Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Киевде чалгын кызматынын полковниги киши колдуу болду


Жардыруу болгон жерде
Жардыруу болгон жерде

Украинанын атайын кызматынын полковниги түшкөн машине жарылган окуяны бийликтер “террордук чабуул” деп, иликтөө башталды. Бул Киев шаарында ушул ай ичинде жасалган экинчи кол салуу болду.

Украин Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө 27-июнда Киевдин борборунда болгон жардырууда полковник Максим Шаповал каза тапканы айтылат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Артем Шевченко “Азаттык” радиосунун украин кызматына Шаповал жакында эле өлкөнүн чыгышындагы согуш аймагынан кайтып келгенин, андыктан бийликтер анын өлүмүн кызматтык милдетин аткарып жүргөндө “атайын жасалган кол салуу” деп ишенип турушканын айтты.

Шаповал Башкы чалгын башкармалыгынын атайын маанидеги күчтөрүнүн командири экенин “Украинская правда” гезити өз булактарына таянып кабарлады.

Полиция шаардын борборунда "Мерседес" үлгүсүндөгү автомобиль жарылып, ичиндеги киши өлүп, өтүп бараткан бирөө жараат алганы тууралуу кабар эртең мененки саат 8ден 16 мүнөт өткөндө келгенин билдирет.

ССТV телеканалы көрсөткөн видеодо машине жарылган маалда жалын чыгып, андан чыккан түтүн асманга көтөрүлөт. Жакын жерде токтоп турган башка машинелер жабыркаган эмес, Шаповалдын автоунаасы болсо айнектери күбүлүп, жарактан чыгып калган.

Коргоо министрлиги “полиция, куткаруучулар, жардырууну иликтеген жана башка адистер жеринде иштеп жатышканын” билдирип, атайын кызматтар окуяны теракт деп аташканы менен гана чектелип, башка маалымат чыгарган жок.

2014-жылдын апрель айында Орусия артында турган жикчилдер менен Украинанын өкмөттүк күчтөрүнүн урушу башталгандан бери майдан талаасынан алыс жерлерде бир катар жардыруулар болду.

Ушул ай башында чеченстандык эркек өзүн француз журналисти катары көрсөтүп, Чеченстандан Украинага көчүп барып, Киевдин тарабында согушуп жүргөн Адам Осмаевди атып жарадар кылган. Осмаевдин аялы болсо кол салган кишиге ок чыгарууга үлгүргөн.

Украин коопсуздук кызматынын Донецкидеги чалгын департаментинин башчысынын милдетин аткарган подполковник Олександр Хараберюш өлкө чыгышындагы Мариупол шаарында 31-майда машинеси жарылып, курман болгон. Бул үчүн украиндер Орусия колдогон жикчилдерди айыптаган.

Ушул ай башында эле орусиялык мурдагы депутат, Кремлдин украин саясатын, анын ичинде Крымдын аннексиясын ачык сындаган Денис Вороненков Киев шаарынын чок ортосунда күндүз атып өлтүрүлгөн.

Украин президенти Петро Порошенко Вороненковдун өлүмүн “Орусия жасаган террордук акт” деп атаган.

Саясий лидерлерди жана башка мамлекеттик аткаминерлерди такай сындаган Беларуста туулган, орусиялык журналист Павел Шеремет бир жыл мурун Киевде ишке бараткан маалда машинеси жарылып каза тапкан. Журналист өмүрүнүн акыркы күндөрү чыккан макалаларынын биринде Украинанын чыгышында жикчилдер менен согушкан батальондордо ыктыярчы болуп келген украин саясатчылары Киевде оңой эле кутум уюштурарын жазган.

Кремль болсо Украинада жасалган кандуу чабуулдардын эч бирине тиешеси жоктугун айтып, караманча четке кагат.

Өлкө чыгышындагы майдан талаасында дагы бир нече жикчил лидерлер киши колдуу болду. Бул үчүн жикчилдер Киевди айыптаса, украин бийликтери аны танат. Улуттар Уюмунун эсебинде уруш жүрүп жаткан жерлерде 10 миңден ашуун киши өлтүрүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG