"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.
Өзбекстандын колдоосу менен Баткенде 200 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу башталды. Тез курулуш ыкмасы менен салына турган имарат он күндө бүткөрүлүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздала турганы айтылууда.
Бишкек шаарында жана Чүй, Баткен облустарында вирус көп жайылып жатат. Статистика боюнча вирус жугузуп алгандар жана өлгөндөрдүн саны боюнча да акыркы учурда Баткен жана Бишкек алдыга чыкты.
Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.
5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу Баткенде өзү туулган айылында жерге берилди.
Баткендик азиз уста Исраил Темуровду аймакта тааныбаган айдоочу жокко эсе. Көзү көрбөгөнүнө карабай Кызыл-Бел айылындагы чакан устаканасында автоунаалардын түрүн оңдойт. Кайсы тетиги иштен чыкпасын эбин таап, келген кардардын көйгөйүн чечип берет.
Шайлоочулардын көпчүлүгү жарышка чыккан партиялардын платформасына кызыкканы байкалбайт.
«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Ал эми талапкер Сайдолимжон Жураев мечитте шайлоо жараянынан мурда сүйлөгөнүн айтты.
Кадамжайдын Өзбекстан менен чектешкен Кыргыз-Кыштак айылында суу тартыштыгы быйыл күч алды. Айылдыктар суунун жоктугунан эгин айдабай, бактарына да 35-40 күндө араң суу жеткирип жатат.
Пандемияда түзүлгөн кырдаал айрымдарды жумушсуз калтырса, кээ бирөөлөрдү жаңыча изденип, жаңы идеяларды ишке ашырууга түрттү.
Кыргыз-тажик чек арасында 6-август күнү эртең менен жана кечке маал эки ирет ок атылды.
Баткендеги Ак-Турпак айыл аймагы жайгашкан Бүргөндү массивинде 9 миң гектар дың жерди өздөштүрүү аракети башталды. Келечекте бул жерге түшө турган эки шаарчанын курулуш долбоору да даяр.
Баткендин тоо арасындагы Кыштут айылында пандемия учурунда жай турмуш кадимкидей уланып жатат.
Баткердик багбандар быйылкы пандемия шартында өрүктүн баасы кеткен чыгымды жаап, эмгегибиз акталабы деп түйшөлүп турушат.
Тажикстан менен чектешкен Лейлек районундагы суусуз жаткан 60 гектар жерге 50 миңдей көчөт тигип, чек араны бак менен бекемдөөнү колго алган багбан келечекте райондун экономикасын көтөрүүнү көздөйт.
Лейлек жана Баткен райондорунда 12-июлда жүргөн сел бир канча үйдүн короо-жайын каптады. Катуу жааган жамгыр Лейлек районунун Исфана шаарынын, Тогуз-Булак айылынын, Баткен районунун Кыштут айылынын жашоочуларына зыян алып келди.
Лейлек районунун алыскы тоо арасындагы Өзгөрүш айылында мектепти мындан он жыл мурда аяктагандар демилге көтөрүп, 10 чакырым ички жолду оңдоп жатышат. Пандемия учурунда акчаны туш келди чачпай, айылга пайдалуу иш кылалы деген жаштарды ишкерлер менен жергиликтүү бийлик да колдоого алган.
25 жыл мурда миграцияда жүрүп, топтогон тыйынына иш баштаган баткендик Акбарали Жороевдин азыр чарбасы кеңейген. Жаңы ыкмаларды улам издеген ишкер сүт багытындагы уйларды багып, кирешени арбытуу үчүн биогаз да өндүрө баштаптыр.
Эски-Таш аймагындагы окуяда октон жараат алганы айтылган кыргызстандыктан абалы туруктуу.
Дагы жүктөңүз