18-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасы мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышка, тактап айтканда "жооптуу кызматтагы адамдын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысына шек саналып кармалганы маалымдалган.
Андан кийин мурдагы жетекчси Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
19-сентябрда Ажикеевдин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ал 18-ноябрга чейин камака алынганы белгилүү болду.
Макала жазылып жаткан учурга чейин Ажикеевдин адвокаты же анын тарапташтары коюлган айыпка карата маалымат же комментарий бере элек. "Азаттык" аларга каалаган убагында микрофон сунууга даяр.
Прокуратуранын маалыматы
Аскер прокуратурасы жүргүзгөн тергөөнүн жүрүшүндө «Байтик» метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары бир катар мыйзам бузууга барганын аныктаганы тууралуу маалыматында:
"Аталган объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз курулганы аныкталды. Ошондой эле ал курулуш иштерин жүргүзүүгө таптакыр тыюу салынган суу коргоо аймагында Ала-Арча дарыясынан 5 метр аралыкта жайгашканы белгилүү болду. ӨКМнин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп жазылган.
Ажикеевдин аты аралашкан курулуш Кыргызгидромет мекемесине тиешелүү болгон «Байтик» метеостанциясынын аймагына салынган. Ал Бишкектен анча алыс эмес жерде, Ала-Арча мамлекеттик паркынын этегинде, Ала-Арча суусунун жээгинде жайгашкан.
Бул станцияда аба ырайын жана жаан-чачынды алдын ала болжолдоого мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар орнотулган. Анда күндүн табы, суунун температурасы, агымынын ылдамдыгы, суунун деңгээлинин өзгөрүшү жана өлкөдөгү климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар чогултулат.
«Байтик» метеостанциясы 1911-жылы курулуп, ошондон бери ишмердүүлүгүн улантып келет.
"Азаттыктын" иликтөөсү
Аталган станциядагы курулуш тууралуу «Азаттык» жакында журналисттик иликтөө жарыялаган.
Кыргызгидрометтин бизге кайрылган кызматкерлери «Байтик» станциясынын аймагына эс алуучу жай салынып, аны мурдагы министр Бообек Ажикеев өзү үчүн курдурганын айтып беришкен. Бул курулуш өткөн жылдын күз айларында салына баштап, дубалы тургузулуп, үстүнө бетон төшөлүп, чатыры жабылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Экс-министр Ажикеевдин аты аралашкан “чырлуу” курулуш
Ажикеев кызматтан кеткенден кийин Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүп, тиешелүү кызматкерлер курулуш салынган жерге барышкан. Ошондо комиссиянын курамында болгон Гидрометтин кызматкери текшерүү учурундагы маалыматтарды ачыктап айтып берген. Ал коопсуздуктан улам өз аты-жөнүн ачык айтууну каалаган эмес:
«Кайрылуулардан кийин Аскер прокуратурасынын адистери, Кыргызгидрометтин адистери чогуу барып, атайын текшерүү жүргүзүлгөн учурда чоң хансарай салганын көрүп жатабыз. Ал жерге прокуратуранын, Бишкек архитектурасынын адистери барган. Көзөмөл органдын (прокуратуранын) кызматкерлери ошол станциянын башчысы Мирлан Мураталиевден сураганда ал тастыктап берген. Анда ал: “Министрлик курган, жетекчилер өздөрү болгон” деп айтып жатат. Комиссияга айтып берген учурда: “Бул бөлмө мончосу болмок, бул жерде парилкасы” деген. Ошол жерде прокуратуранын, архитектуранын, суу чарба кызматкерлеринин көзүнчө айтты».
Ажикеевдин тушунда салынган мыйзамсыз делген курулуш сыртынан караганда кадимки турак үйгө окшоп турат. Имарат канча каражатка жана кандай максатта курулганы белгисиз. Айрымдар ал окуу борбору болорун болжолдосо, Кыргызгидрометтин кызматкерлери эс алуучу жай катары курулган деп айтып келишет.
Ажикеев кызматтан кеткенден кийин Кыргызгидрометке жаңы дайындалган жетекчи Даурбек Сакыев бул курулушка байланыштуу бир дагы документ жок экенин билдирген:
«Негизги документтер жок экен. Мен да бул кызматка жаңы келгенде сурагам. Эч кандай буйрук да, тескеме да жок болуп чыкты. Курулуш кимдин демилгеси менен жана кандайча салынганы боюнча да маалымат жок. Аскер прокуратурасы текшерүүгө келгенде да ушуну айткам. Кыргызгидрометтин мүлкү болгондуктан мыйзам талаптарын сакташыбыз керек. Жетекчи катары ошол мүлктү коргоо менин милдетим. Ким курганына карабастан тиешелүү мыйзамдуу тескемелер чыгышы керек эле. Документтери жок курулуш мыйзамсыз болуп эсептелет жана мыйзам талаптарына каршы келет».
"Күйүүчү майдын чыгымы үчүн 224 миң сом төлөп берген"
Ажикеев кызматтан кеткенден кийин айланасындагы чуу жараткан маселелер тынымсыз айтылып, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Мамлекеттин кызматтык машиналарын үй-бүлө мүчөлөрү пайдаланганын Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков айтып чыккан:
«Бизге мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев боюнча өтө көп арыз-даттануулар түштү. Анын министр болуп турган мезгилинде ӨКМге берилген кызматтык унааларды өзү пайдаланып, бирин аялына, дагы бирин кызына айдаткан учурлар көп катталганы айтылууда. Биз министрликтин ишин алдыга жылдыруу үчүн өлкөгө көптөгөн гранттарды алып келебиз. Бирок ошол маалда кызматтык унаа жеке максатта пайдаланылып жүргөн экен».
«Азаттыктын» өз булактары берген маалыматта Ажикеев кызматтык машиналарды пайдаланганы аныкталып, ал мамлекеттин эсебинен коротулган күйүүчү майдын чыгымы үчүн 224 миң сомдон ашык каражатты өз ыктыяры менен төлөп бергени белгилүү болгон.
Айтылып жаткан айыптоолорго Ажикеевдин өзүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон эмес. "Азаттыктын" атайын иликтөө жүргүзгөн кабарчысы анын жашаган үйүнө барып, өзү менен кезиккен, жооп алууга аракет кылган. Бирок мурдагы министр жооп берген эмес. Менчик жай экенин жүйө келтирип, дарбазасын жаап койгон.
Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына биринчи жолу 2020-жылдагы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган. Кийинчерээк, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин ал бул орунга 2021-жылдын 13-октябрында кайрадан бекитилген. Ошентип, беш жылдан ашык министр болуп турган. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийинки кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Ажикеев быйыл 15-февралда кызматтан алынган. Аны саясий чөйрөдө Ташиевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары сыпаттап келишкен.
Дагы караңыз
"Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айттыКыргызстандагы жемкорлук
Жемкорлукту изилдеген ири эл аралык Transparency International уюму соңку "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койгон. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылган. Ага чейинки жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген. Уюмдун маалыматында айтылгандай, Кыргызстан жана Казакстан бейөкмөт уюмдарга каршы кесепети оор мыйзамдар менен жарандык коомду ооздуктоону улантууда.
Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.
Кыргызстан менен бирдей упай Гвинея, Нигерия, Гватемала, Камерун жана Папуа-Жаңы Гвинеяда катталган. Сөз болгон индекс дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны кабылдоого баа берүүдө негизги инструмент болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасаганда да жемкорлук маселесине токтолгон.
"...Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм", - деген мамлекет башчы.
Дагы караңыз
Коррупцияга каршы күрөш: жоон топ аткаминер камалган, "кустуруу" уланган жылАл эми 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөш эч качан токтобой турганын айткан жана “бизде коррупция жок, баарын жоюп салдык” деп пиар кыла бериштин кереги жоктугун эскерткен.
"Коррупция өмүр бою токтобойт. Коррупциянын түрлөрү бар. Экономикалык коррупция, саясий коррупция, тууганчылык коррупция жана башка коррупциялар. Баарын жок кылганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Азайтабыз. Криминалды жок кылыш бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз. Ага күч да акыл да жетет. Күч органдарына “Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим", - деген Жапаров.
Ошол эле учурда Жапаров мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөгөн. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал "канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатканын" айтып, жемкорлукка каршы күрөштөн "пайда жакшы эле болгонун" жана "мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын" кошумчалаган.