Үсөнбаев: Коронавирустун күчөшүнө даярданып койгонбуз

Нурболот Үсөнбаев

Акыркы бир жумада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө, алардын баарын дарылаганга саламаттык системасынын күчү жетеби? Эмне менен дарылап жатышат? Медициналык кызматкерлердин канчасы вируска кабылды?

"Азаттыктын" суроолоруна саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берди.

- Бир жуманын ичинде ооругандардын саны эмнеге кескин көбөйдү?

- Абдан көп себептери бар. Карантин чаралары алынганы бирден бир түрткү болду. Анан эл бекитилген тартипке, чараларга жалпылап баш ийиши керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Мындан тышкары сырттан да көп жарандарыбыз келди. Аларда да аныкталып, байланышкандар көбөйдү.

- Азыр ооруп калгандарды коронавирус деп диагнозу аныкталса да ооруканага алып кетпей жатышат. Алардын үйдө дарылануу механизми кандай болот, ким көзөмөлдөйт? Үйдө жатып күчөтүп алгандар да болуп жатпайбы.

- Бул үчүн атайын алгоритмдер мурда иштелип чыккан, жеңил түрү болсо, үйдө кармоонун жол-жобосун бекиткенбиз. Үйдө жатып күчөтүп жибергендер боюнча ар бир учурду талдап чыгабыз. Жеңил формада, симптому жокторду атайын дарыгерлер барып текшергенден кийин көзөмөлгө алып, телефон аркылуу сурап турушат. Дарылоо схемасын белгилеп беришет.

Эгер оору күчөп бара жатса, анда 118 кыска номуруна чалып, атайын бригада чакырышы керек. Алар барып, бейтапты обсервацияга алышат. Обсервацияда да саламаттыгын карап, оңолбой бара жатса ооруканага жаткырабыз. Анан бейтаптын жакындарын да анализдейбиз, коронавирус болгон киши үйүндө кимдер менен жашайт, балдары көппү, кары-картаңдар, башка оору менен ооругандар барбы, айтор баарын сурамжылап, тобокелдик тобунда болсо обсервацияга алуу чечими кабыл алынат.

Дагы караңыз COVID-19 жуккан саясатчылар үн ката элек


- Саламаттык сактоо министри "Кыргызстандагы ооруканалардын абалы начар экен" деп айтты. Бишкекте бейтаптарды жаткырууга ооруканада орундар калбай баратат. Мындан ары абал эмне болот?

- Баары көзөмөлдө. Оорунун саны көбөйүп кетсе эмне кыларыбызды алдын ала пландап койгонбуз. Канчалык көбөйсө, ошого ылайык керебеттерди даярдап, ачыла турган ооруканаларды белгилегенбиз. Башка ооруканаларды коронавирусту дарылоого кайра адистештирип, профилин убактылуу өзгөртө турабыз. Биз бардык бейтаптарды тейлегенге даярбыз.

- Азыркы тапта медициналык кызматкерлердин канча пайызы ооруп жатат? Мобилдик топтор да жетишпей, эл тейлөөдөн аксап жатат. Бул көйгөйдү чечесиңерби?

- 600дөн ашык медицина кызматкери ооруну жугузуп алышты. Алардын 30-35%и – догдурлар. Калганы - орто билимдүү медайымдар, тейлөө тармагындагы кызматкерлер, компьютер технологиялары жаатындагы жумушчуларыбыз. Алардын көбү айыгып чыгышты, азыркы тапта штаттык режимде иштеп жатышат. Ооруп калгандардын ордуна алмаштырып турууга атайын бригадаларды даярдаганбыз.

Мындан тышкары вирусту дарылаган топтор 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияда болушат да. Алар обсервацияда жаткан маалда бейтаптарды карай турганга башка профилдеги медиктерди да тартып, баарын толуктап жатабыз.

Ошондой эле бизде ыктыярдуу түрдө келип иштеп берем деген да адамдардын тизмеси турат. Коронавирус менен күрөшчүлөрдүн баарын окутуп, даярдашыбыз керек. Бул иштер да аткарылып жатат.

Мобилдик топторго келсек, ооба, чындыгында акыркы күндөрү алар жетишпей, кезек күткөн учурлар болуп жатат. Ушунун баарын токтотуу үчүн мобилдик топтордун санын 50гө чыгардык. Ошондой эле эми күнү-түнү тынбай элге маалымат берип, телефондон кеп-кеңеш айтчу 118 номуру да иштеп жатат.

Дагы караңыз «Вируска ишенбей, күйөөмдөн айрылдым»


- Калың эл арасында вируска ишенбей, аны дарылоону көрбөгөндөн кийин жок деп айткандар өтө көп. Эмне менен дарылап жатасыңар?

- Дарыгерлер колдончу атайын нускамалар бар. Бейтап ооруканага түшкөндө ал-акыбалына жараша дарылоо протоколу түзүлөт. Мунун баары клиникалык колдонмолордо бекитилген.

Бул вирус болгондуктан, аны антибиотик менен дарылоо опурталдуу. Качан гана көрсөтмөлөр болгондо антибиотик кошулат. Азыр ооруну тоготпогон бактериялар, вирустар бар. Ошондуктан антибиотик, күчтүү дарылар менен эле бейтапты дарылай баштасак, кийин ал оорусу күчөсө андан да күчтүү дарыларды тоготпой калат. Ар бир бейтаптын акыбалына жараша индивидуалдуу чечим чыгарабыз.

- Айрым сиздин кесиптештериңиз, окумуштуулар, эксперттер азыркы элди текшерип жаткан тест системалары начар деп жатышат. Эмне себептен?

- Мен алардын айткандарына такыр кошулбайм. Азыр диванда жатып алып эле ой пикир айткан эксперттер көбөйүп кетти. Алар биз ооруну текшерип жаткан лабораторияларга келип иштеп жатышабы? Иштин процессин көрүштүбү?

Жөн эле жатып алып, элдин башын айланткан туура эмес. Маселен, азыр биз шектүүлөрдү жалаң ПЧР тест аркылуу текшерип жатабыз. Полимердик чынжыр реакциясы – дүйнөдө кабыл алынган, вирусту 95% аныктаган ыкма. Андыктан, тест туура эмес көрсөттү деген сөздөр – калп. Эми дагы тест системалардын заманбап үлгүлөрүн министрлик сатып алып, алып келүүдө. Июлдан тарта картриж системасындагы тесттер менен текшеребиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​