АКШ президенти Дональд Трамп келерки аптада Орусия менен Кытайдын башчылары Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу саммитте жолугат. Буга чейин үч лидердин мындай форматтагы жолугушуусу болгон эмес. Саммиттин күн тартибинде Иран маселеси жана өзөктүк куралды көзөмөлдөө темасы болот. АКШ өкүлдөрү Орусиянын Украинага каршы согушу өзүнчө маселе катары талкууланбай турганын билдиришти.
Ак үйдүн маалыматына караганда, үч жетекчи 19-ноябрда Кытайдын Шэнчжэн шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинин алкагында жолугушат. Трамп менен Путиндин өзүнчө эки тараптуу жолугушуусу пландалган эмес.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Оливия Уэйлс Трамп дүйнөдөгү өзөктүк курал санын кыскартуу маселесин талкуулоону көздөп жатканын, мындай куралдын жайылышы өзгөчө кооптуу көрүнүш болуп саналарын айтты.
Ошол эле маалда жогорку кызматтагы америкалык аткаминерлер бул жолугушуудан конкреттүү келишим күтүлбөй турганын белгилешти. Алардын айтымында, бул саммит курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган алгачкы талкуу катары гана каралууда.
Дагы караңыз
"АКШ Борбор Азияда мындан маанилүү оюнчу боло алат"Иран маселеси күн тартибинде
Пландалып жаткан үч тараптуу сүйлөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Иранга карата экономикалык басымын улантып, мындан ары да аскерий аракеттер болушу мүмкүн экенин эскертип жаткан учурга туш келүүдө. Ошол эле мезгилде Орусия менен Кытай Иран бийлиги менен тыгыз байланышын сактап келери белгилүү.
АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири Трамп үч лидердин жолугушуусунда Иран маселесин көтөрө турганын ырастады. Бирок ал Вашингтон бул маселеде Москва менен Бээжиндин колдоосуна таянабы же Ирандын аймактагы аракеттерин ооздуктоого жардам сурайбы деген суроого так жооп берген жок.
Жорж Мейсон университетинин ардактуу профессору жана Атлантика кеңешинин улук илимий кызматкери Марк Кацтын пикиринде, Трамп Путин менен Сини Иранга басым жасап, Тегерандын жана Иран колдогон йемендик хусилердин чабуулдарын токтотууга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда Кац мындай мүмкүнчүлүк бар экенине көзү жетпей турганын белгилөөдө:
«Путин же Си Цзиньпин Иранга басым көрсөтүүнү каалайт деп ойлобойм».
Эксперттин айтымында, Ирандын азыркы саясаты АКШнын көңүлүн Орусия менен Кытайдын кызыкчылыктарына каршы аракеттерден башка нукка буруп жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да 13-ноябрда Вашингтондо өткөн жыйынында өлкөсүнүн Иран боюнча позициясын кайталады.
Иран маселесинде АКШ үчүн жеңиш эмнени билдирет деген суроого Рубио: «Жеңиш деген Иран кандай жол менен болбосун өзөктүк куралга ээ боло албаган абалды билдирет», - деп жооп берди.
Ал Ирандын диний жетекчилигин идеологияны жайылтуу саясат жүргүзүп жатат, терроризмди колдойт жана Жакынкы Чыгыштагы куралдуу топторго, анын ичинде Ливандагы «Хезболлага» жана Ирактагы куралдуу түзүмдөргө жардам берет деп айыптады.
Рубионун айтымында, Тегерандын ракета программасын өнүктүрүшү жана уранды байытуусу аны өзөктүк курал жасоого зарыл мүмкүнчүлүктөргө жакындатты. Бул, анын белгилешинче, Иран өзөктүк курал түзүү ниети жок экенин айтып келатканына карабастан болуп жаткан көрүнүш.
Мамкатчы экономикалык басым Иран бийлигин алсыратканын жана жаңы аскерий аракеттерге болгон муктаждыкты азайтканын айтты. Бирок ал Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө мурдагыдай эле негизги максат бойдон каларын белгиледи.
«Азыр дүйнөнүн эч бир жери өтө алыс эмес», - деген Рубио Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүгү АКШга жана анын аймактагы өнөктөштөрүнө коркунуч жаратарын эскертти.
Дагы караңыз
Трамп согуштан кийин украин аймагы өзгөрөрүн билдирди"Өзөктүк тоскоолдуктар"
Үч лидердин жолугушуусунда өзөктүк куралды көзөмөлдөө темасы да күн тартибине коюлары күтүлүүдө.
Вашингтон менен Москванын ортосундагы өзөктүк куралды көзөмөлдөө жаатындагы акыркы келишим болгон СНВ-3 быйыл февралда күчүн жоготкон. Натыйжада акыркы элүү жылдан ашык убакыт ичинде биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири эки өзөктүк арсеналга коюлган чектөөлөр алынган.
Бул келишим АКШ менен Орусиянын жайгаштырылган стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрүнүн жана аларды жеткирүүчү каражаттарынын санына чектөө киргизип келген. Анын мөөнөтү аяктагандан кийин тараптар мындай чектөөлөрдү сактоого милдеттүү болбой калды.
Трамп Орусия сунуштаган келишимди дагы бир жылга узартуу демилгесин четке кагып, анын ордуна Кытайды да камтыган жаңы жана заманбап келишим түзүүнү сунуштаган.
Бирок бул демилгени ишке ашырууга олуттуу тоскоолдуктар бар. Пентагондун эсебинде, Кытайдын өзөктүк арсеналында 600дөн ашуун дүрмөт болсо, АКШ менен Орусиянын ар биринде 5 миңден ашык өзөктүк дүрмөт бар. Ошондуктан Бээжин өзүнөн кыйла чоң арсеналы бар мамлекеттер менен бирдей чектөөлөрдү кабыл алууга кызыкдар эмес.
Бул боюнча америкалык жогорку кызматкерлердин бири: «Биздин оюбузча, Кытай чоңдор отурган үстөлгө келип, чоңдордун маселелерин чоңдорчо талкуулай турган учур келди», - деп айтты.
Ошол эле өкүл мындай максатка жетүү оңой эмес экенин моюнга алып, «Биз кандайдыр бир келишимге жетишүүнү күткөн жокпуз», - деди Анын айтымында, бул жолугушуу келечекте пайдалуу болушу ыктымал диалогдун башталышы катары каралууда.
Хадсон институтунун улук илимий кызматкери Люк Коффинин пикиринде, жолугушуу Вашингтон үчүн чоң практикалык жыйынтык алып келбеши да мүмкүн.
«Чынында бул үч тараптуу эмес, көбүрөөк эки тараптуу жолугушууга окшош болот. Бир тарапта АКШ турса, экинчи тарапта Кытай менен Орусия. Болгону, Москва бул жерде кичүү өнөктөштүн ролунда калат», - деди Коффи.
Ал ошондой эле бул жолугушуудан Бээжин менен Москванын геосаясий таасирин дагы бир жолу көрсөтүүдөн башка олуттуу натыйжа күтүлбөй турганын белгиледи.
Марк Кац да ушундай эле көз карашта:
«Жеке өзүм үч тараптуу саммиттен кандайдыр бир маанилүү келишим чыгат деп күтпөйм», - деди ал.
Анын айтымында, «негизинен бул үч лидер үчүн эле сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү болуп калат».
Дагы караңыз
Reuters Украина Орусиянын мунай өндүрүшүнүн 30% иштен чыгарганын жаздыУкраина маселеси күн тартибинде жок
Украинадагы согуш үч тараптуу саммиттин негизги темаларынын катарына кирген жок. Анткени Вашингтон бул маселе боюнча Москва менен өзүнчө дипломатиялык байланыштарды жүргүзүп жатат. АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, Украинага байланышкан сүйлөшүүлөр башка форматта өтүп, ага Киев да катышууда.
АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири администрациянын бул согушту талкуулоо үчүн «өзүнчө багыты бар» экенин айтты. Анын белгилешинче, бул форматка Вашингтон, Москва жана Киев катышат, ал эми Кытай бул процесске тартылган эмес.
«Акыркы убакта орусиялыктар менен көп жолу жолуктук. Бирок Кытай бул процесстин катышуучусу эмес. Ошондуктан Украина маселесин ушул жолугушуулардын алкагында талкуулоо туура эмес көрүнөт», - деди америкалык аткаминер.
Ошондой эле миллиардер Илон Маск Кытайдагы ири бизнес кызыкчылыктарына байланыштуу Дональд Трамптын Шэнчжэнге сапарынын айрым бөлүктөрүнө кошулары күтүлүүдө. Бирок расмий өкүлдөр Маск Си Цзиньпин менен өтө турган расмий жолугушууга да, үч тараптуу саммитке да катышпай турганын билдиришти.
Масктын Трамптын сапарына кошулушу анын SpaceX компаниясынын Украинадагы аскердик байланыштарды камсыздоодогу ролу Конгрессте жана саясий чөйрөдө барган сайын көбүрөөк талкууга алынып жаткан учурга туш келүүдө.
АКШнын демократ сенаторлору Жанна Шахин жана Крис Кунс Маск менен SpaceX компаниясынан октябрь айында жана 12-ноябрда Украинадагы Starlink жана Starshield спутниктик байланыш кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы боюнча бардык документтерди сактап калууну талап кылышты.
13-ноябрдагы катта сенаторлор Starlink жана Starshield кызматтарындагы үзгүлтүктөр украин аскерлери пайдаланган байланыш системаларына таасир эткенин белгилешкен. Алардын айтымында, бул көйгөй жарандык аймактарды орусиялык соккулардан коргоодо колдонулган тоскоолдук коюучу дрондордун ишине да залакасын тийгизген.
Алар ошондой эле чектөөлөрдү киргизүү укугу кимде болгону тууралуу Маск менен администрациянын жогорку даражалуу өкүлдөрү ар башка түшүндүрмө берип жатканын белгилеп, кабыл алынган чечимдер боюнча толук маалымат берүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдүн үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө чакырышты.
Трамптын Азиядагы сапары Манила шаарынан башталат. Ал жерде АКШ президенти АСЕАН саммитине катышып, Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос кичүү менен жолугат. Андан соң Шэнчжэнге барып, АТЭС саммитине катышып, Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт.
Макаланын түп нускасы бул жерде