Бул аптада өлкө президенти кадрдык жаңы дайындоолорду жүргүздү. Оппозиция “кетсин” чакырыгын кайрадан алып чыкты. Камбар-Ата ГЭСи боюнча кыргыз-орус кызматташуусунун шарттары айкындала баштады.
Өтүп бараткан жумада катар-катары менен көп атка минерлер кызматынан кетти. "Манас" аба майданындагы аскердик базасын чыгаруу жөнүндө айың кептер төгүндөлдү.
23-январда президент өкмөттө, өзүнүн администрациясында жана элчиликтерде кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Оппозиция өкүлдөрү системалык өзгөрүүлөр болмоюнча бийликтин иши алдыга жылбасын билдирүүдө.
Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов тышкы иштер министри кызматынан баш тартты. Кезинде оппоненттеринин айласын куруткан саясатчынын эми кандай кадам жасаары табышмак болуп турат.
Өтүп бараткан жума бийликте кадрдык өзгөрүүлөр, оппозицияда саясий куугунтукка каршы аракеттер, 2 миллиард доллар насыя боюнча сүйлөшүү жана АКШ базасын чыгаруу каңшаары менен коштолду.
2009-жыл өлкөдө ири кадрдык өзгөрүүлөр менен башталды. Алгач президенттик администрация башчысы алмашса, андан кийин каржы министри жаңыланды. Президенттин басма сөз катчысы да кызматынан бошоду.
"Манас" аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Орус маалымат каражаттары Бишкектеги булактарына таянып, базаны чыгаруу боюнча жардык даярдалып жатканын маалымдады.
Данияр Үсөнов 12-январда Президенттин администрация башчысы кызматына дайындалды.Оппозиция өкүлдөрү бул чечимден кийин бийлик менен оппозициянын мамилеси курчушу ыктымалдыгын айтууда.
Өткөн жумада президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов кызматтан кетти. Жаратылыш газынын акысы 80 пайызга кымбаттады. Кыргыз өкмөтү макроэкономика, банк системасында туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, муктаждарды даректүү колдоо жана экономикалык өсүштү сактоо жаңы жылдагы негизги максаттары экенин жар салды.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиев “Азаттыктын” толкунунда ой бөлүштү.
“Азаттыктын” таңкы маегинде Бириккен Элдик кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөр, оппозициянын иши тууралуу кеп салып берди. Анын айтымында, М. Садыркуловдун кызматтан кетишин бийликтин ыдыроосу башталды деп кароо керек. Анткени бийликтин ичинде ар кандай топтордун тирешүүлөрү күчөп, мындан ары дагы саясий абал, кадр маселелери курчуй баштайт.
Кыргызстандагы соңку коомдук-саясий кырдаал тууралуу саясат таануучу Марс Сариев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ой бөлүштү.
Жаңы жыл алдында Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын кеңешинин жыйыны өлкөнүн тоо-кен тармагын терең кризисте турат деген тыянак баасын чыгарган. Бул жөнүндө Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев “Азаттыкта” кеп салып берди.
Жогорку Кеңештеги комунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде партиялык тизме менен шайланган парламент, оппозиция, парламенттик азчылык тууралуу кеп салып берди.
Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрөгасы Искендер Гаипкулов бул мекемедеги соңку структуралык өзгөрүүлөр, анын максаты тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аксы окуясында окко учкан Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө кыргыз өкмөтүн күнөөлүү деген чечим чыгарганын мурда кабарлаганбыз. Бул чечим Аксы окуясы боюнча сот өкүмдөрүн бузуп кайра адилет тергөө жасоого жол ача алабы? Аксы окуясында жабыркагандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” ой-пикир бөлүштү.
Жаңырган жылы кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 20 жыл толот. Ошого байланыштуу мааракелик жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кандай чаралар зарыл экенин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Азимжан Ибраимов айтып берди.
Кыргызстан мусулмандары Палестинанын Газа тилкесинде согушту токтотуу талабын коюп жатышат. Бул демилге тууралуу Кыргызстан Мусулмандар биримдигинин теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өлкөнүн белгилүү энергетиктеринин бири Райымбек Мамыров энергетика тармагындагы абал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
Кыргызстанда Саясий куугунтукка каршы комитет түзүлгөнү жатат. Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев аны уюштуруу максаты тууралуу "Азаттыктын" таңкы түз обосунда кеп салып берди.
Дагы жүктөңүз