Украинада согушка катышкан аялды атып кетишти

Амина Окуева.

Украинада мурда Орусия президенти Владимир Путиндин өмүрүнө кол салууну көздөгөн деп айыпталган адамдын жубайы киши колдуу болду. Амина Окуеваны дүйшөмбү күнү атып кетишкен. Чечен улутундагы бул үй-бүлө быйыл жайда да кол салууга кабылып, украин бийликтери анын изин Орусиядан көрүшкөн эле.

Жубайы Амина Окуева менен куралдуу кол салууга кабылган Адам Осмаевдин ырастоосунда, автоунаада баратышкан кезде аларга каршы ок буктурмадан атылган.

- Ок жубайымдын башына тийди. Мен мүмкүн болушунча, машинабыз токтоп калганча айдадым. Октон автоунаабыздын кыймылдаткычы жабыр тарткандай. Биринчи жардамды көргөзгөнгө аракеттендим, бирок ок башына тийиптир. Бул, албетте, буга чейинки эле кол салуулардын уландысы. Бул жерде бир террористтик топ иштеп жатат, - деди өзү да жараат алган Адам Осмаев кол салуудан кийин ага ооруканадан жолуккан кабарчыларга.

Кол салуу болгон жер.

​Украин бийликтери да кол салууну ырастап, тергөө-иликтөө иштерин дароо эле баштады.

Украинанын улуттук полициясынын башчысы Сергей Князев буларга токтолду:

- Белгисиз кылмышкерлер эки жаран бараткан автоунааны аткылашкан жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Ал жарандардын бири өлтүрүлүп, экинчиси жараат алган.

Жубайлар Адам Осмаев менен Амина Окуева быйыл июнь айында да Киевде кол салууга кабылган.

Адам Осмаев оор жараат алган ал кол салууда өзүн франциялык Le Monde гезитинин кабарчысы деп тааныштырган адам автоунаа ичинде, жолугушуу учурунда ок ачкан. Окуева ага жооп кылып тапанчасынан атып, кол салган кишинин өзүн жарадар кылган болчу. Анын жанынан украин паспорту табылган эле. Бирок украин бийликтери бул окуянын изин Орусиядан көрүшкөн.

Адам Осмаев менен Амина Окуева.

Теги боюнча орусиялык чечен, кезинде Британияда билим алган Осмаев 2012-жылы Украинада жардыруучу затты мыйзамсыз алып жүргөн, жеке менчик мүлккө зыян келтирген, документ жасаган деген айып менен камалган.

Кийин Орусия бийликтеринин өтүнүчү менен ага президент Путиндин өмүрүнө кол салууну көздөгөн деген да айып коюлган эле. Бул Орусиядагы президенттик шайлоонун алдында болгон.

2014-жылы ноябрда Орусия менен Украинанын мамилеси бузулгандан кийин украин бийликтери Осмаевден орус президентин өлтүрүүнү көздөгөн деген айыпты алышкан. Ал башка кылмыштары үчүн тергөө абагында олтурган мөөнөтү эсептелип, соттолгон. Андан соң Адам Осмаев өзү да, аялы да Украинанын чыгышында, украин тарапта Орусия колдогон жикчилдерге каршы уруштарга катышкан.

30-октябрдагы окуя - Украинада акыркы он беш ай ичиндеги куралдуу кол салуулардын азырынча акыркысы болду окшойт. Кеминде тогузу адам өлүмү менен аяктаган бул кылмыш иштеринин бири да сотко жете элек.

Өткөн аптада эле Киевде оппозициядагы Радикалдык партиянын депутаты Игорь Мосийчукка кол салынган. Жарылуудан депутат жараат алып, башка эки кишинин өмүрү кыйылган. Депутат "Азов" батальонунун мурдагы командирлеринин бири.

Анын 2014-жылы Грозныйда болгон терактка байланыштуу айткан сөздөрү Орусияда терроризмди актоо деп бааланып, кылмыш иши козголгон. Мосийчук өзү "кол салууга буйрук бергендер Москвада, аткаргандар болсо Киевде жүргөн орусиялык агенттер" деп билдирген.

Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусиянын бул кол салууга катышы бардыгы тууралуу айыптоолорду "негизсиз" деп атап, бул "Украина жана Киевде жайылып бараткан антиорусиялык өнөктүктүн бир бөлүгү” деп сыпаттаган.

Киевде быйыл 23-мартта Мамлекеттик Думанын мурдагы эки жолку депутаты, президент Владимир Путиндин сынчысына айланган соң Украинага качып өткөн Денис Вороненков да атып өлтүрүлгөн эле.

Украинанын Башкы прокуратурасы ушул айдын башында бул кылмыштын бети ачылганын билдирип, мунун артында коңшу өлкөнүн атайын кызматы – ФСБ турат деп эсептеди.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.