14-декабрда Президент Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жиберди. Жогорку Кеңештин аппараты долбоор түшкөнүн тастыктап, бирок анын качан каралары так белгилене электигин билдирүүдө.
15-декабрда Бишкекте Коомдук парламент жыйналат. Оппозиция жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган уюмдун жыйынында энергетика, тариф маселеси талкуулана турган болууда.
Бул аптада Кыргызстанда адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленди. Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан кетти. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун соту 17-декабрга которулду.
Бүгүн социал-демократиялык фракциянын жыйынында Кыргызстанда адам укуктарынын абалы талкууга алынды. Ал жыйынга оппозиция лидерлери да катышты. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жана фракция жыйынындагы талкууга байланыштуу Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаевге бир катар суроолор менен кайрылган элек.
7-декабрда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковго байланыштуу чечимин чыгарыш керек эле. Бирок судья Серик Абиевдин ооруп калгандыгына байланыштуу сот 17-декабрга которулду. Бул күнү соттун алдына жүздөгөн адамдар чогулуп, Исмаил Исаковдун сотунда адилет чечим болушун талап кылып турушту.
Аскер прокуратурасы мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр энергетика системасынан чыгарын жарыялады. Орусия премьер-министри Владимир Путин Кыргызстандагы үй-бүлөлүк бизнес маселесин көтөрдүбү?
“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев энергетикадагы маселе компанияларды сатууда эмес, аны башкарууда жана уурдоону токтотууда деп эсептейт. Саясатчы ошондой эле баалардын көтөрүлүшүн саясий тайкылык катары баалайт.
Мурунку өнөр жай, соода министри Эсенгул Өмүралиев менен Кыргызстандын Россия, Беларус жана Казакстан түзгөн Бажы биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу мурдагы өнөр жай, соода министри Эсенгул Өмүралиевди сөзгө тарттык.
АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Мирослав Ниязовду сөзгө тарттык.
“Азаттык” энергетикалык коопсуздук маселеси боюнча «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кайрадан кепке тартты.
Кечээки сот ишинде Кыргызстандын аскер прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул иш боюнча коомдук жактоочу, “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованы сөзгө тарттык.
Балыкчы, Петровка окуялары боюнча айыпталгандардын жана Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров оппозициянын өкүлдөрүнө каршы жүрүп жаткан сот иштеринин соңку жагдайын баяндап берди.
Өкмөт кышка даярдыкты талкуулады. Россиядан Николай Патрушев келип кетти. Президенттик институттун кадрлары толукталды.
25-ноябрда Кыргызстанда жашыруун сапар менен Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев болуп кетти. Ал Бишкекте Курманбек Бакиев менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзгөн.
Өкмөт энергетика тармагындагы бөлүштүргүч компанияларды саттыка коюуга даярдык көрүүнү Мүлк министрлигине тапшырды. Даярдыктын негизги кадамы катары өкмөт тарифтерди 5-10 эсе көтөрдү. Көтөрүлгөн тарифтер энергетикалык, жылуулук ишканалардын чыгашасын жабабы?
"Ата мекен" партиясы Президент Баш мыйзамды бузду деп Конституциялык Сотко кайрылды. Социал-демократтар баалардын көтөрүлүшүн талкуулады. Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгиледи.
Президент убада кылган башкаруу системасы реформаланды. Андан система өзгөрүп, “реформаторлордун режимдин тетигине” айлануу жолоюна чекит коюлдубу?
Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы М. Ниязовдун баамында, коалициялык күчтөр Ооганстандан кетип калса, дүйнө үчүн өтө чоң коркунучтуу согуш ошол жактан башталат.
Мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиевдин оюнча, электр жана жылуулук кубатына жаңы жылдан тарта кымбаттаган тарифтерди карапайым калк көтөрө албайт, натыйжада энергетикалык ишканалардын карыздары дагы көбөйүшү мүмкүн.
Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка бааны көтөрдү. Бул энергетика ишканаларынын кызыкчылыгы үчүн эле жасалдыбы же башка тараптардын да кызыкчылыгы барбы?
Дагы жүктөңүз