Мөңгүлөр илгертен бери тоолуу аймактардын эли үчүн негизги суу булагы болуп келген. Алар кышында кар менен муздун ири көлөмүн топтоп, жаз жана жай мезгилдеринде акырындап эритип чыгарып, элди суу менен камсыздап турган.

Сумбула айылынын жанындагы жасалма мөңгү 2026-жылдын март айында тартылган.

Матраим Жусуповдун айтымында, Кыргызстандагы алгачкы жасалма мөңгүлөр 2016-жылы Нарын облусунда курулган.

Бул демилге Индиянын тоолуу аймактарында сууну сактоонун мындай ыкмасы алгач колдонулгандан көп өтпөй ишке ашырыла баштаган.

"Башында мен буга анча көңүл бурган эмесмин. Айыл тургундары муну өз алдынча эле жасап жүрүшкөн. Бирок система бир жыл иштеп, андан кийин токтоп калчу", - деп эскерет ал.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунда (ФАО) иштеген Жусупов жакында жасалма мөңгүлөрдү куруу боюнча колдонмону даярдаган. Бул документти Кыргызстандын Суу ресурстары министрлиги быйыл октябрь айында кабыл алган.

Учурда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 40ка жакын жасалма мөңгү бар. Эми бул демилгени жүздөгөн тоолуу калктуу конуштарга жайылтуу пландалууда.

Ар бир жасалма мөңгүнү куруу үчүн 3,5 миң доллардан 10 миң долларга чейин каражат талап кылынат. Баасы тоо сууларын түтүк аркылуу канчалык аралыкка жеткирүү зарылдыгына жана эриген сууну сактай турган суу сактагычтын көлөмүнө жараша болот.

Жасалма мөңгүлөрдүн көлөмү ар кандай. Бирок Кыргызстандын бир аймагында жети жасалма мөңгү бир эле кыштын ичинде жалпысынан 1,5 миллион куб метр муз топтогону кабарланган.

Кыргыз айыл тургундары суу чачыраткыч мамыга түтүктөрдү орнотуу үчүн аң казып жатышат

Жасалма мөңгүлөрү бар тоолуу айылдардын тургундары алардын натыйжасы боюнча ар кандай пикирлерди айтышууда.

"Жасалма мөңгүлөрдүн пайдасы абдан чоң", - деди Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын башчысы Медербек Каримов "Азаттыкка". - "Бул программаны дагы кеңейтким келет. Жасалма мөңгүнүн пайдасы өтө чоң. Ошону дагы чоңойтойун деген оюм бар. Быйыл кудай кааласа дагы жети-сегизди түзөлү деп турабыз . Анткени бул жасалма мөңгүлөр кышында тоңуп, эрте жазда сугат башталышында эле жардам болуп жатат. Чоң суу келгенче, март, апрель, май айларында нымдуулукту сактап, ишти кыйла жеңилдетип жатат. Маселе жок. Биздин аймактарыбызда суу тартыштыгы бар, элге суу өтө зарыл керек. Маселени чечүү үчүн чоң демилге болду деп айта алам".

Ал эми Баткен районунун Газ айылында жасалма мөңгү куруу аракети анын жайгашкан ордунан улам күткөндөй натыйжа берген эмес.

"Жасалма мөңгү натыйжа бербеди. Алдыңкы жылы жасалды да, кышта адамдар ошол жерде жүрдү баары, өтө чоң мөңгү болду, эл барып көрүп сүрөткө түшүп... Ал жазга жетпей эле эрип кетти да. Тез эрип кетти. Ылдыйраакка кылып коюштубу, кыскасы, натыйжа болбоду. Ошол боюнча эч ким карабай жатат. Баягы тикендердин үстү арчалар менен жабылып, жакшы эле тоңду муз мөңгү болуп. Жогору, тоого жакын, муздак жерге жасаш керек окшойт. Кыш чыгары менен тез эрип, корум таштарга сиңип кетти суу. Балким тоого жакын салкын жерге жасаганда жардамы болот беле", - деди Газ айылынын башчысы Рустам Маткаримов.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы тоолуу айылдын жанындагы муз мунаралары.

Ал эми Матраим Жусупов жасалма мөңгүлөрдү куруу иштерин көзөмөлдөө үчүн кээде ат менен бир нече саат бою ашуу ашып жол жүрөрүн, бул сапарлар ага Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган элдин алдында турган көйгөйлөрдүн олуттуулугун жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтууда.

"Тоолуу айылдардын биринин үстүндө, деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте туруп, мен акыркы табигый мөңгүнүн жоголуп баратканын көрдүм. Андан өтө эле аз бөлүгү калган экен. Жергиликтүү тургундар "дагы бир жылдан кийин суусуз калабыз" деп айтышты", - деди ал.

Кыргызстандын суу менен камсыздоо боюнча мындай демилгеси Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да кызыгууну жаратууда.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы айылдардын бирине жакын жерде орнотулган муз дөбөлөрү боюнча сыноо долбоорунун жыйынтыктары ноябрь айында Түркиянын Анталия шаарында өткөн COP31 климат конференциясында тааныштырылды.

Учурда мындай системаларды өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу пландары каралууда.