Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Курманбек Бакиев Бишкектеги АКШ базасын жабабы?


"Манас" аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Орус маалымат каражаттары Бишкектеги булактарына таянып, базаны чыгаруу боюнча жардык даярдалып жатканын маалымдады.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы Кыргызстанга 2001-жылы сентябрь айындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин жайгаштырылган. Мына ошол мезгилден бери база Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылып келатат.

Антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу чакырыгы ачык түрдө алгачкы ирет 2005-жылы Шанхай кызматташуу уюмунун Астанада болгон жыйынында айтылган. Андан кийин Бишкекте бир катар уюмдар базаны чыгаруу талабы менен нааразылык акцияларын уюштурушкан. Бирок алар расмий бийлик тарабынан колдоого алынган эмес.

Президент Курманбек Бакиев базанын Кыргызстанда кала беришин кубаттай бербеген пикирин өткөн жылдын соңунда Россиянын РИА Новости маалымат агенттигине жарыяланган маегинде билдирген. Анда кыргыз президенти Ооганстанда жети жылдан бери жүрүп жаткан антитеррордук операция учурунда баңгизаттарын өндүрүү көбөйгөнүн, Ооганстандагы расмий бийлик түзүлгөндүктөн күрөштүн ыкмасын өзгөртүүгө неге болбосун деген суроону койгон. Курманбек Бакиев ошондой эле кыргыз жараны Александр Ивановдун базада АКШ жоокери тарабынан атылышын эстеп, күнөөкөр жоопко тартылбаганына нааразылык билдирген.

Базаны чыгаруу маселеси президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапарынын алдында кайрадан козголо баштады. Россиянын “Время новостей” гезитинин маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев Россиядан 2 миллиард доллар насыя алыш үчүн, Москвага сапарынын алдында базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коет.

Расмий Бишкектин өкүлдөрү бул маалыматты жоопсуз калтырууда. Маселен, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Темирбек Султанбаев мындай дейт:

- Мурда да бул боюнча макалалар жарыяланган. Кимдир-бирөөлөр бир макаладан бир маалыматты сууруп чыгып, чуу сала баштайт. Биз болсо база боюнча азыр эч кандай маалымат бере албайбыз. Ал эми президенттин Россияга сапары тууралуу азыр бирдемкени ачык айтыш кыйын. Мүмкүн айдын аягында болуп калабы? Азыр даярдык көрүү жараяны жүрүп жатат.

Кыргыз коомчулугуна болсо макаланын автору Аркадий Дубнов бийликке бир кыйла жакындыгы менен маалым.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, базага байланыштуу макала бекер жеринен чыккан жок:

- Албетте бул макала жөн жеринен чыккан жок. Бул макала коомчулуктун пикирин, Америка жактын, эл аралык уюмдардын пикирлерин билиш үчүн чыкты. Андай ыкма көп колдонулуп келет, - деген Орозбек Молдалиев Россиянын насыясы менен Кыргызстан карызы дагы 2 миллиард долларга көбөйөрүн, ал эми Манаска база Бириккен Улуттар Уюмунун чечиминин негизинде жайгашканын жана Кыргызстандын эл аралык уюмдардан алган 2 миллиард доллардан ашуун карызы да жеңил маселе эместигин кошумчалады.

Кыргыз бийлиги тарабынан базаны чыгаруу маселеси кандай ишке ашырылышы мүмкүндүгү тууралуу Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Кыргыз мамлекети база кереги жок деп чечсе, анда алты ай мурун ал жөнүндө кабар бериш керек. Биз базаны жайгаштыруу боюнча келишимди 2002-жылы февралда ратификация кылганбыз. Демек алты айдан кем эмес убакта расмий түрдө кабар берип, силердин кызматыңар бүттү, кеткиле дешибиз керек.

Депутат Исхак Масалиев ошондой эле мындай ыйгарым-укук аткаруу бийлигине берилгенин кошумчалады.






  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG