“Уулум төрөлгөндө күйөөң согушта өлдү дешти”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,5 миңге жакындаганы тууралуу маалымат бар. Украинанын “Хочу жить” долбоору учурда Кыргызстандын 10 жараны Украинада туткунда отурганын жарыялады. Ошол эле маалда дайынсыз кеткен жакындарын издегендердин саны көбөйүп, долбоорго кайрылгандар 500гө чукулдады. “Азаттык” согушта дайынсыз болгондордун жакындары менен сүйлөшүп, кандай жагдайда жалданып же азгырылып калганын иликтеди.