Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Украина экс-депутаттын өлүмүн ФСБдан көрдү


Денис Вороненков жана жубайы Мария Максакова Мамлекеттик Думанын депутаты кезинде. Москва, 8-июнь, 2016-жыл.
Денис Вороненков жана жубайы Мария Максакова Мамлекеттик Думанын депутаты кезинде. Москва, 8-июнь, 2016-жыл.

Украина Орусиянын мурдагы депутаты алардын аймагында атып өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылганын билдирип, мунун артында коңшу өлкөнүн атайын кызматы турат деп эсептеди. Быйыл жаздагы кол салуу боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын расмий Киев кечээ жарыялады.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценконун дүйшөмбүдөгү жарыясы Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, президент Владимир Путиндин сынчысына айланган соң Украинага качып өткөн Денис Вороненковдун киши колдуу болушу боюнча тергөөдөгү бурулуш учур катары каралып жатат:

"Украина Коргоо министрлигинин чалгын кызматынын маалыматын Киевдин прокуратурасы жүргүзгөн тергөө дагы ырастады. Бул өлтүрүүнүн артында турган адам ФСБнын көзөмөлүндөгү кылмыш төбөлү - Владимир Тюрин", - деп айтылат жарыяда.

Мамлекеттик Думанын эки жолку депутаты Вороненков быйыл 23-мартта Киевдин борборунда чак түштө атып өлтүрүлгөн.

Украин президенти Петро Порошенко анда окуяны “Орусия тараптын мамлекеттик терроризм актысы” деп баалаган.

Вороненковду аткан, Крымда туулган украин жараны Павло Паршов экс-депутаттын сакчылары чыгарган октон жараат алып, ооруканада мерт болгон.

Украинанын башкы прокурору 2016-жылы орус бийлигинин сынчысына айланган соң коңшу өлкөгө качып келген экс-депутаттын өмүрүнө кол салынышынын саясий жана турмуштук себептерин да атады:

Юрий Луценко
Юрий Луценко

- Биз Денис Вороненковдун өлтүрүлүшү анын Орусиянын Украина аймагындагы аскерлери боюнча көрсөтмөлөрүнө жана мурдагы президент Виктор Януковичке мамлекеттик чыккынчылыгы үчүн козголгон кылмыш ишке байланыштуу деп ишенебиз. Вороненковдун ушул иштер боюнча Украинанын жана эл аралык соттордо күбө катары көрсөтмө беришин алдын алуу үчүн Орусиянын атайын кызматтары аны жок кылуу боюнча планды иштеп чыгышкан.

Украинанын башкы прокурору Луценко ал “ФСБнын көзөмөлүндөгү кылмыш төбөлү” деп атаган Владимир Тюринде мурдагы депутатты өлтүртүү үчүн жеке турмуштук себептери болгонун да кошумчалады.

Тюрин - экс-депутаттын жубайы, опера ырчысы Мария Максакованын мурдагы жарандык күйөөсү.

Украин бийликтери Орусиянын атайын кызматына байланыштырып жаткан Владимир Тюрин орусиялык медиада “мыйзамдагы ууру” катары сыпатталып жүрөт. Ал өз адвокаты аркылуу украин башкы прокурорунун жарыясын “нонсенс” деп четке какты.

Денис Вороненков Киевде атылган учур. 23-март, 2017-жыл.
Денис Вороненков Киевде атылган учур. 23-март, 2017-жыл.

“Вороненковдун өлтүрүлүшү - украиналык улутчулдардын иши, алар муну украин бийликтери Орусияга жаңы айыптоолорду тагуу үчүн колдонот деп үмүттөнүшкөн, - деп айтылат Тюриндин адвокаты Сергей Беляктын билдирүүсүндө.

Украин тарап эми кылмыш иши сотко өткөрүлгөнүн, ал эми Тюринди экстрадициялоо үчүн Москвага өтүнүч жолдоно турганын да айтууда.

Орусиялык экс-депутаттын киши колдуу болушу - Киевде акыркы 15 айда ишке ашырылган жана саясий жүйөсү бар кол салуулардын бири. Ал кылмыштардын бири да азырынча сотто каралып, күнөөлүүлөр жоопко тартыла элек. Бирок украин бийликтери көп учурда кылмышка башкы шектүү катары Орусиянын коопсуздук жана чалгын кызматтарын көрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG