Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде “Коммерциялык эмес уюмдарга” байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты тууралуу кеп салып берди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына карата баяндамасы боюнча мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.
Оппозиция менен бийликтин ортосундагы диалог тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы мамлекеттик катчы, өлкөдөгү белгилүү элчилердин бири, Жапониянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынын ээси Ишенбай Абдыразаков жооп берди.
Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып жатканы айтылууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдар коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова ушул долбоордун тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров март ыңкылабынын алдындагы окуялар, азыркы кырдаал жана президенттик шайлоо тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Учурда Ош облусунда мындай депутаттык топтун бирин жетектеп жүргөн Ибрагим Жунусов элдин ал-абалы, маанайы тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
Лидер партии «Ата Мекен» Омурбек Текебаев только что вернулся из поездки по Джалал-Абадской области. На этот раз все обошлось без эксцессов – не было ни «карабинного» скандала, ни атака тухлыми яйцами. Сам он утверждает, что поездка была обычной, если можно назвать «обычными» любые встречи оппозиционного политика.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Жалал-Абад облусун кыдырып келди. Облуста бийлик жана оппозицияга элдин пикири кандай экени тууралуу Ө. Текебаев “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
«Кылым шамы» укук коргоо уюму өткөн Орозо айттагы Ноокаттагы тополоң боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Аталган уюмдун башчысы Азиза Абдырасулова бул окуянын тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
Өлкө турмушундагы соңку саясий өзгөрүүлөргө, оппозиция аракеттерине жана келерки президенттик шайлоого байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.
Өткөн айда курамы бектилген Ордо Кеңештин бүгүн алгачкы жыйыны болот. Ордо Кеңештин түзүлүш максаты, орду тууралуу "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна бул уюмдун мүчөсү Жумакадыр Акенеев жооп берди.
Бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр, саясий куугунтуктар тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Бириккен элдик кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев жооп берди.
БЭКтин лидерлеринин бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков 23-февраль майрамы жөнүндө жана ага каршы козголгон кылмыш иштин чоо жайы тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.
Өтүп бараткан жумада Кыргызстан АКШ базасын чыгаруу чечимин кабыл алды. Оппозиция март айына нааразылык акциясын белгиледи. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү башталбай турат.
19-февралда БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйын куруп, анда март айына белгиленген нааразылык акциясына чыгууну бекитти. Оппозиция ошондой эле президенттик шайлоо маселесин да көтөрдү.
Жогорку Кеңеш 19-февралда Кыргызстандан АКШнын аскерий базасын чыгаруу жөнүндө өкмөт чечимин колдоп добуш берди. Социал-демократиялык фракция гана "Манас" аба майданынан америкалык аскерлерди чыгаруу аймактык коопсуздукту алсыратат деп каршы чыкты.
К. Бакиев экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого барарын жарыялады. Оппозиция лидерлерине козголгон кылмыш иштер соттук териштирүүлөргө өтүүдө. "Манастагы" АКШ базасын чыгаруу маселеси маалкатылууда.
Өтүп бараткан жумада Кыргызстан тагдыр чечүүчү эки чечим кабыл алды. Анын бири АКШ базасын чыгарууга байланыштуу чечим, экинчиси Россия менен Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу келишим болду.
3-февралда президент Курманбек Бакиев иш сапары менен Москвага барды. Ушул эле күнү анын орус президенти Дмитирий Медведев менен жолугушуусу, 4-февралда ЖККУ жана ЕврАзЭШтин жыйынына катышуусу белгиленген.
3-февралда президент К.Бакиевдин Москвага иш сапары болот. Анда кыргыз президенти Россиянын мамлекет башчысы Д. Медведев менен жолугушуп, Камбар-Ата ГЭСи боюнча маселени талкуулашы белгиленүүдө.
Дагы жүктөңүз