1-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда Исмаил Исаков көрсөтмө берип, өзүнө тагылган айыптарды четке какты жана козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп баалады.
Ө. Текебаев президентти сотко берерин билдирди. Өкмөт энергия жана жылуулукка бааларды кескин көтөрдү. Жогорку Кеңештин тарашы мүмкүн экендиги айтыла баштады.
Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири И. Исаковго байланыштуу соттук териштирүү уланып, айыпталуучу Н. Каимов Балыкчы аскер бөлүгүндөгү кемчиликтерге Исаковдун тиешеси жоктугун айтты.
Кыргызстанда парламент таркатылат деген сөз президенттик шайлоодон кийин күч алган. Президент аны четке какканына карабай мындай сөздөр токтой элек.
Президент баштаган реформанын жүрүшүндө Конституцияда каралган айрым органдар жоюлуп, каралбаган жаңы структуралар түзүлдү. Бирок ушул кезге чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети байкала элек.
Өнүктүрүү фонду ордун алды. Оппозиция өкүлдөрү Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну сынга алып чыкты. Исмаил Исаковдун соту соңуна чыгууда.
6-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда И. Исаковго байланыштуу соттук териштирүү уланып, анда күбөлөр суралып бүттү. Сот 11-ноябрда айыпталуучуларды суроо менен уланат.
"Ата Мекен" партиясынын лидери швециялык социал-демократтардын курултайынан алдыңкы идеяларды угуп, шерденип кайтканын билдирди.
Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев агенттик артыкчылык берген төрт багытты аныктады. Ал багыттар өнүктүрүүгө тиешеси барбы?
2-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири И. Исаковго байланыштуу сот уланып, күбөлөр суралды. Күбөлөрдүн бири Исаковго каршы козголгон иште саясий себеп бардыгын ачыктады.
Максим Бакиев жогорку кызматка дайындалды. Россия менен аткарыла турган долбоорлор аксоодо.Оппозиция чачкындуу бойдон калууда.
ЮНЕСКОнун тизмесине "Манас" эпосунун Кытайдын атынан кирип калышы, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жоюлуп кетиши сыяктуу маселелер боюнча аталган комиссиянын мурунку башчысы Жыпар Жекшеев өзүнүн пикирин билдирет.
“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев президент К. Бакиевдин өзүнүн уулун мамлекеттик чоң кызматка коюп алганы ага аброй алып келбей турган чечим деп эсептейт.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, Караколдо тергөө абагында отургандар ачкачылык акциясын токтотушканын алардын адвокаты Айбек Жанузаков “Азаттыкка” айтып берди.
Орусияда эки күн мурда эки аял чочко тумоосунан көз жумганы ырасталды. Бул илдетке байланышкан Кыргызстандагы жагдайды билүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовго кайрылдык.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев даабатка жамынып алып башка элдердин салтын таңуулаган диний агымдарга мамлекет каршы экенин билдирди.
Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиев Орусиядан келген 300 млн доллар кредитти Каржы министрлигине ишенбей, жеке менчик ишкананын колуна берилип жатканы абдан таң калыштуу маселе болуп жатканын белгилейт.
БЭКтин лидерлеринин бири, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы И.Исаков азыркы реформанын багыты - үй-бүлөлүк бийликти күчөтүү, келечекте аны үй-бүлөсүнө калтырып кетүү аракети деп эсептейт.
Акын Барпы Алыкуловдун 125 жылдыгына карата филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыркул Даутовду сөзгө тарттык.
Улуттук туңгуч гезит - азыркы “Кыргыз туусу”, мурдагы “Эркин-Тоо” гезити эмки айда 85-жылдыгын белгилегени турат. Бул мааракенин алдында басылманын башкы редактору Кыяз Молдокасымовду сөзгө тарттык.
Дагы жүктөңүз