"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
“Ата Мекен” партия ичинде ынтымакка доо кетирди деп эки мүчөсүн өз курамынан чыгарды.
Кыргызстанда өткөн жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 109 киши соттолгон. Алардын 96сы эркек жана 13ү аялдар.
АКШда үч жылдан бери айтылуу Силикон өрөөнүндө иштеп жаткан медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев “Азаттыкка” маек курду.
Өнөр адамынын чыгармасын кардарлар тандашы керекпи же 15 кишиден турган көркөм эксперттик комиссиябы?
Тажикстандын Мургаб жергесиндеги кыргыздар жылкыны көбөйтүп, экотуризмди өнүктүрүүгө белсенүүдө.
"Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиевдин премьер-министр Өмүрбек Бабановго байланыштуу айткан сөзү коомдо чоң талкууну жаратууда.
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Кыргызстанда улут аралык жаңжалга кантип жол бербөө керек деген суроонун тегерегинде талкуу болду.
Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдар зомбулуктун түрлөрүнө кириптер болууда.
Кыргыз басылмалары далилдүү факт-материалдар менен иштөөнү үйрөнүүсү керек.
Акыйкатчынын билдиришинче, бийлик түрмөдөгүлөрдүн саясий талаптарын аткарган жок, бирок алардын шарттарын жакшыртуу жагы каралмай болду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Борбор Азиядагы Америкалык университет имарат үчүн ижара акысын төлөбөй жатат деп билдирүүдө.
Бул жолку чыгарылышта спикер Акматбек Келдибековдун айласындагы талаш-тартыш туурасында сөз болду.
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында аялдарга карата зомбулуктун себептери, деги эле аялга карата коомдогу көз караштар жана стереотиптер туурасында сөз болду.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы көп аял алуу маселесине арналды. Мыйзам көп аял алууга тыюу салат, бирок бул көрүнүш ар кандай көмүскө формасында өкүм сүрүүдө.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы 10-ноябрда белгиленген Жаштардын дүйнөлүк күнүнө арналып, “Кыргызстанда муундар алмашуусу кандай болушу керек, өлкөнүн келечегин, тагдырын жаштар көтөрүп кете алабы?” деген суроолордун тегерегинде сөз болду.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы мектептердеги китеп көйгөйүнө арналды. Окуу китептери тартыш, бирок колдо бар китептин сапаты кандай?
“Казакстан Кыргызстандан барчу эт, сүткө 19-октябрдан тарта тыюу салды” деген депутат Талант Узакбаевдин билдирүүсүн айыл чарба министри Төрөгул Беков четке какты.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында сотторду тандоо жараянынын айланасында чыккан талаштар, анын артынан президенттин аппарат жетекчисин кызматтан кетирүү боюнча парламенттик демилге жана ага каяша айтуулар туурасында сөз болду.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, пайда көрөбү же зыян тартабы” деген суроонун тегерегинде сөз болду.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Кыргызстандагы “Манас” транзиттик борборунун пайдасы, зыяны жана келечеги туурасында сөз болду.
Дагы жүктөңүз