"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Эски-Таш аймагындагы окуяда октон жараат алганы айтылган кыргызстандыктан абалы туруктуу.
Чечме айылынын чегинде булактан чыккан талашты эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери жолугуп талкуулады.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы эки өлкөнүн жарандарынын жаңжалына себеп болду.
31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.
Баткендин алыскы тоолуу Кайыңды айылында дыйкандар өгүз таптап, жер айдоого салышат. Айылдагы жалгыз трактордун көзүн карабай, ар кандай жер шартына өгүз ыңгайлуу. Жаз жарышта айылдагы ар бир экинчи үй эски ыкма менен жер айдайт.
Баткенде 20 жылдан бери ишин токтотпой келген «Салам» радиосу түптөлгөндөн бери иштеп, журналистикада, маданиятта, ишкердикте өзүн көрсөтө алган Улукбүбү Амирова 42 жашында капилеттен инсульт оорусуна чалдыгып, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз өкмөтү 8-майда чыр чыккан жердин макамы аныкталып, бир жактуу тааныла элек экенин айтууда.
8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор, Бишкектен дарылоо үчүн аскердик учак менен жеткирилди. Эки аскердин абалы орто. Жаңжал орун алган Көк-Таш айылында абал туруктуу.
Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор.
Кыргызстан менен Тажикстандын алты жараны жараат алып, ооруканага түштү.
Чек ара такталганы менен айрым айылдарда жергиликтүү маселелер чечилбей, талаш жаратып келет.
2-май күнү Лейлек районунун бир топ аймактарында мөндүр аралаш катуу жамгыр жаап, сел жүрдү. Топон суу бир топ короолорду, үйлөрдү басып, райондогу беш айыл таза суусуз калды.
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү.
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын Восточная көчөсүнүн боюндагы турак үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү суу каптаганы кабарланды.
Баткенде жаз алды менен 48 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин айдоо пландалган. Учурда айдап-себүү иштеринин 95 пайызы аткарылды.
Кадамжайдын Өзбекстан менен чектеш Алга айылынын тургуну Махмутали Темиров былтыр бир миллион сомдой сарптап, 12 сотых жерге күнөскана курган.
Кадамжайдын тоо арасындагы Шыбыран айылында айдоо жери тартыш, жумуш жок. Бирок айылдыктар кол куушуруп отуруп калбай бош убактысында камыш токушат. Жергиликтүү эл аны "чий" деп атап алышкан. Жоондугу эле болбосо, камыштын кадимки чийден айырмасы жок. Кийиз кылганга да жарайт.
9-10-апрель күндөрү кар жаап, үшүк жүргөнү дыйкандарды бир топ чыгымга учуратты. Эрте айдалган жазгы эгиндер жана гүлүн төгүп, мөмө байлап калган бактарды үшүк алып, чыгымдарды эсептөө боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлдү.
Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өткөн жумада коронавируска байланыштуу «Айгүл тоо» коругуна туристтер киргизбөө тууралуу буйрукка койду. Бул чечим элдин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынганы кабарланды.
Дагы жүктөңүз