Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Путин менен Камерон Лондондо жолукту


Владимир Путин менен Дэвид Камерон дзюдочулардын таймашын көрүштү
Владимир Путин менен Дэвид Камерон дзюдочулардын таймашын көрүштү

Орус президенти Владимир Путин Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон менен жолугушту. Алар Сириядагы кырдаалды талкуулашты. Орусия менен Британиянын Сириядагы зомбулук менен коштолгон урушту токтотууга карата мамилелери айырмаланып турат.

Владимир Путин менен Дэвид Камерон бир саатка жакын сүйлөшүштү. Лидерлер Сирияда 16 айдан бери уланып жаткан кан төгүүнү токтотуп, саясий кризисти тез арада жөнгө салуу керектигин белгилешти.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Дэвид Камерон Сирия боюнча көз караштар айырмаланганы менен эки өлкөнүн максаты кан төгүүнү токтотуу экенин билдирди.

- Албетте Сирия жаңжалы боюнча көз караштарыбыз түрдүү болуп турду. Ага карабастан эки тарап тең Сирияда тынчтык орноп, жаңжалдын тыйылышын каалайбыз. Өз тышкы иштер министрлерибиз аркылуу бул ишти алдыга жылдыруунун жолдорун талкуулоону уланта беребиз.

Владимир Путин өз сөзүндө Сирия бийлигин жана оппозициясын бир пикирге келтирүү боюнча аракеттер улана берерин айтты. Ал Сирия көйгөйүн чечүү боюнча өз ара кызматташуулар улана берерин да кошумчалады.

- Биз Сириядагы кырдаалды чечүү жолун чогуу издейли деп макулдаштык. Бул үчүн биздин Тышкы иштер министрликтерибиздин чогуу иштеши жана орток чечимге келүүсү үчүн кошумча түрткү беребиз.

Буга чейин орус президентинин кеңешчилеринин бири Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Орусиянын Сирияда жеке кызыкчылыктары жок экендигин айткан эле. Сергей Марков Сириядагы оппозицияны эл аралык коомчулуктун колдоп жатышын Москва туура көрбөй тургандыгын билдирген. Анткени, Кремлдин ою боюнча, Асаддын режимине каршы согушкандардын арасында “ал-Каидага” жана радикалдуу исламчыларга өтө жакындар бар.

Ал ошондой эле Батыштын Сириядагы терең ойлонулбаган, иррационалдуу саясатына Орусия каршы туруп жатканын да белгилеген.

Бул арада Сирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннан августтун аягында келишим боюнча иштөө убактысы бүтөөрү менен кызматын тапшырып бере турган болду. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кабарлады. "Аннан кайрадан келишимди узартпайм деп чечти", - деди Пан Ги Мун.

Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан Сирия боюнча эл аралык чабарман болуп ушул жылдын 23-февралында дайындалган. Ал Сириядагы жаңжалды токтотуу тууралуу алты пункттан турган тынчтык планын иштеп чыгып, планга бийлик да, оппозиция да макул болгон. Бирок эки тарап тең бул планды иш жүзүндө аткарбай коюшкан.

Путиндин Британиядагы сапары Камеронго жолугуу менен гана чектелген жок. Ал Лондондогу олимпиада оюндарында дзюдочу, дүйнө чемпиону Тагир Хайбулаев менен Дүйнө кубогунун күмүш медалисти Вера Москалюктун таймашына күбө болду. Дагестандык балбан Хайбулаев монголиялык Тувшинбаяр Найданды жеңип, алтын медал алды. Вера Москалюк болсо америкалык Кайле Харрисонго уттуруп, мелдештен чыгып калды.

Путин Британияга жети жыл мурда иш сапары менен келген. Орусия менен Британиянын мамилеси акыркы жылдары Ооганстандагы, Ирактагы, Ливиядагы кырдаалдардан улам салкындап кеткен эле.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG